25-ноябрда Чехиянын борбору Прагада «Diamond Voice» аттуу эл аралык сынак өтөт. Сынакка Кыргызстандын атынан Курал Чокоев катышмакчы. «Урал-Моңо» сынагына катышканымда калыстар тобунун мүчөлөрү менен таанышкан элем. Аталган сынакка ошол тааныштарым чакырышты. Сынактын эрежеси боюнча эне тилимде, дүйнөлүк хит ырды, анан өзүмдүн тандоом менен жалпысынан 3 ыр аткарышым керек экен. Ал жакка баруудагы негизги максатым – жеңиш! Буюрса, жеңиш менен келем деп ишенем» дейт ырчы мырза.