Николай Валуев, бокс боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону, Мамлекеттик Думанын депутаты: «МАНДАТТАН ЭМЕС, ЧЕМПИОНДУК КУРДАН АЙРЫЛУУ АЛДА КАНЧА ЫЗАЛУУ»

11-октябрь күнү Бишкекте атактуу орусиялык мушкер, бокс боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын учурдагы депутаты Николай Валуев чыгармачылык кечесин өткөрдү. Чогулган күйөрмандарына ал 2 сааттан ашык убакыт өзүнүн спорт жаатындагы ийгиликтери, жашоодогу жетишкендиктери, кандай жол менен атактуу болгону тууралуу кенен айтып берди. Ошондой эле биздин бир катар суроолорубузга жооп бергенге да үлгүрдү.

Аты-жөнү – Валуев Николай Сергеевич
Жашы – 41де
Туулган жери – Орусия, Санкт-Петербург шаары
Бою – 213 сантиметр
Салмагы – 150 килограмм
Спорттук карьерасы – профессионалдык бокс менен 1993-жылдан 2009-жылга чейин алектенген
Жетишкендиктери – 16 жылдык спорттук карьерасында жалпысынан расмий 52 беттеш өткөрүп, анын 50сүн жеңип, экөөндө утулган. WBA версиясы боюнча оор салмактагы Дүйнө чемпиону (2005-2007-жылдар, 2008-2009-жылдар), 2011-жылдан тарта «Единая Россия» партиясынын атынан Думанын VI чакырылышынын депутаты
Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар

«МЕНИН ҮЙ-БҮЛӨМ – ЖАШООМДОГУ ЭҢ БАШКЫ ЖЕҢИШИМ»
«Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши» дегендей, Николай Валуев менен маектешип отуруп анын жөнөкөйлүгүн байкадым. «Орусиялык гигант», «Чыгыштан чыккан жырткыч» деген каймана аттары менен белгилүү болгон мушкер ак көңүл, эл менен бат тил табыша алган мүнөзгө ээ экен. Кечедеги Валуевдин кызыктуу делген маектерине кыскача токтолсок.

«Бокс спортуна 20 жашымда келип, жарым жылдын ичинде 15 беттеш өткөрүп, спорт чеберлигине жеткем».

«Боксто мыкты деңгээлге жетүү үчүн жалпысынан 12 жыл керектелди. Бул узак убакыт. 2005-жылы WBA версиясы боюнча чемпиондук үчүн беттеште Жон Руисти жеңип, бокс тарыхында бою эң узун жана салмагы эң оор чемпион аталдым».

«Мен Орусиядан чыккан алгачкы оор салмактагы чемпионмун. Убагы келгенде неберелериме жаш кезимде кандай кыйын болгонумду айтып берем».

«Турникке тартынуу мен үчүн башынан эле оор болчу. Спорт менен машыгып жүргөн кезде деле ашып кетсе 12 жолу тартынчумун».

«Өзүм тууралуу анекдотторду түшүнүү менен кабыл алам. Бул да болсо менин элдин назарында экенимди билдирет».

«Бул дүйнөгө эмне бердим? Менин тукумумду улаган балдарымды бердим деп ойлойм».

«Тамак жасаганды жакшы көрөм. Бирок буга эч эле убактым жетишпейт. Жакшы көргөн тамактарымдын бири – хоровацты кээде жасайм».

«Менин үй-бүлөм – жашоомдогу эң башкы жеңишим».

«Бокс секциясына келгенде алгачкы жолу Мухаммед Алинин Вьетнамга согушка баруудан баш тартып, түрмөгө камалып жатканы тууралуу уктум. Ал мушкердин беттештери гана эмес, бүтүндөй өлкөгө каршы тура алгандыгына таасирленгем. Мен аны ошондон тарта урматтайм. Алини улуу мушкер эле эмес, залкар саясатчы деп да билем».

«УЛАМ АЛДЫБЫЗДАН ЧЫГЫП, СЕЛФИ КЫЛЫШЫП...»
Чемпион кеченин соңунда көрүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, күйөрмандар менен сүрөткө түшүүнү унуткан жок. Биз да куру калбай сүрөткө түшүп, бир катар суроолорго жооп алганга үлгүрдүк:

– Куш келиптирсиз Кыргызстанга! Биздин өлкөгө биринчи жолу келдиңиз окшойт?
– Чоң рахмат! Ооба, Кыргызстанга алгачкы жолу келишим.

– Борбор шаарыбызды кыдырганга үлгүрдүңүзбү? Бишкек кандай таасир калтырды?
– Ачыгын айтайын, убакыттын тардыгынан улам Бишкек шаарын атайын кыдырууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бүгүн борбордук аянтта шаардын күнү белгиленип, майрам болуп жатканы тууралуу кабарым бар. Мен көп чоң шаарларда болгом, алардын жашоочуларынын баары бир жакка шашып эле жүрүшөт. Ал эми Бишкекте андай эмес экен. Кыргызстанга дагы бир келип, айтылуу Ысык-Көлдө эс алып кетсем деген тилегим бар.

– Көчөдө сизди тааныгандар болбой койбосо керек?
– Бүгүн түштө театрды көздөй жөө сейилдеп бардык. Мени тааныбагандарын ошондо көрө бергиле! Он чакты адам жаныбыздан чыкпай, биз менен чогуу басып алышты. Улам-улам алдыга чыгып, мени менен селфи кылып коюшат. Акыры аларды кечебизге чакырып жатып кутулдук окшойт. Мени көчөдөн көргөндөрдө алгач «бул чын эле Валуевби?» деген суроо туулду көрүнөт. Андан кийин «бул Бишкекте эмне кылып жүрөт?» деген суроо.

– Чыгармачылык кечеңизди Бишкекте өткөрүүгө эмне түрткү болду?
– Жөн гана өзүмдүн басып өткөн жолум тууралуу эл менен бөлүшкүм келди. Көрүүчүлөр мени угабы, мына ушул мага кызык болду.

– Сиз үчүн чемпион болуу кыйынга турдубу же Мамлекеттик Думанын депутаты болуубу?
– Мен Думага кандайча келип калганымды түшүнөм. Албетте, спорттун арты менен. Менин атым спортто таанылды да. Ошондуктан жашоомдо бокс чоң роль ойноду. Бокс болбосо бул даражага жетүү мүмкүн болмок эмес. Ал эми чемпион болуу үчүн канчалаган машыгуулар, тер, күч кетти. Албетте, чемпион болуу мен үчүн кыйынга турду. Депутаттык мандаттан эмес, чемпиондук курдан айрылуу алда канча ызалуу болуш керек.

– Бокс жаатында суроо бербесем болбос. Жарым орто салмактагы Дүйнө чемпиону Флойд Мейвезер менен анын эзелки атаандашы Мэнни Пакьяонун ортосунда беттеш орун алса, кимиси жеңишке жетет деп ойлойсуз? Дегеле бул мушкерлер тууралуу пикириңиз кандай?
– Бул эки мушкер учурда дүйнөнүн эң мыкты мушкерлери. Экөөндө тең мыкты техника, сокку жана чапчаңдык бар. Бирок жеңилбес Флойд Мейвезер жеңилбей туруп спорттон кетсе экен дейм. Ал ошондо бүтүндөй боксту жеңген болот. Себеби 50гө жакын беттеш өткөрүп, анын биринде да жеңилбесе, ал чыныгы бокс падышасы атка конот. Андыктан Флойдго ийгилик гана каалайм.

– Жоопторуңузга чоң рахмат!

Кечеден соң күйөрмандары менен жолугушту.

Спорттук карьерасынан бир элес. «Орусиялык гигант» Дэвид Хэйге каршы.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
fea1990
2014-10-20 16:37:21
Озбекистандык Руслан Чагаевге женилип калган беле?
+1
zara-919
2014-10-26 09:26:41
оова, Р. Чагаевден жеңилген. бирок Р. Чагаев А. Раимкулов мн беттешүүдөн баш тарткан деп укканым бар...
0
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан