Эмне болду мага? Качан мен ушундай жан элем? Эмнең менен, кайсы касиет сапатың менен өзүңө байлап алдың? Кандай болсо да байладың да койдуң. Бир учур болгон, жар алдында калган эликтей жалооруган. Бир учур болгон, жашоомду аңтар-теңтер кылган. Бир учур болгон, мени жар ылдый кулаткан... Ошондо мен ишенимден да, сүйүүдөн да айрылган элем. Ал жорукту унута да, кечире да албай койдум. Кекчил экенмин, ал адамды мен ыйлагандан да жаман боздоттум. Анда да көксөөм канбады. Дагы, дагы өч алгым келди. Ал тургай ал үчүн бүтүндөй эркек аттуудан өч алгым келди. Биринин да сезимин чын деп кабыл албаганга, эч кимге байланбаганга аракет кылдым. Ушуга чейин сезимге орун бербей жашап келгем. Кээде өмүр бою ушул боюнча каламбы деп коркуп кетчүмүн.
Ким билет, ошол жамгырлуу күнү экөөбүз капысынан жолугуп калбасак, кандай болмок. Тагдырдын тайгак жолдорунда темселеп жүрдүм, жаңылдым, мүдүрүлдүм. Канча адамды жолуктурсам да баш чайкай берчүмүн. Көрсө, мен сени гана эмес, өзүмдү издеп жүрүптүрмүн. Сени жолуктурганда гана өзүмдү таптым.
Жаным, сен мени ушунчалык өзгөрттүң. Бузулбайт деген принциптеримди түп тамырынан бери буздуң. Биринчи кезиккенде «убара болбо, мен эч кимди сүйбөйм, ал сезимди менден издеп убара болбо» дегем. Ошентсем күлүп, «мени менен бир күн гана чогуу бол, андан кийин сени жайыңа коём» дегенсиң. Бир күн – дүйнөдө жылуулук бар экенин, менин да жүрөгүм бар экенин, ал кээде-кээде түрсүлдөй турганын сездирген бир күн.
Экөөбүз сүйлөшө бердик, бала бакчага барганыбыздан баштап ушул кезге чейинки күндөрүбүздүн баарын айттык, ага да ыраазы болбой, тууган-туушкандырыбызга чейин айттык. Сөзүбүз бүтүп калдыбы, кол кармаша үнсүз кете бердик. Ошол учурда ушул жол эч качан бүтпөшүн, сен берген, сенден тапкан тынчтыгым бузулбашын тилеп жаттым. Колуңду колумдан бошоттуң эле, бир аздан кийин өзүм издеп колуңду кармадым. Ошондо шарт бурула мени тиктедиң да, «колумду эч качан коё бербе, мен дагы сеникин коё бербейм. Кандай күн, кандай шарт болсо да сенин колуңду коё бербейм» дедиң. Көзүңдөн мен качандыр бир кезде жоготуп жиберген сүйүүнү, ишенимди таптым. «Коё бербейм» дедим шыбырай...
Кайсы бир учурда алсыздыкка алдырат, сөзүнөн таят дегем. Моюнума алам, эчен жолу шектенип карагам. Бирок сен сөзүңдөн кайткан жоксуң. Сүйүүңдү коргой алдың, ошону менен менин жүрөгүмдүн тагына чыгып, махабат таажысын кийдиң. Сени издеп тапкан, акыры жолуктурган тагдырыма ыраазымын. Көздөрүңдү тиктейм, андан мелт-калт төгүлүп турган бакытты көрөм. Демек, мен да бактылуумун!
Асия Алиева