КЫРГЫЗ-КАЗАК АЙТЫШЫНДА ДОСТУК ЖЕҢДИ

Залкар акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата 14-15-октябрь күндөрү Улуттук филармонияда 9-эл аралык кыргыз-казак айтышы болуп өттү. Байге куржуну 3 миллион сомду чапчып, айтышка Кыргызстандан 8, Казакстандан 8 төкмө акын ат салышты. Калыстар тобу кыргыздын кеменгерлигине салып кош байге берүүнү чечишиптир. 3-орунду Амантай Кутманалиев менен казак акыны Сейит Калиев
(150 000 сом), 2-орунду Жеңишбек Жумакадыр менен Нурмат Мансуров (250 000 сом), 1-орунду Аалы Туткучев менен Айбек Калиев
(400 000 сом) алышса, баш байгеге алп акындар Элмирбек Иманалиев менен Балгынбек Имашев (500 000 сом) татышты.
Баш байгеге ат салышып жаткан Элмирбек Иманалиев менен Балгынбек Имашевдин бүйүр кызыткан айтышына тойбой калган көрөрмандар сүрөөнгө алып, калыстарга убакыт кошуусун суранышып, тура калып кол чаап да жиберишти.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
buduz-80
2014-10-20 11:34:44
видеосун жуктоп койбойсуздарбы
0
jigit.85
2014-10-20 12:53:32
Саламатсызбы админ,бул акындардын айтышын качан киргизесиздер эми?
0
admin_superstan
2014-10-20 13:03:47
jigit.85, саламатсызбы!
Колубузга тийип калса, жүктөөгө аракет кылабыз.
0
sergo
2014-10-21 01:20:29
Админ кечиресиздер ушул жерге жазганыма нон стоп дуети кайда жазып койосуздарбы
0
admin_superstan
2014-10-21 09:54:04
sergo, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Эсибизде болот.
0
Мэри
2014-10-22 12:35:39
Ушул айтышты ЭлТРден берди. Жакшы айтыш болуптур, баары бир эле биздин акындар мыкты.
Анан кайсы айтыш болсо да Мирлан (Самыйкожо) убакытты чектей берет да, убактыңар бүттү, аны-муну деп.Жаңы эле кызып баштаганда токтотуп.Ушул жакпайт да мага...
0
Мэри
2014-10-22 12:42:30
Аларга кеңири убакыт берсе жакшы болмок, ал үчүн катышуучулардын санын кыскартып же 2 күн эмес, 3-4 күнгө ылайыкташса болот беле... Кыскасы, бол-бол деп шаштырганда, акын эмнени айтат, эч нерсеге жетишпейт го...
+1
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан