БИР БҮРКҮМ

  • 2014-жылдын 9 айынын ичинде 38 277 КЫЗ-ЖИГИТ никеге турган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы маалымдады. Никеге тургандардын саны боюнча Ош облусу биринчи орунда.
  • 2014-жылдын 1-ноябрына карата өлкөдө ЖУМУШСУЗ деп расмий каттоодо тургандардын саны 58 300 адамды түздү. Маалыматты Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирет. Ал эми Калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызматында жумушсуз катары каттоодо тургандардын саны 92 700.
  • Жогорку Кеңештин депутаты ДАСТАН БЕКЕШЕВ «Ар-намыс» партиясынын катарынан чыгып, «Ак-ниет» деген партия түздү. Эл өкүлү «Ар-намыс» фракциясында ишин улантарын айтты.
  • Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, ЖЕҢИЛ ӨНӨР ЖАЙ тармагында 200-300 миң адам иштейт.Өлкөдөгү ветеринарлардын орточо курагы 50 жаштан жогору. Союз мезгилинде Кыргызстанда 9 миңдей мал доктур иштесе, азыркы тапта алардын саны 2 миңди гана түзөт.
  • Билим берүү жана илим министрлиги 2155-номер менен катталган диплом Жогорку Кеңештин депутаты НУРЛАН ТӨРӨБЕКОВГО берилген эмес деген маалымат берди. Эл өкүлүнө карата «жасалма диплом пайдаланган» деген шек менен кылмыш иши козголгон болчу.
  • 2014-жылдын 9 айынын ичинде Кыргызстанга 64 миң колдонулган АВТОУНАА жана 1700 жаңы автоунаа алынып келинди.
  • Жалал-Абад облусундагы жүрөк-кан тамыр хирургия борбору электр энергиясынын дамамат өчүрүлүп жатканынан улам, 13-ноябрдан тартып убактылуу ОПЕРАЦИЯ жасоону токтотту.
  • Мектеп окуучуларынын 75 пайызы гана китеп менен камсыздалса, калган 25 пайызына окуу куралдары тартыш. Бул тууралуу 12-ноябрда вице-премьер ЭЛЬВИРА САРИЕВА билдирди.
  • Талас облусунун төө буурчак айдаган дыйкандары Жогорку Кеңештин жыйынында быйылкы жылы алынган 60 миң тонна түшүмдөн 6 миң тонна гана сатылгандыгын айтышты.
  • Жыл сайын кургак учук оорусуна чалдыккандардын саны 6 миңдей кишини түзөт, анын ичинде 1 миңге чукулу жаш балдар менен өспүрүмдөр.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан