Алкановдун өмүрүнө кол салды деп шектелип кармалган 15 жаштагы Бегайымдын апасы: «ТҮН ИЧИНДЕ КАНДАЙ ОЙ МЕНЕН АЛАРДЫ ҮЙГӨ КИРГИЗГЕНИН ТҮШҮНБӨЙМ»

Октябрь айында Талас облусунун 70 жылдык мааракесине барган ишкер Райкан Алкановду өз үйүндө белгисиз адамдар бычактап кетишкендиги тууралуу кабар желдей тарады. Аз өтпөй милиция кызматы кылмышка шектүү катары 16 жаштагы кыз, андан кийин эле 17 жана 32 жаштагы эже-сиңдилер кармалгандыгын жарыя кылды.
Мындай чуулгандуу окуя маалымат айдыңында ар кандай ой-пикирлерди жаратты. Алгач эле коомчулукта «ишкерди үчүнчү аялы бычактаптыр» деген кеп талкууланып, кийинчерээк «15 жаштагы кызды ишкер зордуктоого аракет кылган экен» деген кеп тарап, коомчулук бул версияны талкуулап эрмектей баштады. Дээрлик бардык маалымат булактарында окуя боюнча бир тараптуу жаңылыктар жарыяланып, ооруканада жаткан ишкердин жакындары менен милиция кызматкерлеринин чектелген гана маалыматы жарык көрүп турду. Ал эми 15те же 16да экени, зордук көрүп-көрбөгөнү, ишкерди бычактап же бычактабаганы ачыкталбаган кыз тууралуу маалымат берилбеген бойдон кала берди.
«Супер-Инфо» гезити бул кылмышка барды деп шектелип жаткандардын бири, 15 жаштагы Бегайымдын апасы менен байланышып, окуянын чоо-жайы тууралуу өз оозунан укту.

Шектелип жаткан Бегайымдын апасы:
– Мындай окуя болуп кетет деп эч ким күткөн эмес. Кызымдын аты Анаркан, документтерин которгондо Бегайым деп котортконбуз. Үч уктасам да кызым ушундай окуяга туш болот деп ойлогон эмесмин, үйдөн чыкпаган, эч шойкому жок болчу. Бегайым менен чогуу кармалган кыздар менен коңшу турабыз. Алар тууралуу эч жаман оюм жок эле. Ушундай окуяга аралаштырып жиберишерин билбептирмин.
Кызым 9-класста окуйт, 15 жашта, 16га чыга элек. Жаш бала да?! Мындай кылмышка бара ала турган адам эмес. Негизи, мага айткандары боюнча окуя мындай болгон экен. Менин кызым сабакта отурганда жанагы кошуна эки кыз мектепке менин кызыма барышыптыр. «Апасы жооп берип турсун деди» деп менин атымды жамынып, мугалиминен жооп сурашкан экен. Бирок мугалим жооп бербей коюптур.
Кийинки жумада кызым кечке маал үйдө отурганда анын телефонуна тиги эки кыз чалышып, «суу алган кудуктун жанына келип кал, сөз бар» дешкен экен. Аны мен билген эмесмин. Кызым 2 чаканы алып сууга кеткен. Үйдө күтүп отурабыз, ана келет жок, мына келет жок.
Көрсө, тиги 2 кыз кызымды тосуп алышып, анын «барбайм» дегенине карабай күчкө салып Одиссей унаасына отургузуп, Таласка алып кетишиптир. Бара жатканда кызым каршылык көрсөтүптүр, бирок аны кур менен муунтуп, бычак менен коркутушкан экен.
Ошентип Алкановдун үйүнө барып, жанагы окуяга кабылып жатышпайбы. Кызым балалык кылып алданып калды.
Мен түн ичинде Алканов деле кандай ой менен аларды үйүнө киргизгенин түшүнбөйм. Учурда кызым камакта, тергөө бүткөнчө жолуктурбайбыз деп жатышат. Тергөө учурунда «жактоочу жалдасаңар болмок» деп көбү айтышууда. Адвокат жалдаганга акчабыз жок. Коомчулуктан ушул жагынан жардам болсо... Бирок кызым мындай кылмышка барбайт болчу. Билишимче, берки кошуна эки кызга Алканов жакшы эле жардам берген. Алардын бир сиңдиси Алкановдордун үйүндө жардам берип жүрчү. Ортолорунда эмне болуп кетип ушуга жетишти түшүнбөйм. Менин кызым балалык кылып алданып гана окуяга аралашып калды. Окуусунан да калды. Кызыма күйүп жатам да?! Ошон үчүн ушунун баарын айтып жатам.
Бегайымдын апасы ыйга муунуп, мындан ашыкча сүйлөй албады. Бизде шектүү катары колго түшкөн биринчи адамга психикалык басым жасап, айрым учурларда уруп-сабап деле күнөөнү толугу менен мойнуна алдырып салып, ишти сотко жиберип ийген учурлар көп кездешет. Милиция кызматы бул окуяны так, байланыш-катышы күчтүү ишкердин же башка тараптардын таасиринде калбай, бейтарап иликтей алабы? Негизи, жабырлануучу Райкан Алканов деле «так иликтеп бергиле» деген өтүнүч менен ИИМ башчысына кайрылбады беле?

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
tynara1983
2014-11-17 22:13:34
Жаш кызга дунуйону не кереги бар, 16 жана 32 жаштагы еже синдини камаш керек .
0
EdikoKG
2014-11-18 14:57:32
Менимче,Алканов анан тиги эки кыздын ортосунда суйлошуулор бар. Алкановдун озун да кысып,сурака алуу керек. Бирок,окунучтуусу бизде адилеттуу укук коргоочу,сот,судялар жок. Алкановдун акчасы суйлойт бул жерде.
+1
Nurtilek001
2014-11-18 17:47:10
Бул жерде эки кыз мн Алкановдун ортосунда бир нерсе бардай жаш кызды алдап салып беришмек окшойт максаты ишке ашпай калды анан ортодон жанагындай келишпестиктер болуп кетти
+1
Biinura
2014-11-19 15:58:14
Nurtilek001, менин да оюм сиздикиндей.
+1
mambet25
2014-11-18 18:28:37
ХХХ ХХХ ХХХ адамдар кобойдуго,акчага кооп,Жантайдан бешбетээр ХХХ ХХХ
0
mersedes2013
2014-11-18 20:51:52
ааа баарына тушунуктуу болуп турбайбы бул кызды ал жерге эмнеге алып барганы,Алканов да чоочун адамды киргизбесе керек уйуно,бул жерде Алкановдун кызыкчылыгы менен болгон да баары.Кандай болгондо да Алканов небересиндей жаш кызды куноосуз соттотуп жиберсе бул адамдык эмес го
+1
alishaaa
2014-11-18 21:45:57
Эмне болуп баратабыз? Жаш кызга убал ортодон подстава кылып коюшкандайго.Торунон кору жакын Алканов мумкун акыйкаттык кылаттыр! Абийир картан кишини тынч уктатпаса керек.Жаш кыздын тагдырына балта чабылбаса эле болду.Супе-инфо мындан ары эмне болгонун чыдамсыздык менен кутобуз!
0
Aygul8181
2014-11-18 22:39:11
жапжаш секелек,али бала бойдон го бул кыз. аны да тергоо буткучокту жолуктурбайт деген эмне шумдук. куурады го байкуш кыз.ал кыздын колунан эмне кемеа постава экени айдан ачык корунуп турбайбы.убалы уктатпасын куноолуулрду
0
altynaiB
2014-11-19 06:22:50
Мен да ошондой деп ойлойм. Алканов менен эже синдинин ортосунда бир нерсе бар болсо керек да кызды коркутуп алып барып ушул ишке кириптер кылганына караганда. Эми торунон кору жакындап калганда аксакалын сылап жаштарга насаат айтып отурчу кезинде жаш кыздар менен мамиле тузбой теспесин тартып эле жон журушсочу ушу чалдар
0
kamchatka
2014-11-19 10:15:14
Байды кудай ураарда оз элине кас болот,Чалды кудай ураарда жетимиште жаш болот!деген макалды гана айталам.Алакановгода кудай коргозуптур!
+2
umar92
2014-11-22 22:16:43
15 жаштагы кызды кайсы ой менен уйуно киргизди тууганчылык жайы деле жок екен менимче алкановдун озун камаш керек бул биринчи жолку емес дайым еле кыздар тоноп кетет болгон да 15 16 жаштагы кыздар акча менен бул дуйнонун амалынан чыгып кетет алланын алдында кантип жооп берет шариятда да барго жашы жете елек талды кыйба деген
0
kapitan050868
2014-11-30 09:15:46
эй алла эми ошо Алкановго инсап ыйман берсин.Байкуш кызды кудай озу менттердин зордугунан сактасым.апасы 5-убак намаз тахажут намазын окуп алладан суранса кызы кудай буюрса тез бошойт
0
MTu
2014-12-01 17:21:40
Азыр Алканов бала-чакасынан тууган уруктан уялбай кантип журду болду экен, озунду озун эле сайып албайсынбы. Торунон кору жакын калган адам, кыскасы соз жок.
0
admin_superstan
2015-01-06 09:26:55
ota.88, провокация жаратуудан алыс болууну сунуштайм! Тилекке каршы, сиз сураган маалымат берилбейт.
0
atambai
2015-01-08 01:11:35
Эх баары бир кылгандарыбызга жооп беришибизди билбей жатабыз да
0
bakyt_2015
2015-02-11 18:46:13
15 жаштагы кызга Алкановдун олуу- тируусунун эмне кызыгы бар эле дейм да, же Алканов алжый баштаган го. Берки эки шуркуяны кысмактаса эле билинсе керек иштин чоо жайы.
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан