Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин айылга турмушка чыккан элем. Жолдошум менен отум күйүшпөгөндүктөн, жарым жылга жетпей ажырашып кеттим да, шаарга келип, мекемелердин бирине катчы болуп ишке орноштум. Жашырганда эмне, узун бойлуу, сулууча келген шефимди бир көргөндө эле жактырып калдым. Менин өңдүү-түстүү келбетим аны деле кайдыгер калтырбаса керек, айтор, кийинки күндөрү ыңгайы келген учурда сөз менен тийише калып жүрдү.
Бир күнү мага иш кагаздары салынган бир нече папкаларды берип жатып: «Баарын карап чыкмайын кетпегин!» деп эскертти. Иш маалы аяктап, баары кетип, офисте шефим экөөбүз эле калганыбызда ал мени кабинетине чакырды. Кирип келип суроолуу карай бергенимде ордунан туруп келип, белимден имере кучактаса болобу! Эркек жытын сагынып калгандыктанбы, анын ар бир кыймылы жагымдуу сезилип, жалындаган илебине моюн сунуп, каршылык көрсөтө албай калдым. Бүткөн дене-боюм ысып, башым айланып, эңсөөм күч алып чыкты. Мунумду жаземдебей баамдаган «сүйүктүү шефим» мени көтөрүп диванга жаткырды да, эшикти ичинен бекитип келди. Үстүндөгү костюмун шашыла чечип ыргытты... Гүл ширесине жабышкан аарыдай эриндери менен эриндеримди жанталаша соруп, мени акырындап чечиндире баштады. Карылуу колдору менен сандарымды назик сылагылай кош мамагымдын үрптөрүн жаш баладай алмак-салмак соргулап жатты. Мен дагы жөн калбай анын кең далысынан кучактап, жүзүнөн өпкүлөй чачтарын колдорум менен салаалай бердим...
Эркелете саамайымдан сылап энтиге: «Алтыным, эч ким менен сенчелик кумарга баткан эмесмин!» деп шыбырады. Ошентип, шефим экөөбүз жарым жылдай жакшы мамиледе болуп жүрдүк. Кийин башка жумушка которулуп кеттим.
Айнура