АВТАНДИЛ ПРОДЮСЕРИНЕН КЕТТИ

«Ишенчи», «Ак куулар» ырлары менен элге алынган ырчы Автандилди көптөн бери көрбөй да, укпай да калдык. Себебин билүү үчүн ырчыга кайрылсак, продюсеринен кеткенин айтат. «Продюсерим Арсен Мендебаев менен иштешпей калганыбызга көп болду. Ал Айар экөөбүздөн башка дагы үч жигитти карамагына алган. Ошондуктан мен ордумду жаштарга бошотуп бердим» дейт ырчы. Ал эми продюсери Арсен: «Автандил экөөбүз чогуу иштешпей калган окшойбуз. Бирок бул тууралуу эч кандай кеп козголгон эмес. Азыр, угушумча, ал өз алдынча клип тартып, гастролдоп жүрүптүр. Телефонуна чалсам такыр жооп бербей жатат»,- дейт.
Ырчылардын продюсеринен үн-сөз дебей кетиши бул экинчи жолку көрүнүш. Эске салсак, буга чейин Минюра Рахимжанованын да иштешпей калганын продюсери бизден уккан эле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
sergo
2014-11-17 13:53:47
Значить ошого татыктуу продюсер экенда.
0
Arti
2014-11-18 13:50:00
Арсен: "Телефонуна чалсам такыр жооп бербей жатат",- дейт. Албетте тойго деп чакырсан албайтта.
0
brilliant
2014-11-18 15:00:49
Бул ырчы соройдун таланты деле анча эмес.Кымбат балуу клиптеринен башка.
Мин укмуш продюссери болсо деле бул ырчыны жылдызы жанбайт,ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2014-11-18 15:07:06
brilliant, мазактоого жол жок! Билдирүүңүз түзөтүлдү! Эскертүү!
0
kamchatka
2014-11-24 07:30:46
Автанчик сенин кандай ырларын бар эле?
0
papanstan
2014-12-22 04:10:16
Мага жагат бул ырчы
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан