Сюита Соурбаева: «КАЙСЫ ЖЕРГЕ БАРБАЙЫН БАРДЫГЫН НӨЛДӨН БАШТАЙМ»

Cюита айымды кыргыз телеканалдарынын өнүгүшүнө өз салымын кошо алган адамдардын бири десек аша чапкандык болбос. Дайыма жылмайганынан жазбаган бул инсан таттуу балалыгы, эмгек жолу, багынткан ийгиликтери, өкүнүчтөрү тууралуу кеп салып отурду.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
1981-жылы
26-апрелде Аксы районунун Үч-Коргон айылында төрөлгөн.
2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин аяктаган.
2003-2010-жылдары кыргыз телеканалдарында кабарчы, президенттин жеке кабарчысы болуп эмгектенген. Ошол эле учурда бир катар маалымат берүүлөрүндө редакторлук кызматты аркалаган.
2010-2013-жылдары ОшТВ телерадио компаниясынын жетекчиси.
Учурда «Таян» маалымат агенттигинин, «Өнүгүү» партиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси.

– Сюита эже, сиздин ысымыңыз өзгөчө. Бул ысымды сизге ким ыйгарган?
– Сюита деген музыкалык термин экенин билсеңиздер керек. Француз тилинен алынган сөз. Негизи атам сүйгөн, эрке кызым деп Сүйүта атаптыр. Ысымым «ү» менен жазылмак. Анан эжем ал кезде үй-бүлөдөгү эң заманбап ойлонгон адам болуп Сюита коёбуз дептир. Бир жагынан ошондо «Кыз-Бурак» тобундагы Сюита аттуу ырчы кыздын ырдаганын, өң-келбетин жактырышып, айтор, менин азыркы ысымым келип чыккан экен.

– Бала кезиңизден эле журналист болуу негизги максатыңыз беле же бул чөйрөгө кокусунан аралашып калгансызбы?
– Журналистика – бул чыгармачылык. Бала кезде мен үйүбүздүн ырчысы болчумун. Үйгө коноктор келгенде атам менен апам «ырдап кой» десе эле үкү топумду, кыргыз көйнөгүмдү кийип алып ырдап калчумун.
Ал эми үйдө эч ким жокто сиңдим экөөбүз тепкичке туруп алып, жаш балдардын колуна гүл карматып, кол чаптыртып коюп бирибиз Динара Акулова, бирибиз Айчүрөк Иманалиева болуп, кетменди микрофон, шыпыргыны гитара кылып ырдай берчүбүз. Мектептеги коомдук иштерге да активдүү катышып, айылдагы сулуулар сынагында да эки ирет Гран-прини утуп алган жайым бар. Кийин кара сөз, поэзия жазып көрдүм. Ушунун баары акыры келип ушул чөйрөгө аралашып калышыма себеп болду го дейм.

– Журналистикада, айрыкча теле жаатында сиздин өзүнчө ордуңуз бар. Улуттук биринчи каналдагы маалымат берүүсүнө да жетекчилик кылып калдыңыз. Өзгөртүү киргизе алдым деп ойлойсузбу?
– Ар бир нерседе бардык тепкичтерди туура, так басып өткөн адам иштин майнабын чыгара алса керек деп ойлойм. Журналистикага жөнөкөй эле кабарчы болуп келдим. Мени дароо эфирге чыгарып жиберишкен жок, дароо алып баруучулукка бара калган жокмун. Кезинде КООРТ телеканалы ачылып, ал көбүбүзгө жакшы мектеп болуп берди. Кийин КООРТтун базасында 5-канал түзүлдү. Ал жерде бир жагынан жетекчиликтин колдоосу, бир жагынан жакшы түзүлгөн шарттардын аркасында чыгармачылыктагы бир катар идеяларыбызды ишке ашырдык. Улуттук биринчи каналга барып калышыма ыраматылык Мелис Эшимканов агайыбыздын чакыруусу да түрткү болду.
Ал эми Улуттук каналдагы маалымат берүүсүнүн жаңыланып өзгөрүшүнө жеке эле мен салым коштум дей албайм. Жаңы эмгек жамаатындагы кесиптештеримдин аракети, эмгеги жакшы өзгөрүүлөргө алып барды. 5-каналда, Улуттук каналда түзүлгөн шарттарга көнүп алган экенбиз, ОшТВга барганда, ачык айтканда, талкаланып калган имаратка кирип, сынган креслого отургам. Ошондо «телевидение ушундай да болот тура» дегем. Менин бактыма ушундай жазылып калган окшойт. Кайсы жерге барбайын бардыгын нөлдөн баштайм. Колдон келген аракетибизди көрүп эмгек жумшадык.

– Бирок акыркы күндөрү теле жаатынан алыстап кеттиңиз. Эмнеге?
– Ооба, ОшТВдан бошоп, өзүмдү саясий чөйрөдөн да сынап көрсөмбү деп ойлондум. Учурда белдүү саясий партиянын басма сөз кызматын жетектеп жатам. Шүгүрчүлүк. Ал жактан да телеберүүлөрдү даярдайбыз. Муну менен катар маалымат сайтын иштетип жатабыз.

– Эми сизден достук тууралуу сурагым келип турат. Айымдардын ортосунда атаандаштык болот, достук болбойт дешет. Сиздин пикириңиз кандай?
– Чынында, айымдарда эле эмес, мырзаларда да достук болбошу мүмкүн. Достун дагы досу бар дегендей эле. Негизи курбуларым бар. Бирок курбуларым менен сыр бөлүшө бербейм. Мен көбүрөөк үй-бүлөлүк баалуулуктарга басым жасаган адам окшойм.

– Анда сырыңызды ким менен бөлүшүп, кимге ыйлап аласыз?
– Негизи өзүм ыйлаак адаммын. Бут кийимим кысса деле дүйнөм тарып ыйлай берем. Мурда атама «досторума барат элем» десем, атам «мен сенин досуңмун» деп айтар эле. Сырымды атам-апам менен бөлүшчүмүн. Айрыкча атам каза болор алдында апам экөө менин жанымда көбүрөөк жүрүп калышты. Атам балкондон менин жумушка кеткенимди карап узатып, келгенде тосуп алчу.

– Ата-энеңизге өзгөчө сый-урмат менен карай турганыңыз билинип турат. Алар тууралуу кеп козгой өтпөйсүзбү...
– Менин апам өзгөчө аялзаты болчу. Апам мектепте да окуган эмес, бирок сөздү орду менен сүйлөгөн, атамдын жакасына кир жугузбаган тыкан адам эле. Бала кезде мен «апамдай болуп 12 бала төрөйм» дечүмүн.
Атам экөө кырк жылдан ашык убакыт чогуу түтүн булатышты. Атам каза болгондон 3 айдан кийин эле апам каза тапты. Бул да ал экөөнүн сүйүүсү, бири-бирине берилгендиги болсо керек. Азыр бир туугандардын баары апамды көп эстейбиз. Бир окуя айтып берейин. Биз бала кезде атам райондук чоң кызматтарда иштечү. Бир күнү атам менен апам тойго кетишкен. Жолдо бара жатышса унаанын дөңгөлөгү жарылып калат. Ошондо атам аппак көйнөк, кара шым кийип алган экен. Апам анан «кой эми, тойго баратсак, анан мунун кийими кирдебесин» деп, «сиз тура туруңуз, мен өзүм» деп туруп унаанын дөңгөлөгүн өзү алмаштырып коюптур. Атамдын кол астында иштеген бир киши бул окуяга күбө болуп, «ушундай аялды биринчи көрүшүм» деп таң калыптыр. Негизи апам атам, анан балдары үчүн жашады. Атамдын көңүлү жайдары болсо, апам үчүн майрам эле.
Чынында, мен эч нерсеге деле өкүнбөйм. Болгону ата-энемдин бул дүйнөдөн өтүп кеткени өкүндүрөт. Колумдан келип турганда аларга бардык нерсени кылып бермекмин. Чет жактарга алып барып эс алдырат элем. Азыр үйдө алардын сүрөтүн тиктейм, аларга арнап куран окуйм, башка айла жок экен. Анан апамдын жакшы көргөн буюмдарын, жакшы көргөн жоолугун сатып алмайым бар.

– Акыркы жолу кандай кубанычка туш болдуңуз?
– Жакында эле борбор калаадан бир бөлмөлүү батир сатып алдым. Алачыктай болсо да үй алсам дей берчү элем. Бир туугандарымдын жардамы менен бул тилегим да ишке ашты. Жаратканга шүгүр кылам.

– Маегиңизге рахмат!

"Улуттук каналга барып калышыма Мелис Эшимканов себепкер болгон".

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сюита Соурбаева: "Мен үчүн журналисттик кесип баарынан бийик"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан