КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбүдө түшүнбөстүктөр көп болот. Баарын эле ордунда жасап жатсаңыз да сизди алаксытып, ишиңизди бүлдүргөндөр чыгат. Шейшембиде сыйгаланып жыгылуу, бийиктиктен кулоо сыяктуу кырсыктардын алдын алыңыз. Жума күнү башкалардын пикирин укпай өз алдынча иш жасабоо кажет, болбосо терс жыйынтыкка ээ болосуз. Ишембиде ачууга алдырбасаңыз, олжо сиздики.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Шейшемби жолугушууларды, кызыктуу идеяларды тартуулайт. Шаршембиде сыркоолоп калган тууганыңызга да каралашууңуз мүмкүн. Жума күнү шаңдуу компаниянын коногу болууңуз ыктымал. Ишембиде болбогон нерселер эле кыжырыңызды келтире берип, ишиңиздин жыйынтыгы жакшы болбойт. Андыктан эс алганыңыз оң. Жекшембиде эч кимге айтпай тургандай бир сырды угасыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө бизнес ачуу же орун которуу сыяктуу маселелер тынчыңызды алат. Шаршембиде иштин көптүгү бир тынымга отургуза койбойт. Андыктан бул күнгө жеке иштерди пландабаган оң. Бейшембиде жаңы идея, долбооруңузду жетекчиликке сунуштасаңыз, колдоого алынат. Жекшембиде үйдөгүлөргө акча коротууңуз күтүлүүдө.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада бирөөлөрдүн ийгилигине ич күйдүлүк кылып, туура эмес кептерди таратуунун кереги жок. Максатка жетүү үчүн керектүү адамдарга жакшы мамиле түзө билиңиз. Кээ бир чарбалык маселелерди кийинки аптага калтырбай бүтүрүү зарылдыгы жаралат. Апта аягында жүрөгүңүздүн каалоосу «баары өз ордунда, убагында болуш керек» деген принцибиңизди жеңип кетет.
АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын башында ууланып калбоо үчүн ичкен тамагыңыздын сапатына көңүл буруңуз. Ачыла элек таланттарыңыздын бири ачылып, буга чөйрөдөгүлөр эле эмес, өзүңүз да таң каласыз. Апта ортосунда бир иштерди бүткөрүп алуу үчүн 1 күн уруксат алуу тилегиңиз жетекчилик тараптан четке кагылышы мүмкүн. Апта аягында оор жүктөрдү көтөрүп, ден соолугуңузга зыян келтирип албаңыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Остеохондрозу барлар атайын көнүгүүлөрдү жасай баштабаса, дарт ойдогудай иштеп-жашоого жолтоо болот. Аптанын башында иштин көптүгү кенен чай ичүүгө убакыт калтырбайт. Апта ортосунда сүйүктүүңүз кайсы бир планыңызды колдобой, капага салат. Жуманын аягында балдарыңызга кошулуп сейилдеңиз, алардын талап-сунуштарын угуңуз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Идеяны ишке ашырууда коркпоңуз жана артка чегинбеңиз. Жетекчиликке түшүндүрүңүз, ишендириңиз. Эгер мындай кылбасаңыз, үстөмдүктү башкаларга тарттырып жибересиз. Кайсы бир маселелер менен жол жүрүүгө туура келет. Бошогондо дарылык ванна кабыл алып, өзүңүздү калыпка келтириңиз. Апта аягында сизди чакан белек, жылуу сөздөр күтөт.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын башы көңүлүңүздү көтөргөн жаңылык менен башталат. Шейшембидеги маселени узартпастан, дароо чечиңиз. Болбосо арты сиз күткөндөй болбойт. Шаршембиде баалаган адамыңыз тамаша-чын иретинде сизди сынынан дагы бир жолу өткөрөт. Жума күнү достордун бири ачык сүйлөшүүгө чакырат. Ишембиде үйдөгүлөрдүн дооматына чыдоого туура келет.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Арыктагысы келгендер үчүн диетага отуруучу, ал эми билимин өстүргүсү келгендер үчүн курска баруучу убак. Душмандардын санын көбөйткүңүз келбесе, иште ашыкча активдүүлүктү көрсөтпөө, башкаларды сындабоо кажет. Акчаңыз түгөнүп, абалдан досторуңуз чыгарышы мүмкүн. Алыстагы досторуңуздан кабар келет. Эс алуу күндөрү кышка даярдык көрүп, көңүлүңүз жайланат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Дүйшөмбүдө бут тоскондор менен бир аз кагылышып кетүүңүз ыктымал. Шейшембиде акыркы күчүңүз калгыча иштейсиз, бирок жыйынтыгы кубанарлык болот. Шаршембиде каалабасаңыз да туугандар арасында болууга туура келет. Жума күнү узакка эсте калуучу жолугушууга туш келүүңүз мүмкүн. Жекшембиде каалаган буюмуңузду сатып алууга мүмкүнчүлүк жаралат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жылуу кийинбесеңиз, суукка чалдыгуу коркунучу бар. Шейшембиде жакындарыңыз улам бир маселе менен чалып, алагды кылышат. Шаршембиде кинотеатрга же конокко барууңуз ыктымал. Жума күнү жетекчилик менен тартышуудан пайда жок. Анткени ал сизди туура түшүнбөй калып, жамаатта сөздөр чыгат. Ишембиде гардероб жаңыртууңуз ыктымал.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө күтүлбөгөн кырдаал бир топ апкаарытышы ыктымал. Шейшембиде улам бир майда маселе жаралып, кечке калып иштөөңүз мүмкүн. Документтерге да сак болуңуз. Шаршембиде колуңузга акча келип түшүшү күтүлүүдө. Эс алуу күндөрү сүйгөнүңүзгө сезимдериңизди билдирип, белек тартууласаңыз туура.