Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Орустун майда кошуундары Үч-Алматыга келип, бүткүл кыргыз-казак тайпаны ээлеп алып, бери карап турган чагы.
«Орустун алдын тостурмакчы», «Үч-Алматыдан кайра сүрүп, андан ары Ак-Мечитти бошотуп алмакчы» болуп, Мала хан он беш миңден ашуун кол курап берип, Ташкен беги Канат шааны 1860-жылдын күзүндө жолго чыгарды. «Датка агасы» Алымбектен кошуунга баш-көз болуп берүүнү суранды.
Кең Сары-Өзөн Чүйдүн бейпил коңур күзүн көп кошуундун дүбүртү сестентти. Канат шаа тээ Олуя-Ата шаарына келгенде эле чабарман чаптырып, бул өрөөндү мекендеген кыргыз-кыпчак бийлерине казатынын максатын айтып, «эртеңки орус менен бетме-бетинде көмөк болуш үчүн каракелтек жыйнап, алдынан тосо чыгып, кол куушуруп туруштарын» катуу буйрук кылып куш кат жиберген.
Ушул учурда Жыламыштын көз кайкыган түзүнө атайын он эки канат ак өргөө көтөрүлүп, бир жагынан бул элге тууган, бир жагы ордонун аталыгы болуп эсептелген кадырлуу да, оозунда эни, кабагында сүрү бар датканы күтүп жатышты. Тиги жат Канат шаага теңдешер, бул элге арачы түшөр кадыр да, күч да, ошол өз тууганы Алымбек датка экени аяр Жангарач бийдин өзүнө да, жамы журтка да дайын.
Биякка биринчи жолу келе жаткан кошуун башы датка ак босогодо турган адам караанын байкады. Жакын келе бергенде кең көкүрөк, кашы чимирилген бүркүт кабак, ныл кара сакал, сүлөөсүн бөркчөн адамзаада даана көрүндү. «А-а, каранын каны өзү го?..» деп болжоду дилинде аяр датка.
Байтик Алымбек датканы аттан колтуктап сүйөй түшүрүп, кучакташып учурашты. Он эки миңден ашуун кошуун башында келген адигине тууганы Алымбек датканы Жангарач атайын көтөрүлгөн ак өргөө эшигинен кучак жайып күтүп алды. Өз уруусу адигине атпай, амири астындагы бүт анжиян багытында жашы кичүүсү да, улуусу да бирдей аны «журт агасы датка ата» дешет. Бирөөнүн жакынсынганы ага көнүмүш, жакшы сөзүнө бышы кулак. Чүчтөдөй ак сакалдуу жүзүнөн жадырап ырайым гана төгүлгөн Жангарач бийдин кучак жайганына датка бетинен түшө да койбой, бой да көтөрбөй сыпаа, ийкем тутуп көрүштү. Төбөсү түндүк тиреген, отурса бир улага бүт толуп, нылдай кара сакал, даңкы ага алыстан угулган баатыр Байтик сөөлөтү өзгөчө. Ал жашы улуу өз агасы Жангарачтан, кадырлуу Жантайдан оозунбайт, сөзгө маани берип былк этпейт. Бирок кыраакы ордо адамы бу ары меймандос, ары тууганчыл аксакалдарга караганда баатырдын тымпыйышында чие түйүн турганын, акыры келип айтылар сөз да, бүтүшөр бүтүм да ушунда экенин баамдабай коймокпу?!
Салт билги солто кадырлуу датка тууганынын урматын ансайын көтөрүп, тээ Кокондун өзүнө угулсун, ичи жакшыга сүйүнүч, ичи арам душманга күйүнүч болсун деп ырымдап, өкүмдарлардын өзүнө кылынчу урмат белгиси ак боз бээ чалдырып, өлчөмсүз ыклас менен тосушту, датка тууганын.
Жангарач бий ошо таптагы датканын ордодогу акыбалынан кабардар болчу. Мала хан муну «датка ага» дейт, бирок ордонун ойлугунан тышкары калтырып, ачык ажырымга барышка батынбай жүрөт. Хан ордо аскерин бөтөн элден ар бирине пул төлөп көбөйтүп, башка элдин өкүлдөрүн шаарларга бек коё баштады.
Ушул эле перс Канат шаа Ташкен беги, арап Шатман кожо – Түркстан беги, бадахшан калчасы Рахматулла – мына Бишкек беги. Мунун баары ордого тең ата кишилердин таасирин азайтуунун аракети. Мейли, куйтуңдап көрсүн! Тиякта ордо үч араан, биякта орус элди күндө колдон талашып турган чакта бу куйтуңдашы өз башын жейт. Ар кимисин бир кучактап, үч жаатты мен ийгерип берем. Оруска ыктап калган бул элди да туугандыгымды ортого көлдөлөң коюп, дагы мен кайра кошом. «Ыя, а мен бөлүнсөм мени ага ким ийгерип, ким кайра кошуп бере алмакчы?!» дейт дымактуу Алымбек датка, азирет ханын көз көрүнөө тоготпой.
– Тээ илгери Каркыра ашып, Текестин калмагы үч каптады, анда калка болгон жок ордобуз. Кийин орус менен кагышып, аргасы түгөнгөндө «кыргыз-кыпчакты элкин тоодон сүрүп, жер бошотуп алам» деп Кененсары бир каптады – мында көмөк болгон жок ордобуз. Э-э кечээки ишти айтайын, өз ичибизден иригенибизде Кылжырдын эки баласын койкойлоп арага түшө албады ыйык ордобуз...
Алымбек датка эрдин бек кымтып, башын акырын ийкеп отурду. «Ушуну айтышмак! Баары ырас. Ишенип, мени туугансып айтып отурушат...» деп өктө акыйкатына тан берип, көңүлү жибип отурду.
Бул датканын баасы, ордодогу салмагы жөнүндө кеп болгондо бүт Анжиян журту, анан да бу кут жактагы тоолук кыргыз-кыпчак дайыма эстелип, булардын деми датканын пайдасына эсептелип жүргөн. Бирок датка өз вилаетинде талаш-тартыштарга көп элек болуп булардын тирилигине аралаша албай, өзү да бел тутканы менен оңдуу сырдана эмес болучу. Өз колу менен таажы кийгизген селсаяк Мала жерий баштаган чакта кыргыз-кыпчактын биримдиги ал үчүн зарыл болуп турган. Эгер Канат шаа чын эле орусту Ак-Мечиттен сүрүп кайтчу болсо ордо көзүнө да, журт көзүнө да Мала хандын аброю асманга чыкмак. Муну Алымбек датка жаздым кетирмекпи?! Ал дагы «каапыр менен кармашуу» дегенди бетине тута Мала хан менен жооптошуп, өз кошуунун баштап, жолдон Куртка, Кетмен-Төбө чептериндеги сыпайларды кошуп алып, кыргыз-кыпчакка карата болгон арам ойго бөгөт болом деген жашырын эрегиш менен келген. Ошондой маалдагы булардын ордого болгон ачык кинээси Алымбек даткага жакты.
– Жо, кадырыңар жам болсун, бийлер, эми жалгыз аяк Канат шаа эмес, ханыбыздын өзүнө да тепсете койбоспуз...- деп кыйытты Алымбек датка.
«Ыракмат!» «Тууган деген ушул эмеспи?!» бийлер дуулдап кетишти.
– Түзүк, тепсетпейбиз дегениңиз түзүк,- деди Байтик, – бирок «хан» деп көтөрүлгөн соң хандын өкүмү жүрөт. Аны ичиңде сыйлабасаң да, «азирет» деп кол куушуруп, жалган эле жылмаңдап отурушубуздун не кажети бар? Өзүбүздөн хан, өзүбүздөн азирет кылсак болбойбу?! Куп болот! Ордо эгеси өзүң болсоң гана тепсетпейсиң. Өзүң болбогон соң «тепсетпейбиз» деген куру кайрат, куру дем бойдон кала берет.
Баары кут этишпей, бул сөзгө бир ооз экени сезилип, бийлер мелтиреп калышты.
– Нүзүп бий не тапкан?! Мусулманкул миңбашы не болгон?! Өзүнөн хан көтөрүлмөйүнчө кыргыз-кыпчактын көрөр күнү ошол. Ар кимиси ар жерде, ар кимге таламай болуп кала берет. Мына ушуну ойлонуш ылазым, датка. Болбосо биздин эл кечет бу жаман төөнүн жабуундай боло албаган ордодон!- деди Жангарач бий томсоруп. 

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан