ТӨШӨКТӨ КИМДЕР ЭМНЕНИ ЖАМАН КӨРӨТ?

ЭРКЕКТЕР...

  1. Төшөк оюнуна салкын караган аялдарды жактырышпайт.
    Төшөктөгү кайдыгерлик эркектердин демин суутуп, каалоосун өчүрүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан, сүйүктүүңүзгө өзүңүздүн сексуалдык каалооңузду айтып, сезимталдыгыңызды көрсөтүү менен аны бактылуу кыла алаарыңызга ишенип коюңуз.
  2. Эч качан демилге көтөрбөгөн аялдарды баалашпайт.
    Эркектер мындай аялдар менен болгондо өзүн ыңгайсыз сезип, өнөктөшүнө эмне жагып, эмне жакпай жатканын биле албай кыжаалат болушат. Ошондуктан, анын кандай кыймылы жагаарын, кандай ыкма сизге рахат тартуулай турганын айтуу ашыкча болбойт.
  3. Эркектер өздөрүнүн денесинин өзгөчөлүгүн баамдап, рахат тартуулай билбеген аялдарды жактырышпайт.
    Эркектерге денесин, эрогендүү жерлерин өнөктөшүнүн кармалоосу өтө жагат. Ошондуктан, эркектердин денесин сы­лап-сыйпап, ага рахат тартуулоодан качпоо керек. Өнөк­төшүңүздүн эрогендүү жерлерин таап жана дүүлүктүрө билсеңиз, эркек өзүн да, сизди да толук ырахатка бөлөйт.
  4. Ырахат алуусун (оргазм) эркектерге милдет кылып, өздөрү эч аракет кылбаган аялдарды кадырлашпайт.
    Мындай аялдар эркектердин кыжырын келтирет. Өнөктөштөр төшөктө бири-бирине жоопкерчиликти жүктөгөнү салкындыкка алып келет. Ошондуктан, өнөктөшүңүз менен бул маселе тууралуу ачык сүйлөшүүңүз керек.
  5. Төшөктө көп сүйлөгөн аялдарды жактырышпайт.
    Эркектер интим учурунда өзүнө арналган кумарлуу сөз­дөрдү күтөт. Кумарга батканда аялдын толук берилишин эңсейт. Ошондуктан, андайда учурга жараша гана сүйлөө кажет.
  6. Ич кийимине көңүл кош караган аялдарды жек көрүшөт.
    Төшөктө ар бир эркек өнөктөшүн идеалдуу көргүсү келет. Ал эми кумарга батуу алдында ич кийимдин кирдиги же эскилиги эркектерди жийиркентет. Ошондуктан, өнөктө­шү­ңүзгө жагымдуу көрүнүү үчүн ич кийимдериңиз талапка ылайык болушу шарт.
  7. Өзүн башка бирөө менен салыштырган аялдарга салкын карашат.
    Эркек өнөктөшүнүн жалгыз эркеги болгусу келгендиктен, аялдардын өзүн башка эркек менен салыштырганын өзгөчө оор кабыл алат. Ошондуктан, мурунку өнөктөшүңүздүн кыял-жоругун, кыймыл-аракетин эч качан айтпоого аракет кылыңыз. Болбосо эркек өзүн ыңгайсыз сезип, башкага ооп кетиши мүмкүн.

АЯЛДАР...

  1. Эркектердин шашмалыгы кыжырын келтирет.
    Төшөктө аялдарга назик жана сылык мамиле жагат. Ал эми шашып, өзүн жоготкон эркектер, буга кошо чала-була чечилген ич кийимдер аялдардын кыжырын гана келтирбестен, сексуалдык каалоосун жоготот. Ошондуктан, кумарга батуу учурунда ашыкпай өзүңүздүү токтоо кармаңыз.
  2. Лаззаттан кийин тез уктап калган эркектерди жактырышпайт.
    Төшөк оюнунан кийин эркек ары карап жатып алып коңурук тартып кирсе, аялдар өздөрүн кордолгондой сезишет. Ошондуктан, уктагандын ордуна өнөктөшү­ңүзгө назик сөздөрдү арнап, кучактап ыраазылык билдирүү менен бактылуу кыла аласыз.
  3. Кумарга батуу учурунда чөнтөк телефону менен сүйлөшкөн эркектерди жек көрүшөт.
    Төшөктө чөнтөк телефону менен сүй­лөшүп, сүйлөшүү учурунда тамашалап күлүү да аялдар үчүн жагымсыз көрүнүш. Анткени, өнөктөшүнүн ою башка жакта деп ойлоп өзүн ашыкча сезип, кумарын жоготуп жиберүүсү күтүлөт. Ошондуктан, кумарга батуу учурунда чөнтөк телефонду өчүрүп, өнөктө­шүңүз сиз үчүн жалгыз гана аял экенин далилдеп турууңуз зарыл.
  4. Жарыкты өчүрүүнү унутуп коюп оюнга кирген эркектерге кыжыры келет.
    Анткени, өздөрүнүн сексуалдуу көрү­нү­шүн ойлоо менен аялдар жарыкта кумарга толук бериле алышпайт. Аялдар күңүрт жарык болгон бөлмөдө өздөрүн эркин кармап кумарланууга шарт түзөт.
  5. Өздөрүнүн ырахатка батуусуна (оргазм алууга) кайдыгер караган эркектерди жактырышпайт. Төшөктө өз кызыкчылыгын жогору коюп, аялдардын каалоосу менен эсептешпеген эркектерди жактырышпайт. Ошондуктан, өнөктөшү­ңүзгө ырахатка батууга көмөк көрсөтүүңүз зарыл.

Даярдаган Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aysu.ch92
2012-10-05 13:07:01
En tuura
+2
altysha.kg
2013-07-04 23:21:18
albette en tuura
+2
aisam1221
2014-01-22 00:27:35
тушунуктуу....
0
Batma08
2017-02-27 23:09:36
Туура
0
№ 211, 17-23-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан