ӨЛКӨДӨН ЖЫЛЫНА 50 ТОННАДАН АШЫК МЕДИЦИНАЛЫК ТАШТАНДЫ ЧЫГАТ. АЛАР КАЙДА БАРАТ?

Кыргызстан боюнча 2 миңден ашык медициналык мекеме бар. Алардан чыккан таштандылар, мисалы, шприцтер, аборттон чыккан түйүлдүктөр, сактоо мөөнөтү бүткөн дары-дармектер кайда барат? Макала ушул жаатта болмокчу.

«ҮЙДӨН ЧЫККАН ИЙНЕЛЕРДИ МЕДИЦИНАЛЫК МЕКЕМЕЛЕРГЕ ӨТКӨРҮҮ КЕРЕК»
Маектешибиз Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн жетекчиси ВЕНЕРА МАЙТЫЕВА болду:

– Венера айым, Кыргызстан боюнча учурда канча медициналык мекеме бар? Алардан 1 күндө же 1 жылда канча медициналык таштанды чыгат?
– Медициналык мекемелердин мамлекеттик оорукана, жеке клиника, поликлиника, фельдшердик-акушердик түйүн, санаторийлер болуп жалпы саны 2070. 2007-жылы Кыргызстан боюнча 44 тоннадай медициналык таштанды чыкса, азыр алардын көлөмү 1 жылда 50 тоннадан ашат.

– Мынча таштанды кайда төгүлөт?
– Учурда республикадагы ири ооруканалар менен үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 230дан ашык автоклав бар. Автоклав – бул медициналык таштандыларды, мейли ал шприц, кол кап, шейшеп болобу, баарын ысык буу менен зыянсыздандырып, оору козгогучтардан арылтуучу аппарат. Ага салуудан мурда таштандылар жер-жеринде сорттолот. Мисалы, шприцтердин темир башы кыркылып, атайын идишке, желим жагы башка идишке салынат. Автоклавдан чыккандан кийин тампон, кол кап, шейшеп сыяктуулар тиричилик таштандыларына кошулат.
Шприцтердин желим жагы желим буюмдарды жасоочу мекемелерге өткөрүлөт. Алар гүл отургузуучу идиштерди, дагараларды жасашат. Ийнелери болсо медициналык мекемелердин өзүндө атайын чуңкур болот, ошолорго ыргытылат. Же атайын идишке чогултулуп, толгондо бети бетондолуп, анан жалпы таштандыга кетет. Кээ бир мекемелерден чыккандары келишим боюнча металл катары кайра иштетүүгө кетиши мүмкүн.

– Чакан мекемелерден чыккандары кайда ташылат?
– Зыяндуу таштандыларды ташый турган 2 машина бар. Бири Бишкекте, бири Ошто. Алар таштандыны автоклавы бар жерге ташышат.

– Автоклав жогу аз келгенсип, андай машина жетпеген жерлердечи?
– Андай жерлерде сорттолгон таштандылар курамында хлор бар суюк каражатка салынып зыянсыздандырылат.

– Андай болсо шаардык таштанды төгүүчү жайда жолуккан дарылар, шприцтер, кээде табылып калган түйүлдүктөр кайдан чыгып жатат?
– Алар жеке үйлөрдөн, анан кээ бир жоопкерчиликти сезбеген жеке медициналык мекемелерден чыккандар болушу мүмкүн.

– Үйдөн чыккан шприцтерди кайда алып баруу керек? Кээде таштандыдан балдар таап алып ойноп жүргөнүн көрөбүз.
– Үйдөн ийне саюуга тыюу салынат, ага карабастан сайышат. Колдонулган шприцтерди жакын жайгашкан медициналык мекемелерге алпарса, алар алууга тийиш.

«АР БИР ООРУКАНАНЫН ӨЗҮНҮН «МҮРЗӨСҮ» БАР. КЕСИЛГЕН КОЛ-БУТ, ТҮЙҮЛДҮКТӨР ОШОЛ ЖЕРГЕ КӨМҮЛӨТ»
– Эми патолог-анатомиялык (орган, ткань ж.б.) таштандыларга келели. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2013-жылы өлкөдө 21 миң 673 аборт жасалган. Алардан чыккан түйүлдүктөр кайсы жактан жай табат?
– Алардын баары жана операцияда кесилген ичеги-карын, бут-колдор да ооруканалардын, жеке клиникалардын өзүндөгү бетондолгон чуңкурларына (Беккари чуңкуру) ыргытылат. Үстүнө зыянсыздандыруучу каражат чачылат. Кээ бир ооруканаларда аларды оозу бекем бекилүүчү баштыкка салып, үстүнө формалин куюшуп, анан аны контейнерге салышып, топтоп, шаардык өлүкканага алпарышат. Ал жерден топтоп алып барышып мүрзөлөргө көмүшөт.
Кан-жиндер зыянсыздандырылгандан кийин канализацияга куюлат.

– Сактоо мөөнөтү өткөн дары-дармектер кайда кетет?
– Атайын комиссия түзүлүп, алар жок кылуу процессин көзөмөлдөшөт. Мисалы, сууда эрий турган дары-дармектер талкаланып, сууга эзилип, анан канализацияга куюлат. Сууда эрибей тургандары – дары чөптөр жана дары майлар өрттөлөт (Бишкекте Жылуулук-электр борборунда, аймактарда айылдан 1 чакырым алыстыкта). Ампулалар жарылып, андагы жана флакондогу дары суюктуктар канализацияга төгүлөт. Сырттары жалпы таштандыга кетет.

– Ичинде сымап бар термометр жана курамында сымап буусу бар электр энергиясын үнөмдөөчү лампалар (люминесценттик лампа) кандай жол менен зыянсыздандырылат?
– Мына ушул маселе азырынча чечилбей турат. Жакын аралыкта андай термометрлерди башка түрдөгүсүнө алмаштыруу пландалууда.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aksy-13
2014-10-21 23:53:15
апей мен ушулар жонундо такыр ойлонбоптурмун чын эле тан калыштууго каякка таштаары окуп оозум ачылды...
0
Doniko
2014-10-22 20:39:15
Таптакыр андай эмес коп жерлерде жерди казат да орттоп жиберет оз козум менен коргонмун
0
Ainura_kg85
2014-10-26 23:34:21
Аборт кылган туйулдукторду комуп коюшса жакшы болмок.
0
Misi
2014-11-03 18:07:35
коз менен корбогондон кийин ишенуу кыйын го.
0
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан