80 ЖАШТАГЫ ПЕНСИОНЕРДИ СЕЛСАЯК ЗОРДУКТАП ӨЛТҮРДҮ

31-октябрь күнү Бишкек шаарынын Тынчтык проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн биринде кары аялдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери сөөктүн өздүгүн териштирип, 80 жаштагы пенсионер экендигин аныкташкан.

Милиция кызматкерлери шектүүнү 5-ноябрда колго түшүрүшкөн. Ал 1985-жылы туулган АЗАМАТ КУРМАНАЛИЕВ аттуу үй-жайы жок, көчөдө күн кечирип жүргөн селсаяк болуп чыккан. Тергөө учурунда ал окуя тууралуу буларды айтып берген:

«ЭСИН ЭЛЕ ООДАРАЙЫН ДЕГЕМ, КӨРСӨ, ӨЛҮП КАЛГАН ТУРБАЙБЫ»
– Бишкектеги ооруканалардын биринин жер төлөсүндө жашачумун. Темир, бөтөлкө чогултуп, аларды өткөрүп күнүмдүк азыгымды табам. Окуя болгондон 4 күн мурун ал кемпирди көчөдөн көргөм. Үйү мен байырлаган аймакка жакын жайгашкан. Мени көрүп «жүрү үйгө, нан берем» деп ээрчитип барып, бир нече жолу курсагымды тойгузган. Суукта ичпесе да болбойт. Күндүзү дарыканадан спирт алып, үстүнө суу аралаштырып «басып» алгам. Кечинде баш ооруганынан темир издеп чыктым. Өтүп бара жатсам баягы кемпирдин дарбазасы ачык экен. Кирип, эки жагын аңтардым. Араба, майда-чүйдө, темир-тезектер бар экен. Алчуларымды болжоп коюп, үйгө кирдим. Суу ичип, төркү бөлмөсүнө кирсем, керебетте мага нан берген кемпир уктап жатыптыр. Кийимчен экен, алгач чечинттим. Каршылык көрсөттү, ошондуктан максатыма жете алган жокмун. Кыйкырып жардам сураганынан үнүн бассын деп муунтуп койгом. Эсин оодарып эле коёюн дегем, көрсө, өлүп калыптыр.
Ачка болгондо эки күндөн кийин көчөгө чыгып бөтөлкө чогултуп жүрсөм Адилет деген тааныш бала «сени милиция издеп жүрөт» деди. Качып кетүүнүн жолун ойлоп, жол кире жок болгондуктан темирлерди чогулта баштадым. Анан аларды акчага өткөрөйүн деп темир алган жерге келе жатсам кармап алышты.

«ПЕНСИОНЕРДИН ЗОРДУКТАЛЫП ӨЛТҮРҮЛГӨНҮ АНЫКТАЛДЫ»
Медициналык экспертизанын жыйынтыгы жана тагылган беренелер тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери МЫРЗАБЕК ТОКТОСУНОВ буларды билдирди:
– Шектүү Жалал-Абад облусунда 1985-жылы туулган Азамат Курманалиевдин Бишкек шаарында туруктуу жашай турган жери жок, селсаяк экени маалым. Ал мурда да 164-берене (уурдоо) менен соттолгону аныкталды. Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, 80 жаштагы пенсионердин өмүрү кыйылар алдында зордукталганы билинди. Маркумдун 1 баласы болгон. Ал 2010-жылдан бери апасынын жанына досун үй-бүлөсү менен киргизип койгон экен. Окуя болгон күнү үй ээси жок болгон. Ал эми келинчеги кылмышкерди көрүп калганда ал бычак менен коркутуп туруп качып чыгып кеткен. Шектүүнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

«Жумшагыңды билип алдым, кырманыңа кирип алдым» дегендей, кары адамдын боорукерлигин билип алып, «боорго тепкен» селсаякты темир тор артында тиешелүү жаза күтүп жатат деңизчи. Бирок ага жаза катары абактын ичинен «даяр үй», 3 маал тамак табылып, тескерисинче, кубанып жаткан жокпу деген ойго кептелет экенсиң...

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кылмыштуу топтордун бети ачылды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
fanatkakg
2014-11-19 10:17:25
кудай сактасыыын
0
WINNER
2014-11-19 10:40:20
Алты санын аманбы, иште анда кочодо темселебей!
0
Damirbek-KG
2014-11-19 12:57:38
Бул зоокур эми ар дайым жанында ВАЗЕЛИН алып журушу керек турмодо, бирок ал аздык кылатко
0
femidakg
2014-11-19 13:30:21
Алты саны аман болсо, иштебей ушуга окшоп темселеп женил оокат издегендерди кочодо корсом жиним келет да, дагы байкуууш болумуш болуп суранышат. Эми мунун кылганын кара, ХХХ ХХХ ХХХ кылат мындайларды.
0
admin_media
2014-11-19 13:36:57
femidakg,
Провокацияга жол берилбейт! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
0
aza.kg007
2014-11-19 16:18:38
Ал айбандын аты азамат экени кыжырымды келтирди
0
akyl-um
2014-11-19 21:44:25
Жазалоодо омурун кыйууга адамдардын аллах тарабында укугу жок!биз да бироону талкулаганга да болбойт.Андан коро ыйман берсин жердештерибиздерге кичинесинде тарбияны жакшы берип,ыйманга чакырыш керек.Сен таза болсон мен таза болсом коом да таза болот дегендей баарыбыз ыймандуу,эс акылыбыз оордунда болсо,мый3ам бузган адам аз жада калса жок болот.
0
Kyrgyz.jigiti
2014-11-19 23:29:26
бул хххх турмодо бекер тамак еммеско билишимче енесин корот ал жакта ни подароктор кутуп алладда
0
abdykadyr
2014-11-20 01:21:10
Мындай мыкаачыларды стадион,аянттарда көргөзмө жазалаш керек,Кытай жана кээ бир мусулман өлкөлөрүндөй."Собаке собачья смерть".
0
egemberdievagulbara
2014-11-20 13:29:59
Уурулук , адам олтурууго азамат окшойт.Кудайым татыктуу жазасын берсин мындай селсаяктарга.
0
avaz-t02
2014-11-20 16:21:16
Эсине кел Кыргызым! Мындайлар Москвада да журушот, башка мусулман элдеринен бир да бомж корбодум.!!! Эмне учун биз..? Же биз не жалкоо келебизби...., же коркокпузбу..., же тагдырга биз гана таарынышты билебизби..., же ушунчалык ар тараптан талантуу эл КЫРГЫЗБЫ!!!! Менимче жаштардан тузулгон топ керек Кыргызстанга, ушундайларга деги эле жат корунушторго кайдыгер карабай жонго сала турган керек болсо бомжду ак эмгекке иштоого мажбурлай турган. Укпаса сабай турган!!!
0
Azura
2014-11-20 19:43:59
avaz-t02, ар бир созунузго кошулам!!!
0
Bek94
2014-11-21 12:50:04
Adamdar ne bolgon al kempirdi nege zorduktait ХХХ kiwi eken
0
ota.88
2014-11-21 19:17:36
Достор балким бул жигиттин куноосу жоктур. Бизде билесинерда сотторубуз укук коргоо кызыматкерлерибиз кандай иштешерин. Мен ойлойм жыйынттык чыкпай анан ушул бомжга илип койду коркутуп уркутуп. Себеби коруп эле журом милициялар кантип иштешкенин. Милициялар звания которуш учун атасын да каматат андай иттерди козум м.н коргом.
0
Sweet-Lika
2014-11-23 00:01:25
Өлбөгөн селсаяк!
Тузун татып, нанын жеген соң кылган раазычылыгың ушубу?!
0
nuru95kg
2014-11-23 08:37:00
КЫРГЫЗСТАНДА Жумуш аздыгынан мындан да жаман окуялар болот ушул созго кимдер кошулат?
0
Ailo
2015-10-15 12:26:55
Адам деп да болбой калыптыр бул ХХХ!!!Байкуш эне..Бекеринен селсаяк эместа ошо нанкорлугунон кочодо журот экен эле.Ит да тамак берген адамды каппайт,тиштебейт.Иттей да кадыры жок зоокур.
0
admin_superstan
2015-10-15 12:51:34
Ailo, этика нормаларын сактаңыз. Билдирүүңүз түзөтүлдү.
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан