АВТОУНААНЫ ГАЗГА ӨТКӨРСӨ АКЧАГА ҮНӨМ БОЛОТ

Учурда автоунаа ээлеринин жүрөгүн өйүткөн маселе – бул күйүүчү майдын күндөн күнгө кымбаттап баратканы болууда. Мындан улам электр энергиясы жана газ менен жүрүүчү автоунаалар көпчүлүктүн көңүлүн бурууда. Төмөндө газ баллон жабдыгы тууралуу жана анын оң, терс жактарын ачыктап беребиз.

ГАЗ БАЛЛОН ЖАБДЫГЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Газ баллон жабдыгы (ГБЖ) – кыймылдаткычы бензин менен иштөөчү автоунааларга орнотулуп, кыймылдаткычты иштетүүчү кошумча жабдык. Аны орнотуу менен унааны газ менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт жана автоунаанын кыймылдаткычы бензин менен да, газ менен да иштей берет. Эсептөөлөр боюнча, бензинге караганда газ 10 пайызга көбүрөөк сарпталат. Анткен менен булардын бааларын эске алганда газ арзанга түшөт. Мисалы, 100 чакырым аралыкка 10 литр күйүүчү май сарптаган автоунаага АИ-95 үлгүсүндөгү бензин
(1 литри 53,2 сом) куйсак, учурдагы Бишкек шаарында көрсөтүлгөн баа менен
532 сомду түзөт. Ал эми ушул эле аралыкка 11 литр газ (1литри 26 сом) сарпталат жана анын баасы 286 сом болот. Бензинден 246 сомго арзан.

ГБЖнын АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА КЕМЧИЛИКТЕРИ

Артыкчылыктары:
Бензинге сарпталуучу каражатты эки эсе үнөмдөйт.
Экологиялык жактан зыяндуулугу аз.

Кемчиликтери:
Жабдыктын заманбап түрлөрүн жана аны орнотуунун баасы кымбат. Алсак, Бишкекте мындай жабдыкты 4 цилиндрлик автоунаага сатып алып орнотууга эң аз дегенде 700 доллар сарпталат. Ал эми 6 жана 8 цилиндрликтердин үстүнө дагы 150-200 доллардан кошулат.

  • Асты жапыз автоунааларга газ баллонду анын багажына орнотууга туура келет. Андыктан жүк салууга орун тар болуп калат.
  • Фильтрди тез-тез алмаштырып туруу керек. Болбосо газдын көп сарпталуусуна алып келет.
  • Кыргызстанда газ толтуруучу станциялардын саны аз.
  • Унаанын салмагы 30-50 килограммга оорлойт.

ГБЖны төмөнкү учурларда орнотуу максаттуу деп саналат:

  • Автоунааңыз менен көп жүрсөңүз (жылына 30 миң чакырымдан ашык).
  • Кыймылдаткычтын көлөмү чоң болсо (100 чакырымга 10-15 литрден жогору бензин сарптаган учурда).
  • Жогору октандуу бензин (АИ-95-98) колдонсоңуз.

ГБЖны ТАНДООДО ЭМНЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?

  • ГБЖны чыгаруу боюнча аты таанымал, элдин ишенимине кирген фирманыкын тандоо зарыл.
  • Жабдыктын жана аны орнотууда баасынын арзанына качырбай, сапатка басым жасаңыз.
  • Редуктор автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө ылайыктуу болушу шарт.
  • Газ өтүүчү магистралдык түтүктүн калыңдыгы 1 миллиметрден кем болбошу керек.

ТЕХНИКАЛЫК КООПСУЗДУК
Адистердин айтымында, бензинге салыштырмалуу газ коопсуз болуп саналат. Анткени бензин куюлуучу бакка караганда газ баллон 10 эсеге калыңдык кылат. Бирок унаа кырсыкка кабылып, баллон катуу нерсеге урулуп, жарылып кетсе, чыккан отту өчүрүүгө жетишүү кыйын. Эгер күйбөй эле газ чыгып жатса, ал өтө муздак абалда болгондуктан адамдын денесинин сырткы бөлүгүн үшүтүп жиберет.

Ошондой эле төмөнкүлөрдү эске алуу керек:

  • Газдын сыртка чыгып-чыкпаганын күн сайын бир текшерип коюп туруңуз.
  • Пайдалануу мөөнөтү өтүп кеткен газ баллонду орнотууга такыр болбойт.
  • Кыймылдаткычка газ өткөрүүчү түтүктү ачып-жабуучу вентилди зарылчылыгы жок беките бербеңиз. Аны көп убакытка автоунааны унаа токтотуучу жайга калтырганда, жабык имаратка киргенде же кыймылдаткыч бузулган учурда гана бекитип коюу керек. Ошондой эле системдеги газды толук иштетип бүтүрүү зарыл.
  • 2 литрден кем эмес хладон же порошок түрүндөгү өрт өчүрүүчү каражаттарды автоунаага салып жүрүү керек.
  • Бензин куюлуучу бакты какшытып салбаңыз. Күйүүчү май бактын жок дегенде төрттөн бир бөлүгүндө болуусу шарт.
  • Газ чыгып же чыкпаганын текшерүү үчүн түтүктөрдүн, баллондун же дагы башка бөлүгүнүн сыртынан от күйгүзүп текшерүүгө болбойт!

Кубанычбек Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
talant
2014-11-17 11:26:24
Kytaida 60% -70% mashina gaz menen jurot ,bir jolu gaz tolturrup aidasa 160-200km ge cheyin jetet ,bul gaz arzan , bir kub gaz 2.80 yuan(kashkar) ,adatta wolkwagen 1.6 lyk mashinaga 13 kub je 14 kub gaz kuyuuga bolot andan bolok Kytaida gaz kuyuuchu jailar menen kamsyzdandyrylgan ,gaz kuyuu uchun kop dele japaa chekpeisiz ! ekonom ,choironu da bulgashy az bolot ! kemchildigi kuchu benzinge karaganda bir az alsyz , misaly oodolosh belge je toolu jerlerge chyguuda mator kichine kuchoi albai
0
НурбеК
2014-11-17 12:51:28
бул макалада ката жана кемчиликтер бар менин оюмча,
газ бензинден дагы кооптуу (ото бат жарылат , ысыкта жарылып кетиши толук мумкун, жарылганда бомбадай эле жарылат, имараттын ичинде жарылса имаратты кыйратып коюшу мумкун , ошого газ менен жургон унааларга жабык жайларга кирууго тыюу салынат)

газ бензинге караганда алсыз, тартышы алсыз болуп калат унаанын, кееч ылдамдайт, ошондуктан жеке менин коз карашымда кыймылдаткычы 1.8 ден жогору унааларга туура келбейт. адамдар эмнеге
+2
Tagdyr
2014-11-17 17:12:26
НурбеК, ар бир сөздү жакшылап окуп чык. "Кыймылдаткычка газ өткөрүүчү түтүктү көп убакытка автоунааны унаа токтотуучу жайга калтырганда, жабык имаратка киргенде же кыймылдаткыч бузулган учурда бекитип коюу керек"-деп турат.
0
НурбеК
2014-11-17 21:35:20
Tagdyr, мейли ото акылдууларга дагы бир ирет тушундуройун. сен жабык автопаркка 1 жылга киресинби? ашып кетсе 3-6 саат же 1-2 кунго киресин да туурабы. макалада узак мооонотко деп турат жакшылап окусан. анан кыймылдаткычка кетчу газ тутукту бекитип кой деп жатат а ал тутукту бекитиш кнопканы баскандай эмес, тем более ал тутукту жапканда моторго кеткен газдын нормасы бузулат, кайра устасына барыш керек регуляциясын кылдырыш учун. эмне экенин билбейле жаза бересинби
+2
НурбеК
2014-11-17 21:38:01
НурбеК, а так газ менен айдабагыла дегим келген жок, ооба туура газ мн ото экономдуу, бирок абдан этият болуп учур учуру менен корсотуп туруш керек.
+2
K.Batken
2014-11-19 22:13:30
НурбеК, туура айтасын.ушул ойду айтайын деп жаткам!
0
EdikoKG
2014-11-17 13:52:00
Газдын да озуно жараша туйшугу бар. Абдан коопту. Бензин эле жакшы негизи.
+2
Aisanat
2014-11-17 14:46:40
Андан коро электр энергиясы менен жургон машина алыш керек. Жолдошум БМВ нын былтыркы чыккан электр машинасына кызыгып журот. Баасы деле ото кымбат эмес. Сарпталуучу каражат 2-3 Евро жумасына кетет экен. Алыс жолго май менен да журот. Гибрид деп коет электр энергиясы тугонуп баратканда бензинге которулат. Азыр кобу эле электр машиналарын айдап калышты озгочо фирмалардын машиналары кобунчо. Бензиндин баасы бизде 1,50 евронун тегереги. Салыштыра келсен абдан эле ынгайлуу.
0
Mirbek1993
2014-11-20 20:50:34
Dizel menen jurgon avto unaa algyla menikki dizel Hunday Porter bar,benzin m.n jurgon passat bar birok Porterdi kop aidaim sebeb 2,5 obem,a passat 1,8 birok,dizel arzan 45,10 som,a benzin 92 ulgu 53 som, passat 100km:10 ,Hunday porter 100km:8 lt
0
Ergeshev.77
2014-11-23 20:27:14
РФ Европада нефть мындай арзандай берсе бекер болуп калат деп дурболон болуп атышат саат 23 00 до рен твда ошол тууралуу корсотот мос время ишенбесенер корсонор болот а бизде кымбаттап атат
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан