Ууртунан жылмаюу кетпеген ырчы Нурлан Насип чыныгы жашоодо кандай? Учурда хит ырларды жаратып, кыздардын жүрөк оорусуна айланган ырчынын биз билбеген сапаттарын анын айланасындагы адамдар кеп кылышсын.
Асел Касымова, ырчы: «СӨЗ БЕРИП, АНАН АТКАРБАЙ КҮТТҮРҮП КОЁТ»– Нурлан менен ал жаңы сахна босогосун аттаганда, 2007-жылы Дайыр Исмадияровдун концертинде таанышканбыз. Анда ал ырчыларга көп аралаша элек болчу. Дайыма аккордеонун жанына алып жүргөн, музыкалык аспап көрсө эле ойной калган, чыгармачылыкка суусап турган жигит эле. Чынында, аракетчилдигин көрүп бир нерсенин өтөсүнө чыкчу бала экендигине ошондо эле ынангам.
Азыр Нурландын чыгармачылыгынын гүлдөп турган учуру. Мурун 2-3 айлап чогуу гастролго чыгып, бир туугандай болуп калганбыз. Азыр болсо той-концерттерден эле жолугуп турабыз. Анын жөнөкөйлүгү, шайырдыгы абдан жагат, бирок сөз бергенден кийин аткарбай күттүргөнү жаман. «Мына, бул жумушту бүтүрөйүн, тиги жумушум аяктасын» деп көп айтат. Мага бир ыр жазып бермек, убадасын аткара элек. Мурун андай эмес эле, жумушу көп болгондуктан колу бошобой жатса керек деп эле күтүп жүрөм.
Эрнист Сыдыков, клипмейкер: «НУРЛАН ӨТӨ УЯЛЧААК»– Нурлан экөөбүз 2-3 жылдан бери чогуу иштешип, көп клиптерин тартып бердим. Баалаганым, Нурландын кээ бир жаңы чыккан ырчыларга салыштырмалуу «жылдыз оорусуна» чалдыкпай адам бойдон калганы. Жумушка, акчага так. Бизде көп болот да клип тарттырып, акчасын бербей алдап жүргөндөр. Нурландын уялчаактыгы, тартынчаактыгы жакпайт. Бирөө-жарым менен сүйлөшө койчу десең, дайыма тартынып эле турат.
Эсимде, Астанада "Эркелетсемби?" аттуу ырынын клибин тартып жүрдүк. Үйүбүз жок, аба ырайы суук. Анан биз көчөдө калып, Нурланды «чачыңды жасатып чык» деп чачтарачканага киргизип жибердик. Ага орус чачтарач туш келип калган окшойт, же аны тартынып бизге айтпаптыр. Бир маалда чыкты, чачы өтө эле кыска. Эки кулагы чо-оң болуп көрүнүп турат. «Эмнеге мындай болуп калды, эмне, орус бекен чачтарач?» десек, «жок, казак экен» дейт. «Анан эмне мынча кыскартып салды?» десек «ушундай болуп калды» деп коёт. Күлүп-күлүп, анан сууктан кызарган кулактарын көрсөтүп клипти тартып койгонбуз. Бул мүнөзү клипте роль жаратканда да аябай кыйнайт.
Канат Кадыржан, мурунку продюсери: «БИРӨӨНҮН КЫЗМАТЫН КЫЛГАНДАН КӨҢҮЛҮ КАЛБАДЫ»– Нурлан менен 6 жыл чогуу иштештик. Бул аралыкта эмне деген гана окуялар баштан өтпөдү. Далай жумуштардын өтөсүнө чыктык. Байкаганым, Нурлан жаркылдаган мүнөзү, кичи пейилдиги менен үй-бүлөсүндөгүлөрдөн айырмаланып турат. Бирөө бир нерсени айтса жок дей албай канча жолу уйкудан калды, эс албай ар кимдин кызматын кылгандан көңүлү калбады. Бирок ушул сапаты ага чыгармачылыкта көп бийиктиктерди багынтууга өбөлгө болду.
Адамдын төгөрөгү төп келишкени болбойт да. Нурландын уйкучулук жагы бар. Бирок мен аны түшүнүүгө аракет кылчумун, себеби жумушу, чындыгында, болгон күчүн жеп коёт. Анан эркелиги бар. Өрүктүн ширесин жакшы көрөт да. Анан гастролго чыкканда, жолдо баратып кесиптештерге жолдо жеп кетишсин деп майда-барат алып бересиң. Анан Нурланга атайын өзүнчө өрүктүн ширесин көтөрүп келсем бардыгы таң калышчу «ий, аябай эркелетесиз го «уулуңузду» дешип.
Эл менен жакшы тил табышат, ырчылар менен дагы. Бир ирет Дайыр Исмадияров экөө мушташып калганын жазган элеңер. Анда жигиттердин ийгилигине көз арткан адамдар ортого от салып, ушак ташып экөөнү чагыштырып коюшту. Болгону ал учурда Нурлан менен Дайыр эмоцияга алдырып жиберишкен, бирок кийин өздөрү чыккынчы ким экенин билип калышты.
– Жаштайымдан өжөрмүн. Бирөө көңүлүмдү ооруткан сөз айтса дароо урушуп кетмейим бар. Өтө кекчилмин деп айта албайм, бирок катуу көңүлүмдү калтырган адам менен кийин мамилемди мурдагыдай кылайын десем деле жан дүйнөм жол бербей, эч окшошпой коёт. Чынында, кээде сөөгүңө сайып сүйлөгөн адамдар кездешет, андай учурда 32 тишиңди көрсөтүп күлүп тура албайсың да. Ошондо кичине кызуу кандуу деген атты далилдеп калмайым бар.
Адамдын көңүлүн ойлоп, көп сөз берип алып, анан аткара албай өзүм эле кыйналган учурлар толтура. Ордунда «мүмкүнчүлүгүм жок» деп айтканга такыр үйрөнө албай койдум.
Айылда өскөндүктөнбү, шаардын балдарындай ойлогонумду бетке тарс-тарс айткан кыялым жок. Качан болсо тартынып турам, бирок азыр ошол нерсе менен күрөшүүдөмүн. Үйдө болсо мээримдүү эле агамын деп ойлойм. Студент карындаштарым бар. Өзүмдүн да кезинде студент болуп ачка калган күндөрүм эсимде. Алар антип кыйналбасын деп дайыма «тартынбай акча сурагыла» деп турам. Бирок өтө жакын сырдаш, теңтуштардай эмеспиз.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg