– Өзүн-өзү өлтүрүү максатында уксус ичип, бирок, өлбөй калса адам кандай азап тартышы мүмкүн. Адам толук дарыланса организми мурунку абалына келе алабы? Дегеле өзүн-өзү өлтүрүүгө кайсы себептер жеткирет? Медер, Бакы, Кант.
Эмне үчүн өзүн-өзү өлтүрүүгө барышат?Өзүн-өзү өлтүрүү илимде суицид деп аталат. Суицидге баруунун себептери көп.
Суицидде колдонулган ыкмалардын бири – уксус ичүү
Уксус кислотасы арзан, анан дээрлик бардык дүкөндөрдөн сатып алууга боло турган каражат. Ушундан улам кээ бир адамдар турмушунда чоң маселеге, запкыга кабылып, өлгүсү келсе алгач башына уксус ичип өлүү келет. Бирок, алар уксус ичсем эле өлөм деп калпыс ой жүгүртүшөт. Эмоцияга алдыруудан улам кокус өлбөй калсам эмне болот деп ойлоно беришпейт. Ал эми уксустан уулануунун арты абдан оор натыйжаларга алып келет.
Уксус ичкенден кийин эмне болот?
Уулануу уксусту канчалык өлчөмдө ичилгенинен, аны ичкен убакта адам ачка же ток экендигинен, организми канчалык деңгээлде чың экендигинен жана башкадан көз каранды.
Уксусту ичкенден соң:
Аман калгандан кийинки абал
Адамдын уксус ичкени байкалса эмне кылуу зарыл?
Эгер адамдын уксусту байкабай ичип алганын же өзүн-өзү өлтүрүү үчүн ичкенин жакындары байкап калса, дароо тез жардам чакыруулары зарыл. Тез жардам келгиче муздак суудан ичирип туруу керек.
Эскерте кетчү нерсе, уксустан ууланганда сууга активдештирилген көмүрдү же соданы кошууга болбойт!
Активдештирилген көмүр ансыз да күйүккө чалдыккан кызыл өңгөчтү дагы бир ирет күйүккө чалдыктырат.
Адамга бир берилген өмүрдү барктагыла!
Кээ бирлер уксусту өлүү үчүн, кээси өлгөндү каалабаса да өзүн кайгырууга жеткирген адамды коркутуп коюу үчүн ичет. Бирок, азбы, көппү ууланууга дуушарланып, анын запкысын өмүр бою тартат. Ошондуктан, кандай чоң маселеге кабылса да адам өзүнө бир берилген жашоону садага чаппоосу керек. Андан көрө токтоолук менен кыйындыктан кантип чыгып кетүү жолун ойлонуу акылдуулук болот. Тирүүлүктүн өзү бакыт экендигин эстен чыгарбоо зарыл!
СТАТИСТИКАДАН
ИЧ КӨПКӨНДӨ КАНДАЙ ДАРЫ КОЛДОНСОМ БОЛОТ?
– Кийинки кездерде ичиме дамамат жел толо турган болду. Бул басканда да, иш кылганда да мага ыңгайсыздык жаратууда. Кандай дарыларды ичсем болот? Дегеле ич көбүү эмнеден келип чыгат? Гүланда, Ош.
– Ич көбүү же ичке жел толуу медицинада метеоризм деп аталат. Бул ашказан-ичегилердин ооруларынын залалынан улам ичегиде газдын чогулуп калуусу. Ичилген тамак-аш иштелип чыгып жаткан кезде суутек, көмүр кычкыл газы, метан жана башка кескин жагымсыз жыттуу газдар бөлүнүп чыгат. Анан аш болбогон тамак-аш калдыгы көп сандаган бактериялар жыйылган жоон ичегиге түшөт. Анда тамак-аштын калдыгы чирип, ачыйт. Мындан дагы жаңы газдар жаралат. Газдар ичегини керет. Эгер ичеги-ашказан жолдорунда сезгенүү бар болсо, ич абдан көбөт жана адатка айланат.
Ич көбүүдөн арылуунун эң жөнөкөй жолдору:
БАЛАМ МЕНИ ТАРТЫП КӨРҮҮСҮ НАЧАР БОЛУП КАЛБАЙБЫ?
– Менин көзүм начар көргөндүктөн, көз айнек тагынам. Учурда менин 4 айлык боюмда бар. Буюрса, бул жолдошум экөөбүздүн тун балабыз. Мени ойлонткон нерсе, балам төрөлгүчө дагы көрүүм начарлап кетпейби? Кийин балабыз да мени тартып көрүүсү начар болуп калбайбы? Жибек, Карабалта.
– Кош бойлуу кезде көрүүм начарлап кетпейби деп коркпой эле койсоңуз болот. Антсе да так маалымат алууну кааласаңыз, офтальмологго кайрылыңыз. Ал эми балама менин начар көрүүм өтпөйбү деген сурооңузга генетикке кайрылуу менен жооп ала аласыз.
Материалды даярдоого салымын кошкондугу үчүн
Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун
токсикология бөлүмүнүн башчысы
ИБРАИМОВ Нурланга ыраазычылык билдиребиз.