ОРУСИЯДАГЫ ВАЛЮТА КҮРӨШҮНҮН КЕДЕРГИСИ КЫРГЫЗСТАНГА ДА ТИЙҮҮДӨ

Бишкекте 17-октябрга карата доллардын курсу орточо көрсөткүч менен 55 сом 30 тыйынды түздү. Шаар ичинде сатып алуу 55 сом 30 тыйын болсо, сатуу 55 сом 45 тыйынга чыкты. Жалпысынан алганда жыл башынан бери доллардын баасы биздин өлкөдө 3,8 пайызга кымбаттады. Алсак, ушул жылдын январь айында 1 АКШ доллары 49,2 сомду түзүп жаткан. Кыргызстандагы мындай абалды экономисттер Орусияда доллардын кымбаттап жаткандыгына байланыштырышууда.
Алсак, доллар жана евронун курсу бул аптада Орусияда рекорддук деңгээлге көтөрүлдү. Жыл башында эле АКШ долларынын баасы 33 рублдун тегерегинде болуп келсе, учурда ал 41 рубль. Орус акчасынын долларга карата кунун жоготуусуна ар кандай геосаясий келишпестиктер жана нефти баасынын төмөндөшү себеп болгондугун адистер айтышууда. АКШ акчасынын биздеги жана Орусиядагы курсун алып караганда, стратегиялык өнөктөш болгон Кремлдин айрым көйгөйлөрү биздин сомубуздун арзандашына да таасир этип жатканы байкалат.
Чет мамлекеттен алынып келинүүчү керектүү товарлардын баасы доллар менен бычыларын эске алсак, жашообуз күндөн-күнгө кымбаттайт деп жыйынтык чыгарууга болот.

Наргиза Бекжанова,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Desmond
2014-10-21 00:01:39
Рубль тушуп эле жатат (((((
0
kalmir08
2014-10-21 02:56:39
Kyiratipsinar!
0
Ainura_kg85
2014-10-24 09:58:37
Элге кыйын болду
0
gogi55
2014-10-25 14:38:31
юаньга отсок жакшы боло беле доллардын ордуна
0
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан