«ИПОТЕКАГА ТӨККӨН АКЧАМДЫ КАЙТАРЫП БЕРИШЕБИ?»

– Ипотекага үй алгам. Үйдүн 70 пайызын төлөп бүткөм. Эми минтип төлөөгө мүмкүнчүлүгүм болбой жатат. Берген акчамды кайтарып алсам болобу?

Нуржан, Сокулук району

-Ипотекалык келишимди дыкаттык менен карап чыгыңыз. Ал жерде алдын ала төлөгөн акчаңыз кайтарылбайт деп турат. Андыктан сиз келишим түзгөн компания менен сүйлөшүп көрүңүз, мөөнөтүн жылдырып турууга же кандайдыр бир компенсация алууга болот. Акчаны толук кайтарып ала албайсыз.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
GULZAT.83
2014-11-21 21:51:01
Айиий аз калганда чыдап койсонуз болмок.
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА