«КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДҮ КИМ ОҢДОП-ТҮЗӨЙТ?»

– Биз жашаган көп кабаттуу үйдүн чатыры тешилип калган. Менин үйүм жогорку кабатта болгондуктан, өткөн тамчыдан улам бөлмөлөрдүн дубалдары саргарып, шыптары көчүп жатат. Кимге кайрылышым керек? Мамлекет тарабынан үйүмдү оңдоп-түзөгөнгө жардам көрсөтүлөбү?

Мээрим, Жалал-Абад шаары

–Биринчи кезекте сиздин үйүңүз оңдоо иштерин жүргүзүп, техникалык кызмат көрсөтүп жаткан кайсы уюмдун балансында экенин тактап алууңуз зарыл. Андан соң аларга арыз менен кайрылыңыз. Эгер чындыгында сиздин үйүңүздө ошондой жагдай түзүлүп жаткан болсо, алар оңдоп берүүгө тийиш.
 
Суроолорго КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана шаарды өнүктүрүү агенттигинин башкы адиси ЧЫҢГЫЗ КУБАТБЕКОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aksy-13
2014-11-18 17:15:28
Азыр эч ким чатырды жаап бербейт. Ошол подъездегилер ортодон акча чыгарып жаптырып аласынар эптеп-септеп. Эн устунку кабаттагылар кооп суммасын чыгарышынарга туура келет. Себеби алар арзаныраак алышат.
+2
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА