– Бекчоро, биринчи жолу эл алдына ырдап чыкканың эсиңдеби?
– Алгачкы жолу эл алдына 1-класста «Алиппе майрамында» ырдап чыккам. Ошондо ырдаганым мугалимдерге да, келген ата-энелерге да абдан жагыптыр. Бир агайымдын улам мени кучактап «жакшы ырдайт экенсиң» деп айткандары али эсимде. Ойлосом ошондо менин тушоом кесилген экен. Андан кийин мектепти бүткөнчө кечелердин биринен да калбай ырдап жүрдүм. Мектепти бүткөн соң, эки жылдай айылда ата-энеме жардам берип жүрүп калдым. Жандүйнөмө чыгармачылык жакын болгондуктан, айылдан Бишкекке келип кафелердин биринде музыкант болуп ишке орноштум.
– Кафеде ырдап иштөө жаш ырчы үчүн чоң мектеп дегенге кошуласыңбы?– Албетте, кафеде күнүгө ырдап машыгасың. Бул жаш ырчы үчүн тажрыйба топтоо десем болот. Кафеде музыкант болуп иштеп жүргөнүмдө 3 жылдын ичинде чыгармачылыкка чындап баш-отум менен аралаша баштадым. Продюсерим Нурлан Мамакеев менен тааныштым. Ошентип, музыка дүйнөсүнө жандүйнөм менен багыт алдым.
– Бекчоро, өзүңдүн музыкалык билимиң барбы?
– Музыкалык окуу жайды бүткөн эмесмин. Бирок, филармонияда Эсенгул Ибраевдин колунда вокал бөлүмүн бүтүргөм. Ошондон улам билимим болбосо да түшүнүгүм бар. Бирок, келечекте профессионалдуу ырчы болуш үчүн сөзсүз түрдө музыкалык билим алышым керек.
– Популярдуу болуу үчүн эмне керек деп ойлойсуң?
– Биринчиден талант, дарамет, аракет. Анан финансы десем ашык болбосо керек.
– Кандай кыздарды жактырасың, айылдык кыздардыбы же шаардыктардыбы?
– Мен кыздарды айылдык же шаардык деп бөлбөйм. Негизгиси, адамгерчиликтүү, назик, сулуу болсо болду.
– Жүрөгүңдөн орун алган адамың барбы?
– Чынын айтсам, мен азырынча өзүмө ылайыктуу кыз таба элекмин.
– Алдыда кандай пландарың бар?
– Учурда мен жалаң чыгармачылык менен алектенип жатам. Чыгармачылыгыма жолтоо болуп калбасын деп кафеде иштегенди да токтоттум. Буюрса, жаңы ырларды жаздырып, эл алдына көбүрөөк чыгып, элдин батасына арзысам деген тилегим бар.
Маектешкен Жаркынай Нусубалиева