ДЕПУТАТТАР ЖООПКЕРЧИЛИКТЕН КАЧЫП ЖАТЫШАБЫ?

12-ноябрь күнү Жогорку Кеңеште депутат Мыктыбек Абдылдаев кесиптештерине кескин нааразычылыгын айтып чыкты. Анын нааразычылыгын мамлекет үчүн маанилүү документтер каралып жатканда эл өкүлдөрүнүн токсонго жакынынын келбей койгондугу жаратты. Ал жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүгө байланышкан 14 мыйзам долбоору каралып жаткан. «Казакстандын парламентинде депутаттардын 90 пайызы иштеп отурушат. А бизде мамлекет үчүн өтө маанилүү маселе каралып жатса, жыйында баягы эле 20 «дежур» депутат отурат. 90дой депутат жыйында жок. Жоопкерчиликтен качып жатабызбы?»,- деди суроону кабыргасынан койгон Абдылдаев.
Ушул эле күнү Жогорку Кеңеште спикер Асылбек Жээнбеков менен депутат Дастан Бекешевдин ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Бекешев сунуштаган мыйзам долбоору добуш берүүдөн өтпөй калгандан кийин Жээнбековго кайрылып буларды айтты: «Депутаттар чиптерин жыйынга таштап кетишүүдө, алардын ордуна башка кесиптештери добуш берип жатышат. Көзү азиз адамды алдабай, чынын айтыңызчы, жыйында канча депутат отурат?» Спикер: «Эми мен залды кыдырып депутаттарды санап берейинби? Мени депутат санаткан деңгээлге өсүп жете элексиң, мага тийишпе»,- деп жооп кайтарды.
Мурун депутаттардын кайсы бир маселелер боюнча эмне деп добуш бергенине коомчулук көп көңүл бурбай келсе, кийинчерээк ММКлар ар биринин добушун бирден санап жаза баштады. Андыктан депутаттар жоопкерчиликти моюнга алгысы келбеген маалда ар кандай шылтоолор менен жыйынга, добуш берүүгө катышпай коюуга үйрөнүштү. Маселе башкада да болушу мүмкүн. Алсак, жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина: «Кызым Бишкектин райондор аралык сотунун судьялыгына талапкерлигин көрсөткөндө, кызмат орду үчүн 35 миң доллар сурашыптыр»,- деп айтып чыккан. Депутаттар чоң акча айланган иштерде гана талашып-тартышып, гиперактивдүү болуп чыга келишип, ал эми Кыргызстандын экономикалык жана саясий келечегин аныктай турган Бажы союзуна кирүү өңдүү мыйзам долбоорлорду кароодо жоопкерчиликти алуудан качышат өңдүү. Парламенттин үчтөн эки бөлүгүнүн катышпай коюшу «акча жок жерде депутаттар да жок» деген пикирди бекемдебей элеби?

 

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Likvidator
2014-11-17 10:10:13
Спикердин козун май басыптыр да. Мал семирсе касапка кетет. Адам семиргенде Минскийге же Москвага кетет.
+3
restreppo
2014-11-17 15:15:37
спикер Арзымат))))
0
Dasmond
2014-11-17 17:00:33
Кырылып эле отура беришет экен го
0
restreppo
2014-11-17 19:22:19
Ушул ХХХ таратып ийсе не болот ХХХ ХХХ?
0
admin_media
2014-11-18 10:46:05
restreppo,
Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат! Эскертүү!
0
stal.ks
2014-11-18 10:50:23
эсептеп койсо болбойбу болжол менен.
0
TOMMYHILFIGER
2014-11-19 00:04:47
Бириндин гошун бирин же. Мен ХХХ ХХХ да тенебеймин силерди урматтуу депутаттар.
0
restreppo
2014-11-19 00:44:21
TOMMYHILFIGER,гош хехехе
0
admin_media
2014-11-19 11:23:40
TOMMYHILFIGER,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
0
fanfan-sansan
2014-11-19 15:54:58
Ыйгарым укукка келгенде колунан баары келет, баарына тили отуп укугу бар булардын, ал эми жоопкерчиликке келгенде эч нерсенин жоопкерчилигин албай куудан кургак чыгып чет-четке чыга беришет!!! Бул кандай бийлик болду, ыйгарым укук менен жоопкерчилик бирдей болуп, мамлекетке зыян келтиргендер оз жазасын алуусу керек, болбосо бугункудой анархия болуп иштер соз жузундо буто берет реалдуу иш аткарылбай! Онукпой артка кеткенибиз да ошондон, эшекке кой кайтарткандай эле болуп калдык...
+1
Taalaibek.
2014-11-19 19:04:42
Эсебин билип туруп, билмексен болуп олтура беришет да. Дастан Бекешев азамат, эл учун куйгон депутат. Асылбек Жээнбеков спикер, ал милдеттуу турдо депутаттардын санын билиш керек да. Спикердин милдетин билбесе анда Спикерликти откозуп берсин иштейт турган кишиге.
+1
aza.bek
2014-11-26 10:14:12
keldibekovdu kayra alyp keliw kerek.
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан