Кыргызстанда быйыл төө буурчактын баасы арзан экендиги дыйкандарды бушайманга салууда. Алсак, быйыл өлкө боюнча 59 миң гектар жерге төө буурчак айдалган. Анын 56 миң гектары Талас облусунда. Маалыматтарга караганда, бул былтыркы жылга салыштырмалуу
10 миң гектарга көп. Адистердин айтымында, былтыр бир катар өлкөлөрдө кургакчылык болуп, төө буурчактын аз жыйналышы түшүмдү мол жыйнаган кыргыз дыйкандарына жакшы пайда алып келген. Бирок бул жылы өлкөбүздөгү кургакчылык жана эрте түшкөн үшүк түшүмдүн аз болушуна, сапатынын начарлашына себеп болду. Буга кошул-ташыл дыйкандар төө буурчактын баасы 60-80 сомдун гана тегерегинде болуп жатканына нааразы. Былтыркы жылы ушул убакта анын баасы 100-115 сомду чапчып турган. Баанын төмөндөшүн былтыркыга салыштырмалуу чет элдик кардарлардын аз келип жаткандыгына да байланыштырышууда. Өткөн жылы төө буурчакты сатып алуу менен 68 фирма иш алып барса, быйыл алардын саны 22ге кыскарган.
Буга чейин бир-эки фирма монополистке айланып, калган кардарларды киргизбей коюу менен бааны жасалма түрдө арзандатып келгендигинен кабардар болгон эл «бул жолу да ошондой болуп жаткан жокпу?» деген бүдөмүк ойго жетеленүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Элмира Жумалиева: «Айрым аткаминерлер буурчак сатуу ишинин башында туруп, башка компанияларды Таласка киргизбей жатканы жөнүндө айтылып жатат. Өкмөт бул маселени тезинен чечиши керек. Төө буурчактан пайда табабыз деген ойдо насыя алган жергиликтүү дыйкандар жабыр тартышууда»,- деди.
Наргиза Бекжанова,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg