Назира Жетигенова: “ОБУ ЖОК КЫЗГАНЧААК ЭМЕСМИН”

Бойдоктор бурчу

Кыздар жашында куурчак ойношсо, Назира балдар менен чүкө ойночу, кыздар актриса болгусу келсе, ал маскарапоз болом дечү. Арадан жылдар өттү. Тентектиги жанда жок Назира жылдыздуу айым болду. Курбуларынан канчалык айырмаланбасын табиятында аялзаты болгон соң ал да кыргыздын эр көкүрөк мырзасынын татыктуу жары болгусу келет.

Анкетасы:
Жашы – 35
Бою – 164
Туулган күнү, айы, жылы – 24.04.1974

Жылдыз белгиси – Букачар
Окуган жери – Медучилищени бүтпөй калган
Ким болгусу келчү – Маскарапоз, актриса
Ким болду – Куудул
Бош учурда эмне иштер менен алектенет – Орус, өзбек куудулдарынын дисктерин көрөт
Көп колдонгон сөзү – Жакшы-ыы деп созуп коймою бар
Жактырган киносу – “И всё-таки люблю”
Жакшы жасаган тамагы – Оромо, фунчёза

– Назира эже, сиз күйөө менен да жашап көрдүңүз, азыр жалгыз бойсуз, айтыңызчы, кайсынысы жакшы экен, күйөө менен жашаганбы же жалгыз бой жашаганбы?
– Мен эрте турмушка чыккам. 16 жаш 10 айымда эле күйөөгө чыгып алып, 4 жыл гана жашадым. Анан 15 жылдан бери жалгыз бой келатам. Шоу-бизнесте жүргөн адамдын үйдөн эрте кетип, кеч келмейи көп болот. Бул жагынан алсам, бой жүргөнүм эле ыңгайлуу.
– «Эркектин жүрөгүнө жол ашказан аркылуу кетет» дейт. Ашканада кандай кожойкесиз?
– Кыздарым чоңойгуча, шоу-бизнеске аралашкыча ашканада өзүм эле жүрчүмүн. Азыр эми эки кызым чоңоюп, ашканага мени аралаштырбай калышты. Убакыт болгондо, көңүл келгенде даамдуу тамактарды жасап, аларды бир кубантып коём.
– Кызганчааксызбы?
– Обу жок кызганчаак эмесмин. Күйөө менен жашадым, жигит менен деле жүрдүм дегендей. Бирөөлөрдүн кебине ээрчип, кызганычтан чатак чыгарган жан эмесмин. Көз менен көрүп калсам, анда айла жок.
– Эгер тандоо мүмкүнчүлүгү болсо, колунан иш келген жигитти тандаар белеңиз же бутуна туруп калган, жашы да улгайган мырзаныбы?
– Өзүмдөн көп жаш улуу мырзалар менен мамиле түзүп көргөн эмесмин. Тескерисинче, мага негедир өзүмдөн кичүү жигиттер көп тийишип, тартылышат. Ошентсе да олуттуу мамиле түзүп, үй-бүлө куруу маселесине келсек, мен токтолуп, турмуштун ачуу-таттуусун көрүп калган улуу адамды тандамакмын.
– Кандай мырзалар жакпайт?
– Мактанчаак, өзүнө тың эмес, калпты көп айткан, сөзүнө турбаган эркектерден аллергиям бар.
– Кантип эс аласыз?
– Жайбы, кышпы бассейнге барып чарчагыча сүзүп, дискотекага барып, суй жыгылгыча бийлеп эс алганды жактырам.
– Көзүңүзгө, жүзүңүзгө, келбетиңизге кантип кам көрөсүз?
– Диета деген нерсенин эмне экенин деле билчү эмесмин. Болгону, цирктеги долбоорго катышканымда, кечки саат алтыдан кийин тамак жебей жүрдүм. Косметиканын кымбатын, модасын кубалабайм деле. Атүгүл көчөгө эч кандай макияжсыз чыга берем. Кудай берген жүзүм бар, анын эмнесинен тартынмак элем.
– Ыйык Валентин күнү сиз үчүн...
– Башкалардан эч кандай айырмаланбаган кадимки күн. Бул нерсе, балким, азыр мен сүйгөн, мени сүйгөн адамдын горизонтто жоктугунандыр.
– Бүлөдө башкаруу ким тарапта болушу керек?
– Башкаруу сөзсүз эле эркекте же аялда эмес, кимдин колунан келсе, ошондо болушу керек.
– Аял башкарган үйдүн куту кетет деп коюшат. Сиз кандай пикирдесиз?
– Биздин кээ бир кептер бар го. “Артисттен аял алба, шоопурду күйөөм дебе” деген өңдүү. Бул кепти деле ошондой эле деңгээлде кабыл алам. Мына азыр көп тойлорго тамадалык кылып жатпаймынбы. 60, 50 жылдык юбилей өткөргөн ынтымактуу, кадыр-барктуу түгөйлөр көп. Ошолорду байкап карасам, жалаң эле аялдары башкарганы көрүнүп турат. Алардын үйлөрүнүн куту кетпей эле, тескерисинче, абройлуу болуп жатышпайбы.
Сахнада дайыма күлүп, бирөөлөргө тийишип, тамашалап жүрө турган бул айымдын жашоодо кандай адам экенине кызыккандар көп. Назира эжекебиз жашоодо да абдан кызыктуу инсан. Таанышкысы келгендер төмөнкү дарекке кат жазышса болот. arizan74@mail.ru

Шаиста Шатманова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 368, 20-26-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан