Клиптер айдыңында
Биз күнүгө бир эмес, бир нече жолу көрүп жүргөн клиптердеги каармандардын ким экени чынында кызык. Кээде ал каармандарга ашык болуп калгандар да арабыздан табылат. Дал ошондой замандаштар үчүн клиптердин көркүн ачкан каармандар тууралуу иликтөө жүргүздүк.
Кубаныч Сатаев, «Кара көз»
Режиссёру – Бекбол Кылычбеков
Маскарапоздун ролун ойногон жигиттин аты – Марс, 17 жашта.
Марс учурда “Агама” бий тобунда бийлейт жана “Аладдин шоу” маскарапоз тобунда иштейт.
Режиссёр менен Кубаныч бир нече маскарапоздун арасынан Марсты тандаган. Кыз маскарапозду жаакка бир чабат эмеспи. Мына ошол эпизод Марсты ыйлоого чейин жеткирген. Анткени эпизод 20 дубль менен тартылган. Кайра-кайра жаакка жей берген жигит акыры чындап ыйлап жиберген. Ролду талаптагыдай аткаргандыгы үчүн Кубаныч Марска «чай ичип кой» деп азыраак суммада акча берген.
Добр, «Тагдыр»
Режиссёру – Абел ЖусубакуновЖаш баланын ролун Орозобай аттуу бала аткарган, 8 жашта.
Орозобай учурда Новоповловка мектебинде 2-класста окуйт.
Алгач клип эле тартылган. Даяр сюжет Добрга көрсөтүлүп, анан ыр жаздырылган. Клиптеги ата-энеси ичип кеткен баланын ролун ийинине жеткире ойногон Орозобай Добрдун кошунасы. Баланын атасынын ролун аткарган киши Оболбек Асанбеков Орозобайдын чыныгы жашоодогу атасы. “Баламды клипке тарт” деп режиссёрго өзү сунуштаган. Клип түнкү саат 2лерде тартылган. Тартылып жатканда бала такыр ыйлай албай, режиссёрдун айласын кетирген. Бир убакта атасы урушуп койсо, бала өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлап, ролун жакшы ойноп берген.
Мирбек Атабеков, “Уou are my destiny”
Режиссёру – Саша БеловКлипке моделдик агенттикте иштеген Русана аттуу бийкеч тартылган, 18 жашта.
Русана учурда Орус-славян университетинде окуйт.
Татар улутундагы Русана клипке тартылууга өзү жан дилинен макул болгон. Ал клипти эротикалык деп эсептебейт деле. Мирбек Русананы клип тартуу учурунда биринчи жолу көргөндүктөн, аны менен эзилишүү бир аз кыйынчылыкты жарат. Өз ишин мыкты ойногон Русанага, албетте, ишине жараша гонорар төлөнгөн.
Айдин Шер, “Махабат – өмүр көркү”
Режиссёру – Динара ЭсенгуловаКлиптеги жигиттин аты – Санжар, 27 жашта.
Санжар учурда Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде администратор болуп иштейт.
Санжар учурда бойдок. Ал Айдиндин алысыраак байкелери болуп кетет. Кесиби – юрист. Каарман жигит Айдиндин байкеси болгондуктан, бул эмгеги үчүн андан акча талап кылган эмес. Ошентсе да клип тартуучу топту кыйнабай, өз ролун так ойноп берген. Санжар клиптеги өзү жараткан образдан таасирленип, турмушта жаңылбоо керек экендигин түшүнүптүр.
Роза Шакирова, “Үйлөнүү той”
Режиссёру – Сүйүн откеевЖигити башкага үйлөнүп алган кыздын ролун аткарган кыз – Чынара, 25 жашта.
Чынара учурда Москвада иштейт.
Клип тартуу үчүн режиссёр жакшынакай кыз керек деп издеп жүргөндө “менин курбум бар” деп Назира Жетигенова сунуштаган. Клиптеги тагдыр Чынаранын да башынан өткөндүктөн, ыйлачу жерден ыйлап, ролду мыкты аткарган. Мурда Бишкектеги кафелердин биринде официант болуп иштеген. Ал эми Чынаранын кичине кезин Розанын сиңдиси ойногон.
Султан Садыралиев, “Аячы мени”
Режиссёру – Динара эсенгуловаКлиптеги ырчынын сүйгөнүнүн ролун аткарган кыздын аты – Алина, 18 жашта.
Алина учурда Бишкектеги чоң соода түйүндөрүнүн биринде иштейт.
Султандын клибине кыз издеген Динара Эсенгулова моделдик агенттикке барат. Ал жактагы кыздардын арасынан Алинаны тандап алган. Чындыгында эле Алина образга кирип кетип, “көзүмдү көгөрткүлө” деп идеяларды өзү кошуп турган. Алина клипке тартылгандыгы үчүн 100 доллар гонорар алган. Ал убагында Виктория Савченконун бий тобунда бийлеген.
Жаным Айзат, «Махабат аллеясы»
Режиссёру – Айбек ДайырбековЫрчынын сүйгөнүнүн ролун аткарган жигит – Медер, 17 жашта.
Медер учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетте кытай тили боюнча билим алууда.
Медер Эрнест Абдыжапаровдун “Уурунун махабаты” киносуна тартылам деп кастингге келип өтпөй калган. Ал кастингге келип, режиссёр Айбек Дайырбеков менен таанышып калат. Бир канча убакыттан кийин режиссёрдун жардамы менен Жаным Айзаттын клибине тартылууга мүмкүнчүлүк алат. Клипке тартылганга чейин Жаным Айзатты таанычу эмес. Учурда экөө жакшы достордон. Медер эмгеги үчүн эч кандай гонорар албаганы менен, жаштардын арасында «унаа жуучу жигит» деген атка ээ болгон.
Бактыгүл Бадыева, “Жүрөк тагы”
Режиссёру – Эркин КыштобаевКлиптеги өзүнчө эле «крутой» жигиттин аты – Бекзат, 26 жашта.
Бекзат учурда “Кg Сlub” юмор клубунун мүчөсү.
Бул клиптин Кытайда тартылганын баарыбыз билебиз. Көрсө, Бекзаттын айтымында, клип кокусунан тартылып калган экен. Бактыгүл Кытайга Бекзат жана эки досу болуп эс алууга барган. Ал жактын жаратылышын, кооз жерлерин көрүп, клип тартуу идеясы жаралган.
Бекзат жөнүндө айтсак, ал супер бойдок. Жеке ишкер, “Сүйүүнүн да өз асманы бар” деген кинодо Азаттын ролун ойногон.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg