Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугу-2014: «ДОРДОЙ» – ЧЕМПИОН! 9-ИРЕТ!

Өлкөбүздүн кезектеги 23-ирет өткөрүлгөн футбол боюнча чемпиондугу өткөн жумада аяктады. Быйылкы футбол сезону кыл чайнашкан оюндарга бай болуп, жыйынтыгында Бишкектин «Дордой» командасы 9-ирет Кыргызстандын мыктысы аталды.

Чемпиондукка чоң салым кошкон «дордойчулар». Мухаммед Адил жана Мирлан Мурзаев кубок менен.

ТОП-ЛИГА
Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугу ТОП-Лига деп аталат. Быйылкы мелдешке өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген 8 команда катышты: «Абдыш-Ата» (Кант шаары), «Алай» (Ош), «Ала-Тоо» (Нарын), «Алга» (Бишкек), «Алдиер» (Куршаб), «Дордой» (Бишкек), «Манас» (Бишкек) жана «Нефтчи» (Кочкор-Ата).
Аталган командалар 1-айлампада бири-бири менен «үйүндө конокто» системинде ойношту. Анын жыйынтыгында командалар 2 тайпага бөлүнүп, алгачкы 4 мыкты команда чемпиондук үчүн күч сынашса, калган 4өөсү 5-8-орундар үчүн оюн өткөрүштү.

АЛДЫГА ЧЫККАН 4 КОМАНДА
1-айлампанын жыйынтыгында алдыга чыккан 4 мыкты команда белгилүү болду. Анда Бишкектин «Дордой», «Абдыш-Ата» (Кант), «Алга» (Бишкек) жана былтыркы жылдын чемпиону «Алай» (Ош) командалары чемпиондук талашка түшүштү. Бул төрт топтун ар бир оюну чыңалуу менен өтүп, эч бир команда жөн уттургусу келген жок. Алардын ар бири өзгөчөлөнүп турду. «Дордой» курамына өлкөнүн мыкты футболчуларын чогултса, канттыктар күчү ашып-ташкан жаш футболчуларга басым жасашты. Оштун «Алайын» бомбардир Алмаз Мирзалиев алдыга сүрөсө, легендарлуу «Алга» клубу жаңыдан жаралуусун баштады.

ЧЕМПИОН ОШто АНЫКТАЛДЫ
ТОП-Лиганын чечүүчү оюндары күздүн үчүнчү айынан башталды. Тагыраагы, 1-ноябрь күнү 33-турдук оюндарынын алкагында Бишкекте «Алга» канттык «Абдыш-Атаны» тосуп алса, Ошто жергиликтүү «Алай» командасы «Дордойду» кабыл алды.
«Алгачылар» бул оюндун нугун башынан аягына чейин чыгарбай, 4:1 эсебинде канттыктардын шаабайын суутушту. Ал эми Ош шаарында орун алган оюнда «Дордой» 0:1 эсебинде үй ээлерин утуп алды. Жыйынтыгында «Дордой» бул жеңиши менен упайларынын санын 48ге жеткирип, мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту камсыздады.

КАЛИМУЛЛА – МЫКТЫ БОМБАРДИР!
Быйылкы жылдын чемпиону аталган команданын пакистандык чабуулчусу Калимулла ТОП-Лиганын мыкты бомбардири аталды. Ал бардыгы болуп 18 гол киргизе алган. Анын жакынкы атаандашы, «Алай» командасынын чабуулчусу Алмаз Мирзалиевдин капчыгына 12 гол жазылды.


КОШ, КАПИТАН!
ТОП-Лига-2014 чемпиондугунун алкагында бир нече орчундуу окуялар болуп өттү. Алардын бири – эгемендүү Кыргызстандын улуттук курама командасынын жана «Дордойдун» экс-капитаны Руслан Сыдыковду чоң футболдон узатуу салтанаты. Коштошуу аземи 26-октябрь күнү «Алга» – «Дордой» беттешинин алдында болду. Анда футболчу бир нече мүнөткө майданга чыгып, расмий түрдө футбол менен коштошту.
Ошондой эле аталган клубдун жетекчилиги команданын көп жылдык капитанынын урматына 4-катар санын пайдалануудан чыгарды. Эске салсак, Руслан Сыдыков «Дордой» футболдук клубунда 4-катар санында 13 жылдан ашык ойноп, «Кыргызстандын мыкты футболчусу» наамына 3 жолу татыган.

АФК КУБОГУНА «ДОРДОЙ» МЕНЕН «АБДЫШ-АТА» КАТЫШАТ
Өлкөбүздүн чемпион аталган командасы жана 2-орунду ээлеген «Абдыш-Ата» командалары келерки жылы Азия Футбол Конфедерациясынын кубогуна катышат. Эске салсак, быйылкы жылы бул беделдүү мелдешке Оштун «Алай» командасы катышып, өз тайпасынан чыга албай калган.

Чемпиондук кубокту «Алганын» легендарлуу бомбардири Юсуп Мусаев менен Футбол федерациясынын башкы катчысы Дастан Конокбаев тапшырды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Titi
2014-11-17 13:14:44
Бири биринер ойной бергиле ойной бергиле сыртка чыкканда эч нерсе жок купкурук кайтып келесинер. 9 жолу эмес 89жолу чемпион болсонор да улуттук курам менее эч нерсе кыла албайсынар.бул дегени кыргыз футболу 0 барабар дегени катуу айтсам кечиригиле
0
AK-47.
2014-11-17 23:26:28
Озбекстан курамасы менен, кыргыз курама командасы ойноп, озбекстан курама командасы кыргызстандын дарбазасына 15 топ киргизди биздин ойунчулар тилеке каршы тепкен тобу, дарбазадан алыс кетти деп койотко жанылыктарды коруп отурсан, кулкун келетда
+1
Daniel01
2014-11-18 03:20:34
кыргыздарга спорт керек эмес саясат болсо болду
+1
aza.bek
2014-11-26 10:21:22
jok degende ozbekter menen tajikterdi utkulachy.
+1
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан