МАЛИКАГА СӨЙКӨ САЛЫП КЕТИШТИБИ?

Жакындан бери Малика Дина интернет баракчасына жигити экөөнүн нике шакек тагынган сүрөттөрүн жүктөй баштады. Бул сүрөттөр көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, талкуу жаратууда. Буга чейин жигити тууралуу ачык комментарий бербеген Малика жашоосундагы жаңылыктарын айтып берди.

– Малика, кандайсың? АКШдагы академияга кандайча өтүп калдың?
– Жакшы, рахмат. Мен азыр Манхэттендеги Voice academy музыкалык окуу жайында вокал боюнча билим алып жатам. Ал жакка өтүүдө өтө чоң тоскоолдук деле болгон жок. Учурда мага вокалдан сабак өтүп жаткан Роб Ролс аттуу агайга видеолорумду жөнөтсөм, дароо эле кабыл алды. Мен окуган академиядан Бейонс, Жастин Бибер сыяктуу атактуу ырчылар да сабак алышат экен.

– Интернет баракчаңа жүктөгөн сүрөттөрдөн жигитиң дагы жаныңда экенин көрдүк. Ал мурунтан ошол жакта беле?
– Мурун апамдын жанынан чыкпачу элем, аны сагынып, ыйлаган күндөрүм болду. Чет жерде жалгыз жүргөндөн корктум. Мындан улам сүйүктүүм АКШга мени колдоп келди.

– Азыр Кыргызстанга учуп келиптирсиң, окууңду аяктадыңбы?
– Жок, жакында биздин академияда сабак алышкан ырчылар дүйнөнүн 16 мамлекетине концерт беришет. Ошондуктан менин агайым алар менен чогуу кетип, бизди эс алууга чыгарышты. Кыргызстанга келишибиздин экинчи себеби – бул сүйүктүүмдүн мага сөйкө салышы болду. АКШдан келе жатып эки күн Москва жана Питер шаарларында болдук. Питерге экөөбүздүн ата-энелерибиз да учуп келишип, ошол жерден мага сөйкө салышты. Эми Бишкекте дагы, буюрса, бул майрам уланат.

– Демек, жакынкы убакта турмушка аттанат экенсиң да?
– Кудай буюрса. Мен дайыма айтып келем, кыз кишинин турмушка чыгуучу эң жакшы курагы 18 ден 22 жашка чейин деп. Азыр мен 18 жаштамын. Эрте деп ойлобойм. Бирок той күнүн азырынча ата-энелерибиз чечише элек. 

– Жигитиң тууралуу айта кетпейсиңби?
– Биз бала чагыбыздан таанышпыз. Ата-энелерибиз дагы жакын достордон. Ал мен үчүн жөлөк болуп калган. Мен шайыр болсом, ал, тескерисинче, токтоо. Бири-бирибизди толуктап турабыз. Мен аны кайсы бир артыкчылыгы үчүн эмес, жөн гана сүйдүм. Сүйгөндө чоң кемчилиги болсо деле көзгө көрүнбөй калат эмеспи. Калган маалыматты тойдон кийин шашпай айтып берем.

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
Kuzi95
2014-11-18 16:23:14
nesi bolsoda baktyluu bolsun
-2
Missulya
2014-11-18 17:41:46
Бардык эле ырчылардан интервью алып жатканда, ой жашмын суйуу келе элек суйуп коргон эмесмин дешип, анан эле той жакындаганда сурашса бала кезден таанышпыз, коптон бери суйлошобуз дешет тан каласын))))
+6
Tendik.92
2014-11-19 10:32:52
Бактылуу болгула
-2
Erkinbay_buiga
2014-11-20 08:55:06
сойко салуу аземине,Абдималик дагы катышты бекен?
-1
aiba_00
2014-11-20 10:39:40
Жаны эле чонойду го бул кыз, эрте эмеспи, эне суту оозунан кете элек эрке кыздай эле сезилет, Апасы жалгыз калат ко эми.
0
egemberdievagulbara
2014-11-20 14:16:19
Бактылуу болгула.
-1
Ayka1994
2014-11-20 14:49:34
Татынакай кыз болуп чоноюптурго.Ылайым суйгон жары менен бактылуулукта жашашсын
-1
tahmina_1
2014-11-20 18:38:08
Бактылуу бол!
-1
iris84
2014-11-21 23:33:58
ылаайым бактылуу болгула.
-1
Elnuram090
2014-11-22 15:23:43
мага жагат Малика махх бактылуу бол
0
Mariyana
2014-11-22 22:41:30
Бакыт каалаймын .
0
ANGEL_
2014-11-23 00:23:32
Бактылуу жаштардан болунуздар!
0
fittoniya
2014-11-24 21:49:08
Эрте эмеспи эми ырдабай калат турбайбы.....
0
LpoA
2014-11-27 23:35:50
самое главное счастье
0
sezimay
2014-11-29 03:19:34
жакшынакай кыз бактылуу бол
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан