БИР БҮРКҮМ

  • Орусиянын Новосибирск шаарында бажы кызматкерлери тарабынан Кыргызстандан барган «CHANEL» бренди чапталган 60 миң даана жасалма сумкалардын партиясы тартылып алынды.
  • Кыргызстанда быйылкы жылдын 9 айынын ичинде өрт КЫРСЫГЫНАН 59 киши, анын ичинде 3 жаш бала каза болду.
  • Бишкек ШИИББинин жетекчиси болуп КАШКАР ЖУНУШАЛИЕВ дайындалды.
  • Медициналык илимдердин кандидаты Асел Боржубаеванын айтымында, өлкөдө 30 жаштан өткөн адамдардын 14 пайызынын өлүмү ТАМЕКИ ТАРТУУГА байланыштуу.
  • Өлкөдө 8 ай ичинде 923 наристе АСЫРООГО алынып, жыл башынан бери 12 кыргызстандык жаш баланы чет өлкөлүктөр багып алды.
  • Бишкектин мэри КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ: «2014-жылдын 9 айы ичинде шаар ичинде 8 миңге жакын жолбун жаныбарлар кармалып жана атылган»,- деп айтты.
  • Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы квотасындагы Саламаттыкты сактоо министрлигине акыркы 20 жылдан бери Түркияда иштеп келе жаткан кардиолог ТАЛАНТБЕК БАТЫРАЛИЕВДИН талапкерлигин көрсөтмөй болууда.
  • Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүн оңдоодо 91 ДАРАК КЫЙЫЛДЫ.

Наргиза Бекжанова,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nuriss
2014-10-23 17:12:24
Мен да бала багып алайын дегем кантип багып алсак болот мен кыргызстандын жараны эмесмин мага сиздердин жардамыздар керек
0
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан