ТАШБАЕВ АБАКТАН ЧЫГЫП, АЖЫЛЫККА БАРЫП КЕЛДИ

Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигинин экс-директору Учкунбек Ташбаевдин ажылык зыяратка барып келгени белгилүү болду. Маалыматты Учкунбек Ташбаев өзү да тастыктады.
У.Ташбаев 2012-жылдын 30-ноябрында кен иштетүүчү лицензияны чет элдик компанияларга берүүдө «кызматтык абалынан пайдаланган» деп шектелип, УКМК тарабынан камакка алынган эле. 2014-жылдын июнь айында У.Ташбаев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «шалаакылык» беренелери боюнча айыптуу деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Жаза мөөнөтү 2012-жылдын 30-ноябрынан тартып бир күнү үч күн деп эсептелинип, 12-август күнү УКМКнын СИЗОсунан жатак-абакка которулган.

Наргиза Бекжанова,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
aigulai
2014-10-20 10:20:47
Азамат, кудай жолуна тушот деген ушул, бирде жигит жоо журот деп койот го,к оп эле кайгыра бербе
0
edu.kg
2014-10-20 12:35:05
Жеп жутаарлар качан эле камалчыле кайра жеш учун бошотушат аларды. Жейбергиле кыргыз жеринин эч жери кемибейт силер учун.
+2
RNA78
2014-10-20 16:59:22
5 жыл аз эмеспи??? Менин таанышым жалган жалаа менен 4 кой уурдады деп 7 жылга кесилип кетти...
+3
fanatkg
2014-10-20 18:23:47
кандайча 1кун, 3кун деп эсептелет? Ошондо 2жылга эле камалыптыр да туурабы?
0
s.k.bakyt
2014-10-21 04:57:36
эми кайра чон болуп жеп ичкенге даярдап чыгарып ийишкен турбайбы. биздин соттор бироосу куноосун так далилдеп туура окум чыгарса. бироосу эч кимден коркпой актап жактап жумшартып чечим чыгара берет. кылмышкерди куноосу далилденсе эзип турмодон гана тарбия бериш керек
+14
Dadasdasd
2014-10-22 23:26:40
Ажыга барса барыптыр да эмне кылмышкер барбасын деген жери барбы?
-12
bossmos7
2014-10-23 15:08:41
Dadasdasd, Барбасын дебейт.Бирок Элди тоногон кылмышкер!
+6
zman53
2014-10-24 11:46:22
Муфтият ажылыка жиберерден мурун ар-бир адамдын адамкерчилигин,тазалыгын жана кайрымдуулугун карап чыкса жакшы болмок.Ажы деген бул ыйык адам болуш керек.
0
Boldukan86
2014-10-25 00:42:21
ажы парыз парызын аткарыптыр эмне болуптур. эми жетим жесирлерге да жардам берсин.
0
sarishka
2014-10-26 04:59:21
bul jigit ubaginda abdan jakshi jegen bezh kolun malip alip,bul kaira ele jeit kongon adat kalmak bele bul emi kizmatka barsa besh ese kilip jeit mundailar kudaidan korkpoit ajiga emes kudaiga jolugup kelsedagi korkushpait jegenden antkeni konup kalishat jep jurup
0
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан