Өлкөдө бензиндин кымбатташы качан токтойт? Мындай суроо азыркы тапта ар бир кыргызстандык айдоочунун оюнда турат. Өткөн аптанын аягында күйүүчү майдын баасы дагы 1 сомго көтөрүлүп, анын эң арзаны Аи-80 42 сомго, эң кымбаты Аи-98 56 сомго чамалап калды. Ошентип, акыркы бир ай ичинде эле бензиндин баасы 5 сомго чейин көтөрүлдү.
«Октябрь айынын ичинде Аи-80 маркасы дагы 1 сомго кымбаттайт»,- деди кыргыз күйүүчү май рыногунда монополист болуп саналган «Газпром нефть Азия» ЖЧКсынын өкүлү Арзымат Алдаяров. Анын айтымында, учурда компания Аи-80 жана Аи-92 маркасындагы бензинди сатууда ансыз деле 4 сомго чейин зыян тартып иштеп жатат. «Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы орточо
49 сом 90 тыйындын деңгээлинде кармалууда. Орусияда да ушундай эле баа. Биздин өлкө нефть продуктусун сырттан ташып келет, андыктан азыркы кырдаал эң жаманы эмес»,- дейт А.Алдаяров. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги «бензиндин баасынын кымбаттоосу тышкы факторго байланыштуу» деген билдирүү таратты. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Куловдун айтымында, учурда доллардын курсу жогорулап жаткандыгына байланыштуу бензиндин арзандашын күтпөй эле койсо болот.
14-октябрда Бишкек шаарында күйүүчү май баасынын кымбаттоосуна каршы нааразычылык акциясы болуп өттү. Жаш активисттердин акциясы шаар ичинде унаа жүрүшү менен уланып, айдоочуларга «Мен бензиндин кымбатташына каршымын!» деген баракчалар таратылды. Жүрүш Өкмөт үйүнүн жанынан аяктады. Ал эми өкмөт өкүлдөрүнүн билдиргенине таянсак, Кыргызстанда күйүүчү май ноябрдан тарта арзандай баштайт.
Наргиза Бекжанова,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg