13-ноябрь күнү Өзбекстандын чек арачылары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өзөк жергесинде кыргыз-өзбек чек арасынын макулдашылып бүтө элек тилкесинде Кыргызстандын жаранына ок чыгарды. Ал кийинчерээк Өзбекстандын аймагындагы ооруканада кайтыш болду. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, окуя кыргыз жаранынын Кыргызстандан Өзбекстанга контрабандалык жүк алып өтүү аракетине байланыштуу болушу мүмкүн.
10-ноябрь күнү да өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранын атып, аны жарадар кылышкан. Өзбекстан тараптын билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандын эки жараны Кызыл-Кыя – Кадамжай жолунун четине токтоп, кыргыз-өзбек чек арасынан контрабандалык азык-түлүк (тоок жана өрдөк этин) өткөрүүгө аракет жасашкан. Өзбек чек арачылары мыйзамсыз ишти токтотууну талап кылышкан, бирок кыргызстандыктар баш ийбегендиктен ок чыгарышкан. Натыйжада бир жаран жарадар болуп, ал Өзбекстандын Вуадиль айылынын ооруканасына жеткирилген. Азыркы тапта дарыгерлердин айтуусу боюнча анын акыбалы туруктуу. Ал эми экинчи кыргызстандыкты кыргыз чек арачылары Кадамжай районуна, УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg