Тойлорго бай күз мезгили быйылкы жылы өзгөчө окуя менен эсте калмай болду. Апта башында «Республика» жана «Ата Журт» партияларынын биригүүсү расмий түрдө жарыяланып, кечээ эле кыл чайнаша кырчылдашып жүргөн Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев кол алыша, далы тапташа «мындан ары экөөбүз бирбиз» деп, келерки парламенттик шайлоого аттанышты.
ТАНДЕМГЕ ЧЕЙИН...
2010-жылы парламенттик шайлоонун алдында «Республика» жана «Ата Журт» партияларынын лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев теледебатка чогуу катышып, «сен Максим Бакиевге кызмат кылгансың, жок, сен аны менен кызматташып бизнес кылгансың» деп бирин-бири айыптап, кызуу талаш-тартышка түшүшкөн эле, эми минтип биригип отурушат.
2009-жылдары «Ата Мекен» партиясы менен КСДП биригет» деген пикирлер айтылып, сүйлөшүүлөр болуп, бирок биригүү ишке ашпай калган.
2010-жылдан берки тарыхты алсак, «Ата Журт» буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен биригүү аракетин көргөн. 2012-жылы «Супер-Инфонун» окурмандары менен түз байланышка келгенде «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан
Мадумаров «Буюрса, биз азыр Ташиев, дагы бир топ азаматтар менен чогуу бирдиктүү бир күчкө бириккени жатабыз. «Адашкандын айыбы жок» дейт. «Ата Журттун» ичинде анча-мынча чырдашкан болсо, жаштык, курч сезимдер менен айтышкан сыяктуу болгондур, балким. Бирок биз келишим түзөрдө партиянын катарын тазалоо маселесин кабыргасынан койдук» деген. Мезгил далилдегендей, ал экөө биригип, күчтүү оппозициялык блокко айлана алышпады. Адахан Мадумаров акыры бийлик менен тил табышып, Түркиядагы тынч, жылуу креслого ээ болуп, учурда ошол иш менен алек.
«Биз бириктик, чогуу иш жүргүзөбүз» дегендердин катарында Мелис Мырзакматов башында турган «Улуттар биримдиги» партиясы менен депутат Бакыт Төрөбаев жетектеген «Өнүгүү» партиясы болду. Мелис Мырзакматов Ош шаарынын башчылыгынан алынганда экөө бириккендигин расмий түрдө жарыялашкан. Экөө ушул жарыя менен гана чектелишти. Кыргыз коомчулугу алардын биргеликте жасаган көрүнүктүү иштерин көргөн жок.
Ал эми «Республика» менен «Ата Журтту» алсак, парламенттеги партиялардын биригүүсү биринчи жолу болуп жатат.
ТАНДЕМДЕН КИЙИН...
Жогорку Кеңешке Бабановдун да, Ташиевдин да партиялары башкаларга салыштырмалуу жеңиштүү келди, атүгүл «Республиканын» лидери премьер болууга, «Ата Журттун» лидерлеринин бири спикер болууга да жетишти. Бирок Бабанов да, Ташиев да ар кандай саясий кырдаалдардын эсебинен борттун сыртында калып кетип, ал эле эмес, партбосстуктан да ажырап кала жаздашты. Учурда Жогорку Кеңештеги «Республика» жана «Ата Журт» эң көп ажырап-чачыраган фракциялар.
Эки саясатчы тең жаш, курч жана амбициялуу. Эмдиги жылкы парламенттик шайлоого карата даярдык көрүүгө киришкен Бабанов менен Ташиевдин тандемине бири-биринин электораты керек. Курултайда айтылган «балдарыбыздын келечеги үчүн бириктик» деген сыяктуу жалындуу сөздөр канча убакытка чейин күчүндө болот, аны келечек көрсөтөт.
Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg