Азамат Исмаилов, «тамашоучу»: «СҮЙҮҮМ ҮЧҮН МЫЙЗАМДЫ БУЗДУМ»

Үйлөнүү той кандай сонун?! Сакадай бою сары алтын Азамат Исмаиловдун 450дөй конок коштогон заманбап үйлөнүү тою 6-ноябрда борбор шаардагы ресторандардын биринде өттү. Тойдун жүрүшүндөгү көз ирмемдерди кадрга түшүрүп окурмандарга тойлук кылып ала келдик.


Баш кошуп жетине албай сүйүнгөн эки жаштын эки ооз кебин укканга аракет кылдык.

– Азамат, Сымбат, бири-бириңердин кайсы сапатыңарга арбалдыңар?
Азамат: – Сымбаттын назиктигине арбалдым, жүзүнөн нур чачырап турат. Биздики бир көрүп сүйүү болду. Сымбатты көргөндө эле ушул кыз менин жубайым болот деген сезим жаралган. Экөөбүздүн ой-максаттарыбыз, турмушка болгон көз караштарыбыз да бир экен. Эң негизгиси, жылдызыбыз келишти. Экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөн жокпуз, тагдырыбыз бир экенине көзүбүз жетери менен эле үйлөнгөнгө шаштык. Анткени убакытты созуп сүйүүбүздү соолутуп албайлы дедик. Нике кыйдыргандан кийин бири-бирибизди мурдагыдан да көбүрөөк сүйүп калдык.
Сымбат: – Азамат мага ыймандуулугу, акылдуулугу, кыскасы, ушул турган турпаты менен жакты десем болот. Азамат менен бактылуу болорума көзүм жетип, ата-энемдин каршы болгонуна, жашымдын жете элегине да карабай ушул кадамга бардым.

– Мыйзамды бузуп 17 жашка толо элек кызга үйлөнүпсүң. Сымбаттын ата-энесин көндүрүү да кыйын болсо керек?
А.: – Мыйзамды бузганыма мен эмес, сүйүү күнөөлүү. «Жакшы сөз жыланды ийининен чыгарат» деп коёт го. Колумдан келишинче ийилип ийкемдүүлүгүмдү, жакшы сапаттарымды көрсөттүм. Таласка, болочок кайын ата-кайын энеме белектерди салып жиберип жаттым. Ага да болчудай эмес, «сабырдын түбү сары алтын» деп үмүтүмдү үзбөй кызын сүйөрүмдү далилдегенге аракет кыла бердим. Ошентип Сымбат экөөбүздүн сүйүүбүз жеңип кетти. «Кызыңыздар мага аманат, аманатка эч качан кыянат кылбайм, алаканыма салып алпештеп багып алам» деп сөз берип, кайын журтту көндүрдүм.

Азамат өкүл ата тандаганды билет. Эки жаштын өкүл атасы төкмө акындардын каймагы Аалы Туткучев менен жубайы Жазгүл.

Азаматтын атасы Искендер, апасы Айгүл жана Сымбаттын апасы Лира айым. Тилекке каршы, келиндин атасы тойго келе алган жок. Эки жаш ата-энелерине ыраазычылык катары алтын, күмүштөн жасалган зер топтомдорун белек кылышты.

Аалы "турмуш деген "Тамашоу" эмес, чөнтөгүңдү аңтарган бухгалтериң кут болсун" деп тамаша-чыны аралаш эки жашка арнап каалоо-тилектерди жаадырды. Ал эми Жеңишбек Жумакадыр Азаматтын ата-энесин эл алдына чакырып, "эми үйдө "шортачан" жүрбөңүз, эшикти такылдатмайынча ачып ийбеңиз" деген тамашалуу кеңештери менен тойду шаңга бөлөдү.

Бул тойдо «тамашоучуларды» дүңүнөн кезиктирдик. Такайдын ролун мыкты аткарган Эрназар келинчеги менен.

Бакыт Байсариев: "Эрмек, карасаң, мурда кыздар Урматты сүрөткө тартышчу эле, эми минтип Урмат кыздарды тартып баштаган го, ээ?"

Тамадалык милдетти Азаматтын командалаштары Кубат Кубанычбеков, Санжар Мыкыев, Нурсултан Майназаров аркалап, кызыктуу оюндарды уюштурушту. Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн бийин эл өзгөчө коштоп жакшы кабыл алды.

Ичимдиксиз, кымыз менен тост айтылган бул тойдо ырчы, бийчи, слайд-шоу, лазердик шоу, кыскасы, шоулор көп болду.

Шоу чөйрөсүндөгүлөр менен Азаматтын мамилеси жакшы экени тойдо байкалып турду. Тойго келген куда-кудагый, жек-жаат, ата журт, тага журт, кайын журт бир тең, шоу-бизнес бир тең болду.

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Сымбаттын апасы мени көргүсү келген эмес" дейт Азамат Исмаилов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
Aksy-13
2014-11-18 17:49:02
мейли келинчегин жаш экен озун жакшынаа кылып тарбиялап аласында. Бактылуу болгула.
0
jazira_92
2014-11-18 19:01:06
Той абдан сонун болуптур,бактылуу болгула
0
Maksutov.95
2014-11-18 23:48:46
Бактылуу болунуздар кудай кошкон эки жаш!:)
0
femidakg
2014-11-19 13:37:27
Бактылуу болгула.
0
kok.suluu84
2014-11-19 14:36:04
Бактылуу болушсун.Окул ата,апа тандагандан жагылбаптыр,окул апасы ото акылдуу,таза ыймандуу айым.
0
KARAGER
2014-11-19 23:12:23
Азамат куш боон бек болсун! Бактылуу болгула.
0
egemberdievagulbara
2014-11-20 14:02:56
Айталган жазылган каалоо тилектерди Кудайым кабыл кылсын.
0
kgbekish
2014-11-20 22:06:31
baktyluu bolgula
0
eldinkyzy
2014-11-21 11:30:50

Азаматты биринчи коргондо эле таанып алгам.Азамат деген акем бар и фамильябыз да Исмаилов.Бактылуу болгула,эч жамандык корбогуло.Ойлогон ой максаттарыныздар орундалсын.
0
Ayka1994
2014-11-21 16:09:22
Охооо бактылуу болушсун кыз жакшынакай экенго женеша Азамат да озу мыкты жигит болчуго
0
iris84
2014-11-21 23:23:20
Бактылуу болгула кармашкан эки жаш. Таалайлуу болгула табышкан эки жаш
0
azart
2014-11-22 01:31:55
бакыт каалайм атына затын жарашкан куйо бала бол!!!
0
azart
2014-11-22 01:33:58
бакыт каалайм атына затын жарашкан куйо бала бол!!!
0
woola14
2014-11-25 23:05:29
baktyluu bolgula abdan sonun tugoilor
0
Datka7777
2020-12-07 10:52:09
Панкылдата бер эми
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан