УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге карата кылмыш ишин козгоо үчүн материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берди. 30-октябрь күнү Башкы прокуратура бул материалдар келип түшкөнүн жана иликтенип башталганын билдирди. Күч органдарындагы маалыматтарга караганда, буга чейин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитуриенттин кабыл алынуусунун мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштерин жүргүзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул кабыл алуу Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигине кайрылуусунан улам ишке ашкан деп айтылууда.
Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg