«ЭЖЕЛЕРИМДИ ТАППАЙ КЕЛЕМ»
– Атам мурун үйлөнүп, эки кыздуу болгондо ажырашып кеткен экен. Кийин менин апама үйлөнүптүр. Биз 4 бир тууганбыз. 2005-жылы атам бизди да таштап, башка бир бай аялдын үстүнө кирип алды. Атамдын мурунку никесинен эки кызын издеп тапкым келет.
Угушумча, улуусунун аты-жөнү Гүлсана Апиева 1985-жылы, ал эми кичүүсү Үмүт Апиева 1987-жылы төрөлүптүр. Алар апасы менен Ош облусундагы Отуз-Адыр айылында жашаарын билдим. Апасынын аты Жыпар. Экөө тең турмушка чыгып, үй-бүлөлүү болушуптур. Кичүүсү Ош облусуна караштуу Учар айылына турмушка чыккан дешет.
Сиңдиңер Уулкан, тел.: 0557 33 67 34, Ош шаары,
Ленин көчөсү, 281-үй
«ТАЙПАЛАШТАР, КАБАРЛАШЫП КОЙГУЛА!»
– Мен 1971-1975-жылдары мурдагы Фрунзе шаарындагы Автожол техникумунун «14-Д» тайпасында бирге окуп бүтүргөн тайпалаштарымды издейм. Нарындын Он-Арча айылынан Кутбидин Дунканаев, Жети-Өгүздүн Ак-Терегинен Туратбек Деркембаев, Бактыяр Абдыкадыров, көлдүк Сапарбек Ашимбаев, Токтобек Керимбаев, Таластан Оторбек Сыдыков, Чүйдөн Гүлзина Алканова, Рыскүл Кайырбаева эсимде калыптыр. Тайпалаштар, кабарлашып койгула.
Баткендик тайпалашыңар Амирбек Калбаев,
тел.: 0772 75 10 89
«МЕЛИС, МЕН СЕНИ КҮТӨМ»
– Мен 1985-жылы төрөлгөн Мелис аттуу таанышымды издейм. Ал Жалал-Абаддын Кара-Дарыя деген жеринде жашаарын өзү айткан. Экөөбүз 2010-жылы таанышып калганбыз. 2012-жылга чейин кабарлашып турдук, кийин байланышыбыз үзүлдү. Мелис, эгер окуп калсаң мени менен кабарлаш.
Зульфия Адылбек кызы, тел.: 0708 45 88 26
«АПАМДЫ ТАППАСАМ ДА, АТАМДЫ ТАПКЫМ КЕЛЕТ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезити! Мен, Бекназарова Айгүл Сапаровна, 1985-жылы 25-декабрда Ош шаарында туулгам. Төрөлгөнүмө бир ай болгондо Ош шаарындагы бир көчөгө таштап кетишиптир. Мени таап алгандар шаардык Балдар үйүнө өткөрүп, ошол жакта чоңойдум. Чоңойгондо апамды тапканга аракет кылып көрдүм, бирок бир да документте анын аты жазылбаптыр. Документимде аты-жөнүм Бекназарова Айгүл Сапаровна деп жазылгандыктан, атам Сапар Бекназаров болсо керек деп ойлойм. Бул адамды таанып-билгендер болсо кабарлап коюңуздар. Ата-энем кимдер экенин билгим келет.
Тел.: 0778 18 08 39, 0551 18 08 39
«КУРБУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Букара айылында 1942-жылы төрөлгөн курбум Шайыр Биримкулованы издейм. Ал экөөбүз ошол айылдагы Эркин-Сай орто мектебинде, андан кийин Бишкектеги Жеңил өнөр жай техникумунда чогуу окуганбыз. Мен 1964-жылы Таласка турмушка чыгып кеттим. Ошондон бери көрүшө элекпиз. «Жети-Өгүзгө турмушка чыкты» деп уккам, күйөөсүнүн аты Абдырасул.
Гүлмира Сагыналиева,
тел.: 0550 72 97 57.
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28