ЧУУЛУУ КЫЛМЫШ ИШТЕРИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Коомдо ар кандай чуулуу кылмыштар, кырсыктар катталып келет. Резонанс жараткан опурталдуу окуяларга сот кандай чечим чыгарып, кайсы кылмыштардын бети ачылбай келет, иликтеп көрдүк.

ЖУСУПБЕККЕ КОРЕЯДА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ
Гезитибизге кыш айларында Жусупбек Акпарали уулу тууралуу жазганыбыз эсиңиздеби? Ал 2010-жылы болгон Ош окуясында аскердик кызматы учурунда Оштогу мунайзат базасын кайтарып жүргөндө бир нече ок жеген. Ок тийгени аз келгенсип, белгисиз бирөөлөр аны арматура менен да сайгылашкан.

Жусупбекке кабарлашып, учурдагы абалы жөнүндө сураганыбызда, ал азыр Кореяда экенин айтты.
– Таякем Италияда жүлүнгө операция жасатам деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чуркап жүргөн. Бирок Кыргызстандын Кореядагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Бишкекке келгенде өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго жолугуп, мени Кореяда дарылатууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн айтыптыр. Чогулган каражатты алып 1-октябрда Кореянын Инчхон шаарына учуп келдик. Темир менен сайганда оюлуп, анан 4 жыл бою жата берип ириңдеп, чирип баштаган жерлеримди дарылап жатышат. Кореяга келгени 2 операцияны башыман өткөрдүм. Кыргызстанда «жакшы эле» делген абалымды бул жакта өтө башкача кабыл алышты. Жаракаттарым таза сөөктөргө да залакасын тийгизип баштаптыр. Корей доктурлары алгач ден соолукту чыңдап, жүлүнгө жасалчу операцияга даярдаш керек дешти. Андан соң жүрөктүн алдына туруп калган окту да алышса керек. Азырынча операция канча каражатка жасаларын айтыша элек. Чамасы бекер дарыламак болуп жатышкан окшойт. Жергиликтүү телеканалдардын бири мен жөнүндө сюжет даярдап, сыналгыдан көрсөттү. Анда менин окуям толук камтылып, Кыргызстандагы революциялар жөнүндө да айтып өткөндөрү бар. Маселемди алгачкылардан болуп көтөрүп чыгып, коомчулукка жайылткан гезитиңиздерге жана мага кайдигер карабай жардам кылган дүйнөнүн бардык бурчундагы мекендештериме ыраазычылык билдирем.

ИИМ КАМИЛА ДҮЙШӨБАЕВАГА БАЙЛАНЫШТУУ ИШТИ СОҢУНА ЧЫГАРА АЛБАЙТ ӨҢДҮҮ...
Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында үйүнөн окууга барам деп чыгып кеткен Камила Дүйшөбаева дайынсыз жоголуп кеткен. Анын жоголушу боюнча социалдык түйүндөр аркылуу коомдо чоң уу-дуу жаралып, «Бишкекте маньяк чыгыптыр» деген суук кеп да тарап кеткен. Жоголгон Камила Дүйшөбаеванын жансыз денеси 6 күндөн соң Бишкекке жакын Байтик айылына бара жаткан жолдун четиндеги мүрзөдөн табылган. Он гүлүнүн бири ачыла элек 18 жашар кыздын өмүрүн кыйгандар кимдер экени дагы деле белгисиз. Бул суроого жооп алуу үчүн ИИМдин басма сөз кызматына кайрылып, «иликтөө иштери уланып жатат. Азырынча кылмыштын бети ачыла элек» деген жоопту алдык.


3 ЖАШАР КЫЗЫН ЗОРДУКТАГАН АТА 24 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ
2013-жылдын апрель айында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине денесинен жаракат алып зордукталган 3 жашар кыз тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул кылмышка шектелип наристенин атасы, 1984-жылы туулган Үсөн Сакатаев камакка алынган эле.
Белгилүү болгондой, Үсөн Сакатаев 24-апрель күнү Казакстандан келип, досу менен бирге спирт ичимдигин ичип отурган. Үйдө кандайдыр бир себептерден улам чыр-чатак чыгып, Сакатаевдин аялы кичүү кызын көтөрүп үйдөн качып чыккан. Андан кийин эмне болгону тууралуу кылмышка шектүү мас абалында 3 жашар кызын сооротом деп көтөрүп баратып үстүнөн баса жыгылганын, ошол себептен анын кабыргалары сынып, бети-башы сыйрылып кеткенин айткан. Бирок экспертизанын жыйынтыгында наристенин зордукталганы аныкталат. Тергөө иштери аяктаганы менен соту көпкө созулган. Ал тургай бир жолку сот отурумунда Сакатаев ала кирген лезвиеси менен өзүнүн кекиртегин кесип да жиберип, аны ошол жерден «Тез жардам» алып кеткен. Кийин доктурлар анын терисинен гана жаракат алганын айтып, ал тергөө абагына кайра киргизилген. Сотко төрагалык кылуучу Медин Жолдошалиев Сакатаевдин жактоочусу Азамат Булатовду сот ишин 10 айдан бери кечеңдеткендигине юридикалык баа берүү үчүн Адилет министрлигине кайрылган. Ал эми 2014-жылдын 26-июнунда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Үсөн Сакатаев Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен ден соолукка атайылап оор залал келтирүү), 129-беренесинин 4-бөлүмү (жаш кызды зордуктоо өтө оор кесепеттерге алып келгенде) менен күнөөлүү деп табылып, жалпысынан 24 жылга эркинен ажыратылды. Учурда ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өткөрүп жатат.

ӨЗҮН КОРГОЙМ ДЕП КИШИ ӨЛТҮРҮП АЛГАН КЫЗ ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА
Жакында эле, тактап айтканда, сентябрь айынын аягында борбор шаарыбызда дагы бир жагымсыз окуя катталган. Анда №39-мектептин ашканасына оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан 49 жаштагы Абды аттуу жаран өзүнө жардам берип жаткан 22 жаштагы кызды зордуктап салган. Күч колдонуп зордуктап, экинчи аракетин баштаганда кыз колуна илинген ашкана бычагын алып, өзүн зордуктаган адамды бир нече ирет сайып жиберип «Тез жардам» чакырган. Жабырлануучу «Тез жардам» менен ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган. Өзүн зордуктаган адамды өлтүрүп алган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну Кыял (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) аттуу кыз кармалып, өлтүргөнүн мойнуна алган. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын берген маалыматына караганда, алгач шектүүнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кийин бул берене 104-берененин 4-бөлүмүнө (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү. Эгер ушул жосундун аркасында байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе) алмаштырылып, тергөө иши улантылууда.
Учурда коомчулукта зордукчу өз жазасын алды, ал эми анын өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан кыз акталсын деген сөздөр көп орун алууда.

«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ
КОРГОНОМ ДЕП КАПЫСТАН АДАМ ӨЛТҮРҮП АЛДЫ. АЛ АДАМ КЫЛМЫШКЕРБИ?

Ызатаалы Мамыров:
– Атайын бир карасанатайлык ою бар үчүн адам адамга кол салат да. Ал эми өзүнүн өмүрү үчүн күрөшкөн кишиде күнөө жок. Адамды күнөөлөгөндөн мурда мыйзамдарды заманга жараша ылайыктап чыгышса болмок. Азыр эми кылмыш көбөйбөдүбү.

Мээрим Алмамбетова:
– Ооба, жакын арадагы өзүн-өзү коргойм деп зордуктаган адамды өлтүрүп алган кызга боорум ооруп жатат. Менин оюмча, ага жеңилдиктер берилип акталышы керек. Башка азабы деле жетиштүү.

Рысбек Райымбеков:
– Өзүн зордуктаган адамды ал кыз өлтүрүп салса туура эле. Зордукчу ошону көрмөк. Эгер ал жаракат гана алса, анда мурда кылган ишин кайрадан кыла бермек. Тескерисинче, бир кылмышкерге болсо да коом тазаланат.

Жаркын Абдыбекова:
– Мен өзүм юристмин. Эгер адам өзүн коргойм деп кокустан өлтүрүп алса жана анын зордукталганы экспертизадан аныкталса деле мыйзам боюнча киши өлтүргөн деп айыпталат. Эгер өлгөн адамдын жакындары тосмо арыз жазып берсе, ал шарттуу түрдө кесилиши мүмкүн.

Мырзабек уулу Урмат:
– Өзүн-өзү коргоп өлтүрүп алса акталышы керек. Атайын бирөөнү өлтүрүп же зордуктап коюп акталып кетип басып жүргөндөр канча? Кылмышкер деп атайын бирөөгө залал келтирген, бир максатты көздөп кылмыш кылган адамды айтат элем.

Замира Курманбекова:
– Илгери биз тоноптур, мал уурдаптыр дегендерди эле укчу элек. Азыр башка оор кылмыштар көбөйүп кетти. Ал эми өзүн-өзү коргоп, өзүнө кол салган адамды майып кылса, аны кылмышкер деп эсептебейм.

Алмазбек уулу Төлөндү:
– Ар бир адам мыйзамдын негизинде жазасын алыш керек. Бирок бизде мыйзам иштебейт да. Жеке менин оюмда өзүн-өзү коргоого алы келсе коргой берсин, акталып кетсе деле туура деп ойлойм.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
aibek123
2014-10-27 22:47:21
акталышы керек атоо ушуга окшогон зоокурлор кобойду бир кылмышкер болсо да азайыптыр расс эле кылыптыр
0
Desmond
2014-10-27 23:58:26
Жаркын Абдыбекова:
– Мен өзүм юристмин. Эгер адам өзүн коргойм деп кокустан өлтүрүп алса жана анын зордукталганы экспертизадан аныкталса деле мыйзам боюнча киши өлтүргөн деп айыпталат. Эгер өлгөн адамдын жакындары тосмо арыз жазып берсе, ал шарттуу түрдө кесилиши мүмкүн.

Сот болсон акча учун ар кимди камап жиберчуудой экенсин
0
mama.i.synochka
2014-10-28 12:31:54
Desmond, менин ойумча ал кыз законду гана айткан мн ошентмек элем деген жок. Мен да ал кыздын камалышына каршымын
0
arzumat
2014-10-28 01:17:58
байкуш кыздын ордуна озунорду койуп коргулочу.бааарынарды кудай сактасын.ошон учун бул кызд да акталыш керек. олгон киши оо дуйнодо сурагын берсин
0
Kroxa
2014-10-28 12:08:38
Акталса жакшы болмок..ал кызда олтуруп алам деген ой болбогон да..
0
Munar_6052
2014-10-28 22:35:59
Жаркын Абдыбекова ХХХ ХХХ тукумунан экен. Ошол иш озундун башына тушкондо эмне деп чырылдайт элен?
0
admin_superstan
2014-10-29 10:59:45
Munar_6052, мазактоодон алыс болуңуз! Оозеки эскертүү!
0
saltanat.
2014-10-29 12:56:35
Акталыш керек. Жок дегенде уй камагына деле окум чыгарса болот.
0
tengara
2014-10-29 13:11:18
Камиланы олтургондор дайынсыз,оз жазасын албай ,ачык журо беришеби???
Камиланын жакындарына сабырдуулук тилейм.
0
miki87-06
2014-10-30 09:34:41
Өзүн коргосо кылмыш болбосо керек менин оюмча
0
al-abu-kinesz
2014-10-30 21:49:23
Акталышы керек, милиция чакырып, больницага кабар бергенин да эске алып!
0
mersedes2013
2014-10-31 01:15:36
Акталышы керек кыз,ал озун озу коргоого укуктуу
0
anobis85
2014-10-31 11:08:54

акталыш керекго туурале кылган
0
Akmatov1990
2014-10-31 14:18:47
менин оюмча кызга женил жаза бериш керек. максим бакийев менен кадыржан батыров деле дуротко. камалбай канчалаган адамдын омурун кыйып
0
gutler
2014-10-31 18:54:57
Jysypbek,churaktai jugut ekensun. Allaxym saga wypaa bersun.
+1
Sizge.kat
2014-11-01 21:30:24
Менин ойумча кыздын журуш-турушу тууралуу толук маалыматты билиш керек. Киши олтуруу ар кимдин эле колунан келе бербесе керек.Бул окуя тууралу бир ой келет экен эмнеге биринчи кол салуудан кийин качууга аракет кылган эмес. Эми ал тергоочулордун иши дечи. Бирок кызды оор жазаны аткартыш туура эмес.
0
sherzatik
2014-11-02 04:10:15
Дагы айтам акталсын,сотту узартпай актасанар болмок.Ал кызды камасанар жашоонор онолуп кетпейт.Камиланын олумуно шектуулорду кантип табаалбай жатышат,табышса жакшы болмок Ата-Энесине.
0
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан