ОТОРБАЕВ «КЫРГЫЗКӨМҮРГӨ» 50 МИЛЛИОН СОМ БӨЛДҮ

«Кыргызкөмүр» Мамлекеттик ишканасына 50 миллион сом бөлүнүп берилет. Бул боюнча буйрукка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койду.
Бул каражат «Кыргызкөмүр» ишканасына көмүр казууга жана ташууга керектелүүчү транспортту сатып алуу үчүн жумшалмакчы. Мындай чечим аталган ишкананын көмүр казып алуу иштерин туруктуу деңгээлге чыгаруу жана өнүктүрүү үчүн кабыл алынган.
Буга чейин аталган ишкана өзүнүн техникалык шаймандары жоктугуна байланыштуу экскаватор, жүк ташуучу унааларды ижарага алып келген. Мунун негизинде ижара акысына эле жылына 25 миллион сом коротулуп турган.
50 миллион сом каражаттын бөлүнүшү менен тийиштүү техника алына турган болсо, аталган ишкананын борбордук тилкеси болгон «Кара-Кече» кенинде көмүр казып алуу бир кыйла жогорулай турганы айтылууда.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nur92
2014-11-17 19:23:17
Jaakshy.emi 50million tortko bolunboi jakshy kyzmat kylsyn he he he
0
Ainura_kg85
2014-11-18 06:40:40
50млн жарымына керектуу техника алат да калганын чонтогуно салып коюшат.
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан