Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КАРЫЗЫ КӨП ӨЛКӨЛӨР

№626 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж


Кайсы өлкөнүн мамлекеттик карызы көп экенине баам салсак, дүйнөдөгү жакыр өлкөлөргө караганда эң өнүккөн өлкөлөрдүн карызы алда канча көп. Кайсы өлкөнүн карызы канча? Анын ичинде Кыргызстандыкычы? Анда эмесе, баам салып көрөлү.

КАРЫЗ БОЮНЧА АКШ АЛДЫДА
Бириккен Улуттар Уюму тарабынан таанылган өлкөлөрдүн жана өзгөчө макамы бар аймактардын ичинен ушул күндө болгону бешөө гана тышкы карызы жок жашап келет. Алар Бруней, Лихтенштейн, Палау, Макао жана Британдык Виргин Аралдары. Ал эми калган мамлекеттер казынасындагы тартыштыкты жоюу үчүн бири-биринен карыз алып, абалдан чыгуунун айласын кылышууда. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин тышкы жалпы карызы 70,6 триллион доллардан ашты. Эми экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн айрымдары менен биздин коңшуларыбыздын карыздарына жана ички дүң өндүрүмүнө (ИДӨ)көз чаптырсак:

ӨЛКӨ КАРЫЗЫН ЧАЧЫРАТСАК, АР БИРИБИЗГЕ 586 ДОЛЛАРДАН ТИЕТ
Кыргызстандын сырткы карызын 3 миллиард 389 миллионду өлкөнүн ар бир жаранына (кыргызстандыктардын саны 5 миллион 776 миң адам) бөлсөк, 586 доллардан же 34 миң сомдон туура келет. Өлкө карызын эл төлөй турган болсо, дүйнөлүк антирекорддун ээси АКШнын жарандарына (303 миллиондон ашык адам, 2014-жылдын сентябрь айына карата) 58 437 доллардан тийсе, англиялыктар (калкынын саны 60 миллионго жакын, 2014-жылдын сентябрь айына карата) өз өлкөсү үчүн капчыгынан 160 158 доллардан ортого ташташы керек. Ал эми жогорудагы калган өлкөлөрдүн ар бир жаранына төмөнкүдөй суммалар туура келет:

  • франциялыктарга 74 619 доллардан
  • германиялыктарга 57 755 доллардан
  • кытайлыктарга 2220 доллардан
  • япониялыктарга 24 000 доллардан
  • орусиялыктарга 3634 доллардан
  • казакстандыктарга 7824 доллардан
  • өзбекстандыктарга 157 доллардан
  • тажикстандыктарга 265 доллардан

Элинин саны боюнча алганда жарым миллион гана эли бар Люксембургдун тышкы карызы 3,5 триллион долларды түзөт. Ички дүң өндүрүмү болгону
60,4 миллиард долларга жетет. Ошондо Люксембургдун ар бир жаранына өлкөнүн карызы
6,3 миллион доллардан чачырайт. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстан сырттан эң аз насыя алган. Анын тышкы карызы болгону 428 миллион доллар.

КЫРГЫЗСТАНГА ЭҢ КӨП КАРЫЗ БЕРГЕНДЕР

  • Кытайдын «Эксим» банкы – 819 миллион доллар
  • Орусия – 300 миллион доллар
  • Япония – 269 миллион доллар
  • Германия – 100 миллион доллар

ӨЛКӨНҮН ТЫШКЫ КАРЫЗЫ КАЙСЫ ЧЕКТЕН АШСА КОРКУНУЧТУУ?
«Алгандын бермейи бар» дегендей, карыз – бул бекер оокат эмес. Аргасыздан алынган карызды мөөнөтү келгенде кайтарып жана ага чейин анын үстүнө кошулган пайызын берип туруу шарт. Алынган акчалар туура иштетилип, элдин керегине жараса жакшы. Ал эми насыялар сол чөнтөктөргө кетсе, анда төрөлө элек балага чейин карыз болуп, жалпы өлкө элинин каткан шору. Экономисттердин эсеби боюнча тышкы карыздын көлөмү ички дүң өндүрүмдүн 60 пайызынан ашпаса, кооптонуунун кажети жок. Эгер бул чектен ашып кетсе, өлкөнүн экономикасы сазга тыгылып, андан чыгышы кыйын болуп калат. Бул жагынан алганда Кыргызстандын тышкы карызы ички дүң өндүрүмдүн тең жарымын түзөт.

КАРЫЗДАН КУТУЛАБЫЗ ДЕП БИР КЕЗДЕ АТАЙЫН ЭСЕП ДА АЧЫЛГАН
Көпчүлүктүн эсинде болсо керек, 2007-жылы тышкы карызыбыздын жарымын жоюу үчүн Кыргызстан "ХИПИК" программасына киребиз дегенде коомчулук каршы болуп, андан көрө карызды өзүбүз төлөйбүз деп чыкканбыз. Ошондо Каржы министрлигинин демилгеси менен Улуттук Банкта Элдик эсеп ачылган. Бирок эл «көп түкүрсө көл болбой эле, бийликтегилер аны сазга айлантып жиберет» деп жогору жакка ишенбей калгандыктан, аталган демилге аягына чыкпай калган. Эсеп ачылганда эл тарабынан анча-мынча которулган каражат мамлекеттик казынага берилип, эсеп жабылган.

«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ
ӨЛКӨБҮЗДҮН ТЫШКЫ КАРЫЗЫН ТӨЛӨШӨТ БЕЛЕҢИЗ?

Таалайбек Базарбаев, журналист:
– Эмнеге төлөшүм керек? Карызды кимдер жеп, ичип койгонун билиш кыйын деле эмес. Карызды Дүйнөлүк Банк жана башка чет өлкөлүк уюмдар өлкөбүзгө долбоорлор үчүн беришкен. Бирок долбоорлор ишке ашпай, ал эми аларга жетекчик кылгандар азыр эң байлардын катарында, ошолорду төлөтүп, кылмыш жообуна да тартыш керек.

Айпери Шерикбай кызы, экономист:
– Эгер 2 -3 жыл мурун айтса төгүшмөкмүн. Себеби ал кезде саясатты түшүнчү эмесмин. Ал эми азыр мындай сунушка күлкүм келмек. Анткени бизде эч кимге ишенич калбай калды. Эл төлөйбүз деп чогулткан акча карызды төлөөгө жумшалат деп эч ким кепилдик бере албайт. Балким, бир аткаминер жеп алат да, аны көп болсо кызматтан бошотуп коёт.

Самат Аянкулов, студент:
– Маселенин баары ушуну менен чечилип калса макул болмокмун. Бирок калктын социалдык-экономикалык абалы канааттандырарлык эмес болгондуктан, эл буга даяр эмес. Андан көрө паракорчулуктун алдын алып, кен байлыктарды туура иштетип, жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу аркылуу маселени чечүүгө болмок.

Султан Раев, коомдук саясий ишмер:
– Биздин тышкы карыз өтө көп эмес жана аны трагедия катары кабыл алууга болбойт. Өлкөдө туруктуулукту сактап, ар бир жаран өз ишин мыктылап иштесе, өкмөт карызды өзү төлөп кутулат. Митингдерге чыга бербей, карыздан кутулуу боюнча демилге көтөрүлүп, акция уюштурулса, каражатымды кошууга даярмын. Бул элдин башын бириктирип, мекенчилдик сезимге чакырмак.

Турусбек Мамашев, коомдук саясий ишмер:
– Мындай демилге көтөрүлсө, кош колдоп колдоого алам. «Көп түкүрсө көл болот» дегендей, мисалы, Түштүк Кореянын эли өлкөсүн карызынан куткарган. Азыр, карагыла, кандай гүлдөгөн өлкө. Биздин эл абдан намыскөй келет. Туура жол көрсөтүп, элдин намысын ойготсок, ар бир жараныбыз четте калбай, өз салымын кошот деген терең ишеничтемин.

Улан Мукашев, финансист:
– Дүйнөдө мындай нерсе иш жүзүндө болбосо керек. Бирок төлөшмөкмүн. Демилге элди биримдикке чакырмак. Мындан ары карыз албаганга аракет кылсак жакшы болмок. Мисалы, жолдорду, ГЭСтерди курууда Тажикстандай болуп акционердик коом түзүп, акционер катары элди тартып, элдин акчасын пайдалансак, четтен карыз албайт элек.

Гүлзат Дооронбекова, фармацевт:
– Эгер жалпы эл биригип макул болсо, мен да четте турбай, өлкөбүздү карыздан кутултууга салымымды кошмокмун. Бирок ушуну менен бийликтегилер карыз албай токтотуп коёбу же жокпу, маселе ушунда. Эгер дагы алып анан элден төлөөнү суранса, анда каршымын.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
03.11.2014. 09:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
22-06-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чын эле акча жумшалчу жерине кетээрине азыр эчким ишенбейт карапайым эл бийликтен умутун узуп отурган кези кыжыры кайнап
03.11.2014. 10:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
24-06-2014
Соӊку аракети:
26-07-2017 10:09
Жынысы:
Белгисиз
0
«Туулуп өлбөгөнүңдү көрөйүн, карыз алып бербегениңди көрөйүн» дейт кайран Кыргыз, Кудай өзү сактасын карыз тоосунун көк шилиден басып калганынан!
03.11.2014. 11:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
12-12-2013
Соӊку аракети:
02-04-2016 06:31
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тим эле өзүнчө сонун болмокда ий байлыктары көбөйүп калмак
03.11.2014. 13:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
17-02-2013
Соӊку аракети:
24-04-2018 10:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
3.38 мрд биздин бир еле чиновнигибиздин байлыгы
03.11.2014. 13:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
15-03-2014
Соӊку аракети:
12-03-2015 15:15
Жынысы:
Белгисиз
+4
Базарбаев кыргыз элинин ойундагыдай жооп бериптир
03.11.2014. 23:37 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
17-10-2014
Соӊку аракети:
26-06-2018 16:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жебеген самсага пул толо деп ушуну айтат, миллиарддарды жеп-жутарлар жеп, акчасын карапайым эл толошу керек ансыз да кыйналып жарымы тышта кор болуп иштеп журсо...

Менин жеке оюм, мен президент болсом Акаевтен тарта бугунку кунго чейинки ири коррупционерлерди уй-булосу менен камап жегендерин кустурмайынча койо бермек эмесмин... Ошондо жок дегенде карыздын жарымы толонуп калмак, кийинкилерге сабак да болмок...
04.11.2014. 11:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
01-07-2014
Соӊку аракети:
03-08-2018 17:37
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ойдодо отургандар акчаны карызга алып коюп, анысы аз келгенсип жеп алса албетте арданасын да.. Чынын айтсам мен толомок эмесмин.. Бир айлыкты тиктеп отурган уй-булолор кантет дейм да.. Алар балдарынын курсагын тойгузабы же аткаминерлердин карызын толойбу дейм да..
05.11.2014. 14:11 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
196
Катталган:
14-01-2014
Соӊку аракети:
13-03-2017 19:24
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул карызды кимге берет
06.11.2014. 14:08 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
387
Катталган:
04-10-2012
Соӊку аракети:
10-03-2015 18:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары.
+2
Келгиле 34мин сомдон чыгаргыла чиновноктер кутуп калышты бересалалы жей салышсын..... Кудай сактасын!!! Мындай биримдикке азыр эл 90%ишенбейт. Коросунор бул нерсени да ойлоп чыгыгат жеп жутаарлар ааа кептин баары бул жакта экен деп соц тармактарды карап жатышса керек окуп. Алданганыбызды билбей отуруп калабыз жогоруда айткандай ишнен айдап бир эки ай камамыш болот анан койоберет. Так что андай ойдон азырынча алыс бололу.
07.11.2014. 12:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
27-08-2014
Соӊку аракети:
29-10-2018 18:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Арал
0
Атамбаев,Бабанов экоо эле толоп койсо болот
07.11.2014. 15:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
10-09-2014
Соӊку аракети:
27-01-2015 22:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыраматылык Рыспек Ахматбаев айткан эле кыргызстанга кайсы олкодон канча акча келген ал акчаларды кимдер канча жегенине чейин билем,ошолорду жарга такап болсо да толотом кыргызстандын карзынан ошондо кутулабыз деди эле.Азыр да ошо ыкманы колдонсок оной эле карыздан кутулабыз.
08.11.2014. 02:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
13-01-2014
Соӊку аракети:
02-03-2018 21:58
Жынысы:
Белгисиз
+2
myrza80, Р.Акматбаевди ошон учун олтуруптурда
07.11.2014. 18:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
21-10-2014
Соӊку аракети:
10-11-2014 22:27
Жынысы:
Белгисиз
+2
эртеге айтат бийликтегилер карызды толошуп койгула болбосо кыргызстан жок болот деп. муну бекеринен чыкан жок
07.11.2014. 21:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
11-03-2014
Соӊку аракети:
29-10-2017 12:17
Жынысы:
Белгисиз
+2
карыз алып жатканда элге 586 доллардан болуп бергенде азыр толошмокмун
07.11.2014. 22:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
26-04-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 18:27
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убагында Раев мырза менен Мамашев мырза да министр болуп турушканда беш бармагын салып ооз тийишкендир ошол акчалардан.Ушуларга окшогондор толосун,жегендин кусмайы алгандын бермейи бардыр акыры.
08.11.2014. 06:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
12-06-2012
Соӊку аракети:
14-01-2018 12:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
ха эки саясий ишмерлердин созуну карагыла.бет деген нет
08.11.2014. 17:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
04-09-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 09:15
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улуттук банкта эсеп ачылып анча мынчалар акча салган эле дейт,ошол акчалар бюджетке барып тушуппу же...
09.11.2014. 19:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
27-08-2014
Соӊку аракети:
19-10-2018 19:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin da karyzym bar tolowup koigulachy.???
15.11.2014. 16:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
25-02-2013
Соӊку аракети:
02-11-2018 16:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Мен тологонго кошулбайт элем жебеген жердин алдында дегендей жеп конуп калгандар аны да жеп тынышат
15.07.2015. 22:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
31-10-2018 08:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
-1
байысам озум толойм менин мекеним карызы жок болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: