Кыргыз эли таланттарга бай десек жаңылышпайбыз. Акыркы кезде жаш таланттардын чет өлкөлүк музыкалык сынактарга барып, ийгиликтерди багындырып жаткандары сүйүнтөт. Буга чейин ырчы Аяна Касымова орусиялык «Артист» теледолбооруна катышып, жарым финалга жолдомо алганын жазган элек. Таланттуу кызыбызга долбоордун финалына да ийгилик буюруп, финалга өттү. Кызынын жеңишине кубанган атасы Айзар мырза: «Башында Аяна финалга өтпөй калган эле. Негизи эреже боюнча катышуучулар белгилүү бир упайды топтосо гана финалга өтөт экен. Жетиштүү упай топтогон 9 киши дароо эле финалга жолдомо алышты. Ал эми 10-финалистти упайы нормага жетпей калгандардын арасынан тандашып, кызыбызга ийгилик кушу буюрду. Биз өтпөй калдык деп Бишкекке келе бергенде уюштуруучулар телефон чалып, сүйүнчүлөшкөнүнөн кайра Орусияга жол тарттык. Азыр 24-октябрда болчу финалга чоң оркестрдин коштоосунда даярдык көрүп жатабыз»,- деп билдирди.
Андан сырткары эсиңиздерде болсо, бир кезде кыргыз шоу-бизнесинде «МКД» деген эки жигиттен турган топ бар эле. Кийинчерээк алар таркап, өз алдынча ырдап кетишкен. Алардын бири айтылуу Эстебес Турсуналиевдин небереси Төлөн Турсуналиев былтыр Вьетнамдын Ханой шаарында өткөн «АБУ-2013» эл аралык фестивалына катышып келсе, бири ырчылык карьерасын Казакстанда улантып келе жаткан Анатолий Цой. Мына ошол Анатолий жакында гана Казакстандын атынан украиналык «Меладзеге баргым келет» музыкалык реалити шоуго катышып, 3-туруна жолдомо алып келди. Боордош өлкөнүн атынан чыгып жатса да карьерасын Кыргызстандан баштаган мекендешибиздин ийгилиги кубандырбай койбойт.