Өзүнүн миллиондогон байге фондусу аркылуу мекендештерибиздин капчыгын толтуруп, казынасын кеңейтип келе жаткан «Элдик лотерея» соода маркасы кезектеги утуштардын ээлерин кубандырды. Баса белгилеп айта кетсек, 15-октябрда ойнотулган «Белек» лотереясынын баш байгелерин,
8 000 000 жана 400 000 сомду жеңүүчүлөргө тапшырды.
Болуп көрбөгөндөй ири сумманы, тактап айтканда, 8 000 000 сомду Чүй облусунун жашоочусу НАЗИРА айым утуп алды.– Мен борбор калаабыздагы соода түйүндөрүнүн биринен лотерея сатып алгам. Утуп алуу оюмда деле жок болчу. Эми минтип чоң утушка ээ болуп отурам. 8 000 000 сом утуп алганыма дале ишенбей турам. Акчаны кайда жумшаарымды ойлонуп жатам. Акча колума тийгенден кийин кыймылсыз мүлк алып коюуну болжоп жатам. Ошондой эле чет өлкөлөргө саякаттаганды да унутта калтырган жокмун.
Бул ирет 400 000 сомдук утушту Нарын жана Бишкек шаарынын тургундары Төлөнбек менен Атыр айым утуп алышты.
Атыр, Бишкек шаарынын тургуну:– «Алкан» базарынан 2 билет сатып алган болчумун. Бирөөсүнөн минтип 400 000 сом утуп отурам. Буга чейин деле ойноп жүргөм. Бирок утушка ээ болгон эмесмин. Азырынча акчаны кайда жумшаарымды ойлоно элекмин. Жакындарыма жардам кылып, калганын өзүмдүн керектөөмө жумшайм го. Утушка ээ болгондон кийин «Элдик лотереяга» ишенип калдым. Кезектеги боло турчу лотереяга да эки билет алып койдум.
Төлөнбек, Нарын облусунун тургуну:– ЦУМдан эки билет сатып алгам. Биринен 200 сом, ал эми экинчисинен 400 000 сом утуп алдым. Бул утушка чейин деле көп жолу ойноп келгем. Утуп алууга ишенимим чоң болчу. Лотерея ойнотулгандан кийин сайтка кирип текшерип көрсөм, 400 000 сомдук утушка ээ болуптурмун. Жакында үйлөнөйүн деп жаткам. Бул акчаны үлпөт тоюма жумшайм. «Элдик лотереяга» кааларым, ушундай оюндарды уюштуруп, элди байыта берсин демекчимин.
«Элдик лотереянын» PR менеджери АЛИНУР ОРМОН УУЛУ:– «Элдик лотереянын» алкагында ар бир айдын ортосунда ойнотулуучу «Белек» лотереясынын жеңүүчүлөрү үчүн бул күн бактылуу күн. Баш байгелерди,
8 000 000 сомду Чүй облусунун тургуну утуп алса, эки мекендешибиз 400 000 сомдон утушту. «Береке» лотереясы 31-октябрда КТРК каналында саат 19:00дө ойнотулат. Анын жалпы байге фонду 78 000 000 сомду түзөт. Баш байгеси 22 000 000 сом болот, мындан тышкары 10 адам 1 000 000, 100 адам 50 000 сомдон утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Оюндун эрежелери жана ойнотулган байгелердин тизмеси менен билеттин арткы бетинен таанышса болот.
Султан Төрөбеков