«КОШУНАМДЫ СОТКО БЕРЕ АЛАМБЫ?»

– Мындан 1 жыл мурун кошунам кызуу абалында машинесин айдап биздин дубалды сүзүп алган болчу. Натыйжада дубалдын жарымы кулап калган. 1 жыл эч нерсе дебей келдик. Өзү билип төлөп берер ою жок. Эми мыйзам чегинде чечүүнү туура көрдүм. Бул иш боюнча укук коргоо органдарына кайрылсам болобу, же жөнөкөй иш деп карабай коюшабы?
Жоробай, Ысык-Ата району
– Жашаган жериңиз боюнча (шаардык, райондук, облустук) сотко «зыян келтирген мүлктүн ордун толуктоо» боюнча доо арыз жазыңыз. Арызга кошунаңыздын күнөөсүн далилдей турган (дубалдын сүрөтү, күбөлөрдүн көрсөтмөсү, мүлктү калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдын баасы) документтерди кошо тиркешиңиз зарыл. Талап кылуу арызы менен 3 жылга чейин кайрылсаңыз болот.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
lyblyego,Элдер тоо жонундо суйлоп жатышса,сен бээни айтып салыптырсынго
saku94, эхее ага ошо керек болсо болду да,биз дубалга кыжалат болуп атсан...
sher90kgz, мени билгендей суйлоп коюпсунарго.
мындай кичине нерсеге баш оорутбайм мен.сотту аралаштырбай оз ара эле чечип ала турган нерсего!?
saku94, сен кулкуну келтиресинго
Мен да серёзный проблема болгон окшойт депмин, дубал эле экен го. Итинди берип турчу байлап турайын дубал оскончо деп тамашага салып сурап корбойбу жок дегенде..
al-abu-kinesz, soonuuun ideya gooo
al-abu-kinesz, вообще ооооолдуууу гоооо
ырас бузганы анык болсо кечирим сурап жылуу созун айтса болотго. чында озу тургузуп алганга каражаты аздыр. кирпичин алып берсин акысын озу толоп урдуруп алат. ичип озу бузук болсо анан дуал эсине келеби. аял бала чакасы болсо керек акыры.
А дейсинер Б дейсинер бузгандан кийин толош керек,толо деп жаман корунгондон коро сотко бериш керек барибир жаман корунот,аны биро ичип суз дептирби,1жыл унчукбаптыр озу билип жардам берсе болотда бул просто адамгерчиликсиз.
Tigil kowunasy da uialbagan neme go...
Кошунасы ичип алып сузуп алса озу билип ондоп берип койсо болмок уяты жокко сузуп алып дагы унчукпай журо берген андайларды сотко бериш керек
Aika2801, ошо да кошуна деп ар нерсени пропускайтете бербесенер ал дагы келип сузуп кетет го? Кыскасы ал да кошунасынын конулун караш керек да.
Коншусу тоготпогондук кылып тенсинбей жаткандыр. Акылы бар адам сузгондон кийин кечирим сурап тургузуп коет ордуна. Адамгерчиликти билбеген адамды сот аркылуу толотуш керек. Коншусуна жакшы мамиледе болоюн деп озу тургузуп алса коншусу ошону тушунобу? Тушуно турган коншу болгондо озу ондоп же бироого ондотуп коймок. Туура кыласын сотко берип толотуп ал.
Азиз Токтосунов красавчикго жакты если что))
alibekova94, он уже занят девеле:P
туура айтасын снайпер27 .за все надо платить,за все надо отвечать.
Эгер дубалдын ээси озу дубалын тургузуп алса кошунасы бир куну мас болуп дагы бузат
Кошунасы чындыгында уяты жок адам экен дубалды тургузуп бер деп айтып корду бекен
Толотуш керек,соо болуп бузганда да кокустук деп унчукпай калса болмок,мас болуп атса анан кечирим да сураган эмес окшойтго?
Alysky tuugandan, jakynky kowna degen jeri bar !!!
beko-S, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер
info@super.kg же
admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Оозеки эскертүү!