Чыр дүйнө
Биздин редакцияга кимдер гана кирбейт. Бул жолку конокторубуз Алтынай менен Үмүт сахнада жүргөн эки ырчы жигиттин жоругун айтып бүтө албай отурушту. Көрсө, булар “60'К” тобунун өкүлдөрү Талант менен Саматтын экс-жубайлары экен. Эмесе, аларга сөз кезегин берсек.
Ушундай өтүнүч менен келген айымдардын арманына кайдыгер карай албадык. Бул чыр маселе тууралуу аталарга суроо узатып, төмөндөгүдөй жооп алдык.
Талант: – Жазсаңар жакшы жагыбызды жазгыла да. Эмнеге эле үй-бүлө маселесине асылып калдыңар?! Менин үй-бүлөм, эч кандай балам жок. Мен бойдокмун. Ишенбесеңер, мына, жанымда сүйлөшкөн кызым отурат.
Самат: – Мен бул тууралуу эч нерсе айта албайм. Кийин жайма-жай отуруп айтып берем. Ага чейин эч нерсе деп жазбай тургулачы, сураныч.
Таланттын мурунку жубайы Алтынай:
“ТАЛАНТ БАШЫМДЫ АТТАП, КӨЗ КӨРҮНӨӨ ЖҮРҮП КЕТКЕН”
– Мен Талант менен кокусунан таанышып калгам. Иниси Самат экөө мен иштеген кафеде ырдашчу эле. Экөөбүздүн иштеген жерибиз бир болгондуктан, жакшы мамиледе болчубуз. Кийин мамилебиз өсүп отуруп сүйүүгө айланды. Ошентип, 2003-жылы тойчук жасап үйлөнүп алдык. Бир аз убакыт өтүп, кызым Аделяны төрөдүм. Бала төрөлгөндөн кийин эле
Таланттын кыял-жоругу өзгөрүп, 2-3 күн жоголуп кетмей адаты пайда болду. Кайда жүрдүң, эмне кылдың деп сурасам, корс этип бир тие турган болуп алды. Аялзаты болгондон кийин курган уяңды сактап калгың келет экен. Эми бул ырчы да, кесиби ошол болгондон кийин эмне кылам? Артисттин жашоосу ушундай болсо керек, чыдашым керек деген сайын ал мени көзүнө илбей калды. Кийинчерээк уксам, башка бирөө менен мамиле куруп, өзүн бойдокмун деп тааныштырган экен. Мурун бойдокмун дегенин гезиттерден окусам мейли, күйөрмандарын жоготуп албайын деп жатса керек дечүмүн. Чындыгын айтсам, башымды аттап, көз көрүнөө жүрүп жатканы жанымды күйгүздү. Анысы менден жакшыраак неме болсо да өзүмдү күнөөлөйт элем... Ырыбыздан чырыбыз көбөйүп, акыры экөөбүз ажырашып тындык. “Түштөн кийин буларды эмнеге айтып жатат?” деп жатсаңыз керек. Күйгөнүм, макул, мени жокко санап коюптур. Бирок өз канынан жаралган наристесин танып жатканына түшүнбөйм. Мына ушул нерсе силерге кайрылуума түрткү берди.
Саматтын мурунку жубайы Үмүт:
“КАЙНЕНЕМ БАЛДАРЫН ОҢ ЖОЛГО САЛСА”
– Алтынай экөөбүздүн тагдырыбыз окшош эле. Экөөбүз жакын курбуларданбыз. Алтынай Талант менен сүйлөшүп жүргөндө мени анын иниси Самат менен тааныштырган. Самат экөөбүз сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Кадимкидей ата-энебиздин алдына барып кыргызча той өткөргөнбүз. Кайненебиздин айтуусу менен үлпөт тоюбуз кийинчерээк болмок. Жыл айланбай уулдуу болуп, атын Адилхан койдук. Кайненем менен жакшы тил табыша албай койдум. Саматтын үйгө, үй-бүлөсүнө карамы жок болчу. Жалгыз жаш бала менен жүдөп төркүнүмө кетип калгам. Бир күнү гезиттен Саматтын бойдокмун деген интервьюсун окуп калдым. Жанымдын кашайганын айтпаңыз. Келдим да, эми биротоло бойдок бол деп кетип калдым. Ошондон бери Адилханды жалгыз тарбиялап келем. Ушул күнгө чейин бир да жардам берген жок. Алимент төлө деп арыз берсем да натыйжа чыкпай келет. Акыры Алтынай экөөбүз балдардын кереги жок болсо, анда баш тарткыла деп талап койдук. Алар арзыбаган акча үчүн балдарынан баш тартканга да макул болушкан. Кол койгонго келгенде калтырап калем сапты шилтей албай чыгып кетишти. Сүйлөшүп келишти окшойт, “алимент төлөйбүз” деп сөз беришкен болчу. Бирок натыйжа чыккан жок. Саматтын башка кызга үйлөнгөнүн уккам. Албетте, анын бактылуу болушун каалайм. Ажырашкандар азыр толтура. Бирок алардын баары эле балдарынан баш тартып кеткен жок да.
Жакында кайненебиз бир гезитке өлгөн күйөөсүнүн кылыктарын айтып интервью бериптир. Айтарым, өлгөн адамды кайтарып келе албайбыз, тирүү балдарына жакшы насаат айтып, оң жолго салса болмок. Кантсе да өзүнүн неберелери го. Аларды жокко чыгартып салганга кантип дити барат? Ушул сөздөрүбүздү төкпөй-чачпай жазып берсеңер, үй-бүлөсүн жашырган ырчыларга да сабак болор беле деп ойлойм.
(Өздөрүнүн суранычы менен экс-жубайлардын аттары өзгөртүлдү).
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg