«Артисттин аялына медаль тагыш керек» деп артисттер өздөрү айтып калышат эмеспи. Бүгүнкү коногубуз айтылуу Бопуш деген каймана аты менен таанымал актёр Марат Жанталиев болмокчу. Өмүрлүк жубайы Асел Дооронбаева менен түтүн булатканына 24 жылдын жүзү болуптур. Маек учурунда медаль тагууга татыктуу эле жеңебиз бар экенине ынандык.
– Марат мырза, Асел айым, турмуштук тажрыйбаңыздарга таянып үй-бүлөнү сактоо сырлары менен бөлүшө кетсеңиздер?
Марат: – Жаш үй-бүлөлөр менен бөлүшө турган көп эле кеңештерибиз бар. Азыркы жаштар сүйдүм-күйдүм деп эле үйлөнүп, кайра ажырашып жатышпайбы. Мен тойлорго көп барам, ошондо «бири-бириңерди түшүнүшүп жашагыла» деген каалоо-тилектер көп айтылат. Мен да ушул сөздү айтар элем, түгөйлөр бири-бирин түшүнүп жашабаса, бактылуу үй-бүлө кура алышпайт. «Мен кыйын, сен кыйын» деп тирешип турушса ынтымак-ырк кетпейби. Чогуу жашагандан кийин казан-аяк кагышпай койбойт, талашып-тартышып экөө бир чечимге келсе, мына ошону түшүнүү деп эсептейм.
– Чейрек кылым чогуу жашап койгон түгөйлөр кантип табышып калды экен?
М.: – Москвадагы кинематографисттердин институтун бүтүп келгенден кийин үйдөгүлөрдүн үйлөн дегенине болбой, «актёрдун окуусун бекер окуптурмунбу, иштешим керек» деп бир топ жыл иштеп жүрдүм. Иштеп жүрө берип карасам эле жашым отузга жакындап калыптыр. Биздин киностудияда айдоочу болуп ыраматылык кайнагам иштечү, ошол аркылуу Асел менен таанышып калдым. Алгач досторум менен бапырап-тапырап үйүнө барганда куурчактай созулган кыз чай сунуп жаткан. Ошол кыз жубайым Асел экен. Ага чейин бир топ кызды сындан өткөрүп, эч кимди жактырбай калган кезим. Досторум муну жактырып, «алсаң ушул кызды аласың, албасаң, Макетай, өл» дешти. Анан макул деп эле Аселди алып калдым (күлүп).
– Жигит болуп жандаганга убакыт болдубу?
М.: – Бир жумадан ашык сүйлөштүк да, үйлөнүп алдык. Ал кезде сүйүү жөнүндө айтуу уят болчу. Бир жолу досум экөөбүз Асел менен жолугушууга Кемин шаарына барып калдык. Анда бул Кеминдеги орус тилдүү гезитте журналист болуп иштеп жүргөн. Ага «Балыкчыдан келе жаттык эле» деп алдап койгонбуз. Сүйлөшүп отурганда досум «Балыкчыда аба ырайы аябай жакшы деп жатышат го» деп жиберсе болобу, калпыбызды чыгарып, аны ийиним менен түрткүлөп «эй, биз Балыкчыдан келе жатабыз» деп оозун жаптым.
Ошол жолугушууда кафеге кирип тамак-аш алып бергенбиз. Бирок жеңеңер азыркыга чейин «мага ошондо бир да шампанский алып берген эмессиң» деп айтып жүрөт, кашайып кафеде шампанский калбай калса эмне кылайын.
Асел: – Мен Маратты алгач көргөндө анчейин көңүл бөлбөптүрмүн. Кыргыз киносунун деле ашыккан күйөрманы эмес элем, кандай артисттер бар экенин деле билчү эмесмин. Марат тоодо өсүп-чоңойгону менен, интеллектуалдык деңгээли бийик, билими күчтүү жигит сезилди. Негедир мен ошол нерсесине кызыгып кеттим.
– Марат мырза, жубайыңызга чейин көп эле кыздарды сындан өткөрдүм дедиңиз, ошолордун арасынан Асел айым кантип сиздин көңүлүңүзгө төп келди?
М.: – Ал кезде жеңеңердин азыркыдай мүнөзү жок, мөлтүрөп эле чай сунуп жатса мени жыргатат дедим да. Кайненеси жакындан бери эле «Аселичка» деп калды, болбосо «ай, орус келин» деп чакырчу. Асел Кара-Балта шаарында өсүп-чоңойгон, орус мектепти, университетте да орус филологиясын бүтүрдү. Мүнөзү да орус кыял болчу. Калп айтканды азыркыга чейин такыр үйрөтө албай койдум. Мен кээде бирөө бирдеме сураса жок деп койсом, бул бар деп калпымды чыгарып коёт. Илгери орустардын «Маяк» деген радиосун аябай укчубуз. Атам басып баратып кыргызча радиого бурап койсо, Асел өтүп баратып орусча радиого коюп койчу. Ошентип экөө радио талаша беришчү.
– Асел айым, Марат мырза сизге үйлөнүп жатканда кандай убадаларды берген, аларды аткарып жатабы?
М.: – Мен үйлөнүп жатканда эч кандай убада берген эмесмин, ошого кубанам (күлүп).
А.: – Ооба, убада берген эмес, бирок аталык, күйөөлүк милдетин мыкты аткарып келет. Мен Маратка «сага миллиондорду коротуп атактуу кылган демөөрчүң боло албасам да, балдарды карап үйдө отурганым, сенин чыгармачылыгыңа жолтоо болбогонум менин жардамым болду» деп айтып калам. Мен муну курмандык деп эсептебейм, бул менин энелик, жубайлык милдетим. Сахнадагы, кинодогу өнөктөштөрүнөн кызганып жаман айткан жокмун, такыр кызганбайм. Тескерисинче, кечигип баратса «байкушум съёмкада жүрсө керек, чалып тынчын албайынчы» деп чалбай койчумун.
Жаңы үйлөнгөндө театрга тез-тезден барчумун, кесиптештеринин баары мени таанып калышкан. Тойго барсам да «бул Бопуштун аялы» деп тааныштырышат. Биздин үй 10-15 жылдай артисттердин «вокзалы» болуп турду, анткени өнөр адамдары абдан көп келчү. Ушул кезге чейин Марат алып берем дегенин алып берип, айтканын аткарып эле келе жатат.
М.: – Асмандагы жылдызды эле алып бере элекмин, калганынын баарын эле алдың, ээ...
– Марат мырзанын сахнада, экранда кандай экенин билебиз, ал эми үйдө кандай кожоюн?
А.: – Үй-бүлөсүнө камкор, баласаак. «Боз салкында» тартылып жүргөнүндө балдарын сагынганынан улуу балам менен кызымды атасына салып жибергем. Алар атасы менен жүрүп тасмага да тартылып келишиптир.
Маратты мен аарыга салыштырат элем. Аарыдай иштеп, тапкан-ташканын үйгө алып келет. Өмүр бою эле ушунун тапканы менен 3 балабызды багып отурабыз. Кээде Маратка суктанып кетем, жакшы көргөн жумушунан ырахат алып иштейт. Менде ошондой мүмкүнчүлүк болбоптур. Турмушка чыккандан кийин кесибим менен иштеген жокмун, учурда бала бакчада тарбиячы болуп иштейм.
– Балдарды тарбиялоодо кимдин ролу чоң?
А.: – Мына, кечээ күнү эле балдардын айынан экөөбүз урушуп кеттик. Улуу балабыз Адилет үйгө аябай кеч келди. Маратка «урушпайсыңбы, уул баланы атасы катуу кармаш керек» десем бул үн катпайт. Өзүңдүн милдетиңди мага жүктөп жатасың деп уруштум.
М.: – Мен балдарга кол көтөрмөк түгүл, катуу сүйлөй албайм. Бизди да атам ошентип чоңойткон. Апасы педагог да, тарбиялай берсин.
– Бири-бириңиздерге жасаган эң жагымдуу сюрприз эмне болгон?
А.: – Жаш кезде романтиканы жакшы көрчүмүн. Марат гезит-журнал окуп отурса, «гезит окубай, мени менен сүйлөшүп отурчу» дээр элем. Бир жолу туулган күнүмө кийим үтүктөөчү стол алып берем деп мени аябай таарынткан.
М.: – Асел мага сюрприз кылам дегендегиси болуш керек, бир күнү чачын сарыга боётуп келиптир. Көзүмө ушундай өөн учурады дейсиң. Сүйлөшпөй, ары карап жатып алгам. Эртеси кайра карага боётуп келди. Мага ушунусу жакшы сюрприз болгон.