ЖАШ БАЛАГА КҮНҮМДҮК КЕРЕКТӨӨСҮНӨ АКЧА БЕРҮҮ КЕРЕКПИ?

Редакциябызга ата-энелерден «балдарды кичинесинен кантип акчаны туура колдоно билүүгө үйрөтүүгө болот?» деген каттар көп келет. Алардын суроолоруна «Альтернативаларды алга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берет.
– Балам 5 жашта, бала бакчага барат. Күнүгө эртең менен турганда эле «Бүгүн эмне алып бересиң? Алып бербесең барбайм» деп догурунат. Карап көрсөм менин эле баламда эмес, башкалардын бакчадагы жана мектептеги балдарында да ушундай жорук. Ушундан улам балдарга күндө бир нерсе сатып алууга акча бериш керекпи же жокпу деп сурагым келет.

Назик, 29 жашта, Бишкек

– Бала чоңоё баштаган убакта ата-энеде «балага күнүмдүк керектөөсү үчүн акча берүү керекпи, керек болсо канча жаштан?» деген суроо туулат.
Буга психологдор «берүү керек, бирок акча эмне экенин түшүнүп баштаган 5 жаштан жогору балдарга» деп жооп беришет. Эмне үчүн берүү кажет? Анткени акча баланы өзүн чоңоюп калган адам катары сезүүгө, өз алдынча каалаганын сатып алууга, акчаны туура сарптоого, керектүүсүн сатып алууну алдын ала пландоого, башкача айтканда, акчаны туура колдоно билүүгө үйрөтөт.

БАЛДАРГА АКЧА БЕРҮҮДӨ ТӨМӨНКҮ ЭРЕЖЕЛЕРДИ ЭСКЕ АЛУУ КАЖЕТ:

  1. Акчаны бергенде аны өз алдынча коротуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Бирок алдын ала эмнеге короткусу келерин сурап, анан өз кеңешиңизди айтыңыз. Бул баланы бир нерсе сатып алууну алдын ала пландоого үйрөтөт.
  2. Эң керектүүлөрдү сатып алганга гана жетчүдөй сумманы берүү кажет. Ошондо бала ой-келди бир нерселерди сатып албай, акчаны үнөмдөйт.
  3. Башында 1 күнгө гана жеткидей акча бере баштап, анан 1 аптага жетерлик акчаны бергенге өткөн оң. Бирок берерде «бул 1 аптага, эгер муну 2-3 күндө түгөтсөң, анда башка акча албайсың. Кийинки аптаны күтөсүң. Мисалы, мен бир айда бир гана жолу айлык алам, эгер аны 5 күндө түгөтсөм, мага башка акча бербейт. Ал эми акча сага бергенден тышкары светке, газга, тамак-ашка да керек жана баарына жетиши зарыл» деп айтыңыз. Ушинткенде бала акчаны үнөмдөөнү, барктоону үйрөнөт.
  4. Баланы акчасын үнөмдөп топтоого үйрөткүңүз келсе, анда ага акча чогултуучу буюм сатып бериңиз. Аны менен катар эмне сатып алууга акча топтогусу келерин сураңыз. Мисалы, ал уюлдук телефон алгысы келеттир. Баланы акча топтоого кызыктырыш үчүн бир эрежени колдонуңуз. Мисалы, ал топтогон ар бир 100 сомдун үстүнө сиз да 100 сомдон кошуп турасыз. Анан акча топтолгондо балаңыз менен дүкөнгө кошо барып, анын каалаганын тандашып бересиз. Ошол убакта ал акчаны сатуучуга өзү берип, кайтарымын өзү алуусу кажет. Бул балага соода жасоодо канааттануу алып келип, акча топтоого, ага керектүүсүн сатып алууга көндүрөт.
  5. Акчаны балага мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша жол киреден тышкары аздан болсо да берип туруңуз. Бул бала башкалардан өзүн кем сезбеши үчүн керек. Кээ бир ата-энелер баласына көп акча беришет. Ал болсо кереги жокторду алып коротот. Бирөөлөргө жагынып, аны доско айлантуу үчүн аларга бир нерселерди сатып берүүгө өтөт. Мындай болгондо балада акчага достукту, жакшы мамилени да сатып алууга болот экен деген түшүнүк калыптана баштайт. Андыктан акча эң керектүүлөрдү сатып алууга гана жумшала тургандыгын түшүндүрүп жана керектүүсүнөн ашыкча акча бербеңиз.
    Кокус балага берер акчаңыз жок болсо, «акчаң жок болсо эле башкаларды өзүңдөн артык сезип калууга болбойт. Бүгүн болбосо эртең болот. Башкысы, жакшы жүрүп, жакшы окушуң керек» деп түшүндүрүңүз.
    Эгер минтип түшүндүрбөсөңүз, ал акчасы жок күнү башкаларга көз артып, көрө албастык кылат. Мүмкүн, бирөөлөрдүн акчасын тартып же уурдап алууга чейин барат. Бул мүнөз бара-бара калыптанып кетсе жаман.
  6. Көпчүлүк ата-энелер балдарына үй иштерин жасаганы үчүн акча беришет. Бул туура эмес. Анткени үй-бүлө мүчөсү катары бала да өз милдеттерин аткаруусу кажет. Мисалы, кранды оңдогону үчүн атасына, кир жууганы үчүн апасына бирөө акча бербейт да.
    Кээ бирөөлөр баласы жакшы баа алса да акча карматышат. Бул да ката, себеби бала буга көнөт жана ар бир жолу жакшы баа алган сайын сиз менен эсептешүүгө өтөт. Билим акчага баалана баштайт. Баланын жакшы окуганы келечеги үчүн керектигин 1-класстан баштап түшүндүрүүңүз кажет.
    Бирок жалпы жакшы ийгиликтери үчүн анда-санда бир жакка алып барып көңүлүн ачып же белек берип койсоңуз болот.

«Супердин» сурак бурчу
БАЛАҢЫЗГА КҮНҮМДҮК КЕРЕКТӨӨСҮ ҮЧҮН АКЧА БЕРЕСИЗБИ?

Айбек Сүйүнтбеков, экономист, 35 жашта, Талас:
– Эки балам лицейге жөө барып-келип окушат. Экөөнө тең күнүгө 50 сомдон берем. Ага каалагандарын алышат, өчүргүч, сагыз, картошка калдырканын дегендей. Кайра аны эмнеге короттуңар деп сурабайм деле.

Светлана Байболова, дарыгер, 45 жашта, Бишкек:
– Мектепке бир балам барат. Ага күнүгө жол киресин кошкондо 70 сомдон берем. Бирок көчөдө сатылган азыктарды алба, алар таза эмес, түрдүү оорулар жугушу мүмкүн деп эскертем. Курсагы ачса мектептин ашканасынан тамактанат.

Адилбек Батыров, журналист, 60 жашта, Баткен:
– Балдарым үйлөнүп-жайланып, өздөрүнчө кетишкен. Азыр колубузда бир небере кызым бар, ал Ошто Кыргыз-түрк лицейинде 7-класста окуйт. Керектүүсүн алсын деп айына 3-5 миң сомдон беребиз. Эмне алдың десек тиги-бу деп отчётун берет.

Гүлбарчын Карабаева, мугалим, 36 жашта, Бишкек:
– Үч эм балдарым 4-класста окушат. 2-класста окуган дагы бирөөсү бар. Бала бакчага бир балам барат. Мектептеги балдарыма акча болгондо гана ар бирине 15-20 сомдон берип койбосом, күндө бербейм. Бала бакчага барчусу «тонойт», күндө бир нерсе алып бербесем баспайт.

Замир Арыкбаев, ырчы, 33 жашта, Бишкек:
– Бир кызым бала бакчага, бир кызым мектепке барат. Бала бакча менен мектеп үйгө жакын болгондуктан жол кире коротпойбуз. Бирок жолдо алып бер дегендерин сатып беребиз. Мисалы, шире, сагыз. Ошентип экөөнө күнүгө 60-100 сомдон кетет.

Арпажан Абирова, пенсионер, 55 жашта, Кара-Балта:
– Колубузда 2 кичине неберебиз бар. Аларга чоң атасы экөөбүз эки-үч күндө бир керектүүлөрүн алып берип турабыз. Негизи, күндө каалаганын алып берип, жаман үйрөтпөө кажет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
mikinookat
2014-11-10 15:11:32
A мен болсо дем алыш кундору гана берем ,15-20 сом
0
eliza5566
2015-03-18 00:14:38
mikinookat,жакшы кылат экенсин мен майрамдарда беремин.
0
assss
2014-11-11 00:53:59
ар бир балаг кудайым озу акыл берет ошо берген акыл менен жашайт акчаны беруу же бербо м.н тарбиялай албайсын чонойгондо озу экономдоп алат озунордон эле пример алсанар болот!
+1
belka
2014-11-11 12:33:25
Баланын бар менен жокту билип оскону эле жакшы го,дайыма каалаганын кыла бербей,анча-мынча жок дагы деш керек деп ойлойм.
+2
Gulichka.milichka
2014-11-12 15:22:42
Иним 1-класста окуйт.Кызык эч акча сурабайт.Берсе алып коет болбосо жок.Бирок атам озу эле 3-4кундо бир берип турат.
0
kurstan-ali
2014-11-14 18:03:23
Негизгиси заманга жараша тарбиялаган жакшы деп тушуном. Бир жолу эле талтанбай кылгандан коро Бар эмне Жок эмне экенин тушундуруп туура жолго баштаган жакшы.
+1
joma88
2014-11-15 20:38:43
Анан чонойгондо ата сигаретке акча беринчи деп турсада болбойтта
0
nurikkg1
2014-11-17 04:42:29
Бир мугалим эже бербейт экен айлык азда
0
Айжан
2015-04-09 14:08:39
Men Evropa olkolorundo baldaryna akchany kichinesinen unomdogondu uirotup,kopilkaga saldyryp chogultup atsa kichinesinen emnege akcha karmagandy uirotot dep jaman korgom.Korso bul kelechektegi en kerektuu,adamdyn turmushun aldyga jyldyra turgan nerse eken.Bul keneshterdin baary en paidaluu jana baaluu.Myna bizde adamdardyn deerlik kopchulugu bir aylyktan ekinchisine jetpei jashashat,bul nerse akchanyn azdygynan murdada ynomdogondu bilbegenibizden bolup atat.
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан