ИЛИМ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФЕСТИВАЛЫНА 20 МИҢДЕЙ АДАМ КАТЫШТЫ

Кечээ жакында Бишкек шаарында Кыргызстанда биринчи жолу "Tech and Science Fest" аталышындагы илим жана технология фестивалы болуп өттү. Эки күн бою техникага кызыккандарга жагымдуу маанай тартуулады. Фестивалдын Башкы демөөрчүсү MegaCom уюлдук оператору болду.

«БААРЫН БИЛГИМ КЕЛЕТ» ШОУСУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Эки күндүн ичинде бекер маалымат берүүчү шоу коштогон STEM (Science, Technology, Engineering, Math) оюндары ойнотулуп, аны менен катар ойлоп табуучулардын үн толкундары менен башкарылган роботторунун, жарыш автоунааларынын көргөзмөсү болду. Белгилей кетсек, акысыз уюштурулган фестиваль бишкектиктердин жана анын конокторунун дем алыш күндөрүн кызыктуу өткөрүүгө шарт түздү. Ошондой эле кадрдык анимациялоо тууралуу мастер-класс дарстары окулду. Көңүл чордонунда чоңдор жана кичинекейлер үчүн «Баарын билгим келет» аттуу илимий-химиялык шоусу көрсөтүлдү. Конокко келген кичинекей достор демин ичине катып, шыркырап түтөгөн ыкманы кылдат карап турушту жана акылдуу пластилинди өз колдору менен жасоону үйрөнүштү.
Фестивалга жалпысынан жыйырма миңдей адам катышты. Көргөзмөлөрдө 50дөн ашуун ойлоп табылган долбоорлор коюлуп, алардын арасынан алдыңкы орунду ата мекендик экспонаттар ээледи. Сунушталган иштерди ар кайсы жогорку окуу жайынан келишкен топтор, программисттер жана ойлоп табуучулар баалашты.

ИНТЕРАКТИВ ЖАНА БЕЛЕКТЕР
Уюштуруучулар "Tech and Science Fest" фестивалынын катышуучуларына толгон сюрприз белектерин даярдашкан. Алардын бири BRAIN STREAM форматындагы тез тапкычтыкты талап кылган Мега-гонка жарышы болуп эсептелинет. Буга катышууга бардык каалоочулар тартылды. Анда бир гана MegaCom`дун абоненти болуу талабы менен жеңишке умтулууга чакырды. Оюнчулар атайын берилген тапшырмада катылган чекиттерди таап, СМС түрүндө жообун жазышты. Эң аз ката кетирип, туура жоопторду көп жиберген тайпалар жеңишке ээ болушту. Жыйынтыгында иш-чаранын башкы демөөрчүсү MegaCom компаниясынан фирмалык кол чатыр, сумка сыяктуу көптөгөн күтүүсүз жагымдуу белектерди алышты.

ПЛАНЕТАРИЙЛЕР ЖӨНҮНДӨ ЖОМОК: МОБИЛДИК БАЙЛАНЫШ ТУУРАЛУУ МУЛЬТФИЛЬМ
Кичинекей бөбөктөрүбүзгө чыныгы белек болуп ата мекендик режиссёрлор тарабынан даярдалган «Акылбек менен Билимбектин жоруктары» аттуу мультсериалы эсептелди. Анын ачылышы өзгөчөлөнгөн форматта, тагыраагы, мобилдик планетарийдин төбөсүндө көрсөтүлдү. 10 сериянын жүрүшүндө мультфильмдин башкы каарманы Акылбек уюлдук байланыштын радиотолкуну, коопсуз интернет жана мобилдик этикет тууралуу кызыктуу аңгемесин айтып берди. MegaCom компаниясы балдарга эртерээк мобилдик пикир алышуунун маданияты жана билимге болгон тартылуусун жогорулатуу максатында бул мультфильмди тартууга атайын буйрутма берген.
Илим жана технология фестивалын өз демилгеси менен уюштуруп жаткан мекендештерибиздин пикирин уктук. Өлкөбүздөгү алдыңкы байланыш оператору MegaCom компаниясынын башкы мүдүрү Азат Базаркулов: «Бул долбоорду ишке ашырууда талыкпай эмгек жасап, күч жумшаган жаштарга, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү керек. Бул жолу да MegaCom компаниясы четте карап турбастан, активдүү киришти. «Tech and Science Fest» фестивалы биринчи кезекте жаштарды ойлоп табууга, ачылыш жасоого үндөгөн жакшы саамалык деп билем. Кыргызстандыктар канчалаган таланттуу окумуштуулар, инженерлер, конструкторлор сыяктуу нечендеген өнөр ээлери арабызда жашап, иштеп жатышкандыгын билип, сыймыктансак болот»,- деди.

КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ОЙЛОРУ

Гүлмира Султанова:
– Бул жакка келип, бардыгын көргөндөн кийин менде Кыргызстандын келечеги жана өсүшү бар деген ишеним пайда болду.

Кунай Нурдаулетов:
– Баарынан мага колго жасалган бомбалар жакты. Алардын кээ бирин зыянсыздандырууга дагы жетиштим.

Аяна Осмоналиева:
– MegaCom`дун мультфильми супер деп айтсам болот. Биз досторубуз менен планетарийдин шыбынан көрдүк. Укмуш сонун экен!

Максим Шадиков:
– Мени 3D форматындагы принтерди ойлоп чыккан балдар абдан таң калтырды. Бул бир башкача, өзгөчө болду десем болот.

MEGACOM – БИЛИМ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР ҮЧҮН!
«MegaCom – жогорку технологиялуу компания, ошондуктан таланттуу жаштарды колдоону жана жаңы ысымдарды ачууну көздөгөн билим берүү багытындагы долбоорлорду көз жаздымга калтырбай келет. Бул фестиваль адамдардын өзүн курчап турган дүйнөгө өзгөчө өңүттөн сереп салуусуна, илимге, чыгармачылыкка жана интеллектуалдык баарлашууга болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө боло алат деген ишеничтемин»,- деп белгиледи MegaCom компаниясынын жарнама жана PR департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова.
MegaCom өлкөбүздүн бир катар долбоорлорун колдоп келет, алардын катарына BarCamp, TEDex долбоорлорун, IT-адистеринин жолугушууларын – хакатондорду, «Mega-билим», «Мобилдик сабаттуулук сабактары» жеке демилгелерин кошууга болот. MegaCom улуттук уюлдук оператору кыргыз тил мугалимдеринин жыл сайын өткөрүлүүчү жалпы республикалык конкурсуна да колдоо көрсөтүп келет. MegaCom – билим жана инновациялар үчүн!

MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Бүткүл дүйнөлүк илим күнү менен куттуктайт. Бул күн жыл сайын 10-ноябрда белгиленет. Өлкөбүздүн алдыңкы мобилдик оператору билим берүү тармагын жана жаштарды колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга өз салымын кошуп келе жаткандыгы маалым.MegaCom компаниясы илимий ишмерлерди, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү жана ойлоп табуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктоо менен, аларга билимге сугарылган илимий көз караштары, адамзаттын мүдөөсүнө, заманбап жашоо шартка шайкеш келген ойлоп табуулары үчүн ыраазычылык билдирет. Жаңычыл идеяларын ишке ашырууда кажыбас кайрат, чыгармачылык эргүү каалайт.

Жумгалбек Өмүрканов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан