СТАНТРАЙДИНГ

Стантрайдинг – (англ. «stunt» – трюк, «riding» – жүрүү, айдоо) англис тилинен которгондо "кыймылда жүрүп трюк көрсөтүү" дегенди түшүндүрөт. Тактап айтканда, мотоцикл айдоочуларынын кыймылда баратып бийлегени, трюк көрсөткөнү спорттун негизи болуп саналат. Бул мотоспорттун эң экстремалдуу түрү.

Асфальт, мотоцикл, фристайлер (экстрималдуу спорт түрүндө ыкмаларды аткаруучу). Бул үч сөз өткөн аптанын эс алуу күнүндө Бишкектин «Жеңиш» аянтында айкалышып, көрүүчүлөрдү укмуштуудай адреналинге бөлөдү. Тагыраагы, стантрайдинг боюнча Европа жана Орусия чемпиону, мотоциклде ойго келбес трюктарды жасашкан Лаурис Клебахас менен Янис Розитис өздөрүнүн экстремалдык спорту менен кыргызстандыктарды тааныштырышты.

«200 КИЛОГРАММДЫК ӨНӨКТӨШ МЕНЕН БОЛГОН «БИЙ»
Бул саамалык Орусиянын Мотоцикл федерациясы жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен уюштурулган. Шаарыбыздын «Жеңиш» аянтына барчу көчө жабылып, иш-чарага ылайыкташтырылып жасалды. Иш-чаранын алкагында алгач шаардык деңгээлдеги унаа жарыштары орун алды. Андан соң көпчүлүк күткөн латвиялык экстремалдар Лаурис Клебахас менен Янис Розитис «темир аттары» менен өнөрлөрүн тартуулашты. Кулакты жарган мотордун үнү, дөңгөлөк менен асфальттын ортосундагы айкалыш жана көрүүчүлөрдүн сүрөөндөрү коштогон атмосфера спортчуларга дем берип турду. Алар алдыңкы жана арткы дөңгөлөк менен айдоо, рулсуз башкаруу, катуу ылдамдыкта сальто жасап көрүүчүлөргө стантрайдинг спорту кандай экенин көргөзүп беришти. Бул шоу кызыктуу өтүп, келген элге бир далайга жетчү адреналин тартуулай алды.



Кызыктуу шоу көрсөткөндөрдүн бири, стантрайдерчи ЯНИС РОЗИТИС буларга токтолуп өттү:
– Бул иш-чара ушул жылга пландалган турненин алкагында өтүп жатат. Анда жалпысынан Кыргызстан , Польша, Болгария, Латвия, Орусия, Беларусь жана Казакстан өлкөлөрүнө болгон сапарлар пландалган. Жакында эле Сочиде болгон «Формула-1» жарышынан кийин түз эле Кыргызстанга келдик. Бизди кандай кабыл алат болду экен деп ойлоп жаттык эле, жыйынтыгында бардыгы сонун өттү.
Стантрайдинг – бул жаштардын эрмеги гана эмес, спорттук дисциплинанын бир түрү катары саналат. Стантрайдинг – жердин өзүнө тарткан күчү менен болгон тирештик же, башкача айтканда, 200 килограммдык өнөктөш менен «бийлөө». Муну менен алектенгендер дүйнөнүн ар кайсы бурчунда күндөн-күнгө өсүүдө. Мына эми бул спорт силерге да келип жетти.

КЕЛИП ЧЫГЫШЫ
Алгачкы стантрайдерчилер Улуу Британияда 1980-жылдары пайда болгон. Ал эми мотоциклде биринчи жолу трюктарды аткарган адам Гарри Ротл деп айтылат. Ал азыркы кезде «классикалык» деп аталган алдыңкы жана арткы бир дөңгөлөктө айдоону биринчилерден болуп өздөштүргөн.
1990-жылдардын башында бул спорт боюнча алгачкы Дүйнөлүк чемпиондук өткөрүлүп, чемпиондук стантрайдингдин андан ары өнүгүүсүнө чоң түрткү берген. Анда биринчи жолу эч ким аткара элек «арты менен айдоо», «рулсуз башкаруу» жана башка трюктар орун алган.

УКМУШТУУНУН ТӨӨСҮ...
Көркөм муз тебүү спортундай эле, стантрайдингде да трюк аткаруудан мурда жаңысын ойлоп табуу алда канча барктуу болуп саналат. Анткени мотоцикл эки эле дөңгөлөктүү болгондуктан мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Ошондуктан бул спортто укмуштуудай жоруктар орун алат. Алсак, чыныгы фристайл айдоочулар газды толук баспай эле, тормоз менен айдап укмуштуудай трюк аткаруудан башталган деп айтылат. Муну алгачкы жолу бразилиялык Фариаш аттуу фристайлер көргөзүп, чемпион аталууга жетишкен.

КЫСКАЧА:

  • 2013-жылы стантдрайдинг Эл аралык мотоспорт федерациясы тарабынан спорттун бир түрү катары жарыяланган.
  • Ар бир трюктардын аткаруусуна, оордугуна жана тактыгына жараша калыстар тарабынан баалар коюлуп, жеңүүчү аныкталат.
  • Көпчүлүк өлкөлөрдө стантрайдинг трюктарын коомдук көчөлөрдө жасоого тыюу салынган. Мисалы, бул үчүн АКШда 1000 доллар айып пулдан түрмөгө чейин жазаланышы ыктымал.
  • Азыркы учурда кээ бир өлкөлөрдө бул өнөрдү аркалоого багытталган атайын мектептер ачылган.

СТАНТРАЙДИНГ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНДУКТАРДА СӨЗСҮЗ АТКАРЫЛА ТУРГАН ЭЛЕМЕНТТЕР:

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Chiko.kg
2014-11-03 11:14:32
Мен бул стайтредикти корудум чынында адриналин экен тан калып канан уймо кеттим адамдын колунан баардык нетсе келет экен деп.
0
mani
2014-11-06 23:34:16
Вопше сонун спорт трюктарын уйронгум келет
0
№ 626, 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан