АМЕРИКАЛЫК ХИРУРГДАР 18 БАЛАНЫН ЖҮРӨГҮНӨ БЕКЕР ОПЕРАЦИЯ ЖАСАШАТ

Дүйнөгө белгилүү медицина илимдеринин доктору Уильям Новик кардиологдор тобу менен Кыргызстанда. Алар «Байгерлик.kg» («Благо.kg») коомдук фондунун чакыруусу жана «Кумтөр» компаниясынын каржылоосу менен «Наристенин жүрөгү» программасынын алкагында тубаса жүрөк кемтиги бар 18 жаш балага бекер операция жасашат. Бирок өткөн аптанын аягында келген чет өлкөлүк хирургдар 3 күндөн бери керектүү медициналык жабдыктарын «Манас» аэропортунун бажы күзөтүнөн өткөрө алышпай, натыйжада белгиленген операциялар жасалуу мөөнөтүнөн кечеңдеген. Бул тууралуу 11-ноябрь күнү маалымат жыйынында белгилүү болду.

НАРИСТЕЛЕР ҮЧҮН АР БИР МҮНӨТ КЫМБАТ
9-ноябрда АКШдан белгилүү жүрөк хирургу, медицина илимдеринин доктору Уильям Новик жана 16 кардиолог өзүнө керектүү, Кыргызстанда жок жабдыктары жана дары-дармектери менен «Манас» аэропортуна учуп келишкен. Бирок алардын хирургиялык аспаптары бар 3 чемоданын бажы күзөтүнүн кызматкерлери өткөрбөй коюшкан. Кардиолог Новиктин айтуусунда, бажы кызматкерлери анын хирургиялык аспаптарын көрүп, "бул өтө кымбат, баалуу буюмдарга бажы төлөмү каралыш керек" дешкен. «Биз
«Байгерлик.
kg» коомдук фонду менен сүйлөшүлгөн боюнча жумушубузду 2 аптага жыйыштырып, кыргызстандык жүрөк оорулуу балдарга операция жасаганы келгенбиз. Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим изилдөө институту даярдап койгон 38 жаш баланы карап, алардын ичинен абалы оор делген 18ин операцияга тандап, күндөрүнөн бери белгилеп койгонбуз. Бул наристелердин ичинен 6 балага тез убакта операция жасалышы керек, болбосо алардын күнү саналуу. Андыктан бажыдагы биздин жабдыктар батыраак хирургдардын колуна берилсе жакшы болмок»,- дейт Новик.
Мындан тышкары америкалык кардиологдордун дагы бир максаты – жергиликтүү дарыгерлер менен бирге операция жасап, жаңы ыкмаларды көрсөтүп, тажрыйба алмашуу болуп саналат. Чет өлкөлүк хирургдардын аспаптары Кыргызстанда жок. Алар өз миссиясы бүткөндөн кийин биздин дарыгерлердин колдоонуусуна өткөрүп бермек болду.

НОВИКТИ КЫРГЫЗСТАНГА АЛЫП КЕЛҮҮГӨ 80 МИҢ ДОЛЛАР КЕРЕКТЕЛГЕН
«Байгерлик.kg» коомдук фондунун жетекчиси Лейла Назгуль Сейитбек: «Новиктин Америкадагы клиникасына дүйнө боюнча ар кайсы мамлекеттерден жүрөк оорулуу балдар барып, аларга операция жасалып турат. Биз да балдарыбызды ошентип жөнөтөлү деп ойлогонбуз. Бирок андайда бир жылда 5-6 балага гана операция жасатуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөк. А бизде жардамга муктажтардын саны өтө көп, ошондуктан Кыргызстанга чакырууну туура көрдүк. Алгачкы ишибиз оңунан чыкса, кайрымдуулук операцияларын жылына үч жолу өткөрсөкпү дегенбиз. Мындан тышкары жакын арада Кыргызстанда америкалык кардиохирургдардын миссиясын түзүү да пландалууда. Ал ишке ашса, жаш балдар кардиологиясы жааты Кыргызстанда бир топ өнүкмөк»,- дейт.
Атагы чыккан Уильям Новикти жана 16 адамдан турган хирургдарды Кыргызстанга алып келүү, алардын 2 аптага созулган миссиясын ишке ашыруу, албетте, көптөгөн каражаттарды талап кылат. «Бул ирет «Кумтөр оперейтинг компани» өз жардамын берди. Жаш балдар сакайып кетишсин деп каражат жагын камсыздап берүүнү туура көрдүк. Чет өлкөлүк кардиологдордун учуп келиши, бул жерде жашаганы жана башкалары үчүн 80 миң доллар акча сарптадык. Ошондой эле медицина илимдеринин доктору Новик да керектүү болгон бизде жок хирургиялык аспаптарын, дары-дармектерин, трансплантаттарын ала келиптир»,- дейт «Кумтөр оперейтинг компанинин» туруктуу өнүгүү боюнча директору Дуглас Гриер.

«БАЛАМДЫН ОПЕРАЦИЯСЫ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ»
Элиза Күлчороева Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Ири-Суу айылынын тургуну. Ал 4 жашар баласынын жүрөгүнө операция жасатууга алып келген. Жаш энеге 3-ноябрь күнү Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим изилдөө институтунан чалып, кубанычтуу кабар айтышкан. «Бизге врачтар чалып, Америкадан белгилүү хирург келип, сиздин балаңызга бекер операция жасайт» дегенде абдан сүйүндүк. Балам Алишер жүрөгүнүн бир капкакчасы (клапан) жок болуп төрөлгөн. Анын мындай кемтиги бар экенин 6 айында билдик, ошондон бери анын оорусу менен алышып келебиз.
Буга чейин сураштырып, мындай операция чет өлкөдө 60-70 миң долларга жасаларын укканбыз. Ал эми бизде башында 250 миң сом дешкен, анан 80 миң сомго түшкөн. Бүгүн, 11-ноябрь күнү саат 12де балама операция жасалмак, таң атпай ага клизма жасатып, даярдап турганбыз. Бирок белгилүү себептерден эртеңкиге жылды, эми кандай болот деп сарсанаа болуп жаткан чагыбыз»,- дейт Күлчороева баласын кучактап.
Айта кетсек, бажы кызматы чет өлкөдөн келген хирургиялык жабдыктарды 11-ноябрь күнү кечке маал гана өткөрүп берди. Эми иш оңунан чыгар деп ишенебиз.

Элиза Күлчороева Ош облусунан операцияга келген

Наргиза Бекжанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
nargul
2014-11-17 12:22:43
МашАллах... Алып келуучулорго, келген врачтарга Алла ыраазы болсун!!!
0
belka
2014-11-17 14:12:13
Очередге жазылыш керекпи? Операция кылдырыш учун жазылгандардан терип алышты да ээ? Менин балама да ВПС деп диагноз коюшкан,мектепке баргыча операция кылыныш керек деп айтышкан эле да.
0
belka
2014-11-17 14:12:58
Супер инфо суроомо жоок алып бериниздерчи?
0
belka
2014-11-17 14:14:41
Операция кылдырыш учун очередге жазылыш керекпи? Америкалык хирургдар дагы келишеби?
0
narjan
2014-11-19 17:27:39
belka, Кардиология борбору тизмени түзгөн, алар эң оор делгенин тандашкан. Биринчи тизмеге 38 адам киргени менен дарыгерлер алардын ичиненда 18ин гана тандашкан. Эгер сиздин балаңыз Кардиология борборунда учетто болсо, аларга кайрылып тизмеге кирүүнү айтып көрүнүз.
0
jaazira13
2014-11-19 15:06:26
негизи медицина жана билим беруу тармактарына окмот жакшыле конул бурушса болмок, чала каржылоо учун гана ушундай абалга жетти. ишканалардын милдети жок демоорчулук менен алектенгене, бирок кумтор коп эле жакшы нерселерди жазап келет
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА