«БАЛКОН КОШТУРСАМ БОЛОБУ?»

– Мен 104-сериядагы көп кабаттуу үйдө турам. Үйүбүз биринчи кабатта жайгашкан, андыктан балконубуз жок. Балкон коштуруу үчүн каякка кайрылышым керек? Негизи, коштурсам болобу?

Дамира, Бишкек шаары

–2013-жылкы Кыргыз Республикасынын турак жай кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, оңдоп-түзөп кайра курууга же кошууга көп кабаттуу үйлөргө тыюу салынган. Ошол себептен сизге балкон кошуп алууга болбойт.
Суроолорго КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана шаарды өнүктүрүү агенттигинин башкы адиси ЧЫҢГЫЗ КУБАТБЕКОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Bostery
2014-11-18 09:07:33
Болот эле азыр баары эле коштуруп жатышпайбы Кыргызстанда баары болот ал нерсеге адистин кенеши деле кереги жок анча мынча акча берип койгула дагы коштура бергиле
+1
Light
2014-11-18 11:55:44
шаарда толтур мындай улап алган уйлор,керек болсо балконунан кируучу эшик куруп алгандар бар, ушуга не деп жооп бересиз?
0
Light
2014-11-18 11:55:44
шаарда толтур мындай улап алган уйлор,керек болсо балконунан кируучу эшик куруп алгандар бар, ушуга не деп жооп бересиз?
0
OSHLYAM
2014-11-18 12:52:46
балконунуз уй болуп кетпейби анан?
0
Aksy-13
2014-11-18 17:12:29
Ооба азыр балкон турсун 1-кабаттагылар магазин деле улап алыштыго
0
Zamknutaya92
2014-11-19 23:46:44
Баары эле улап алышкан эми биз да коштурабыз деп пландаштырып жатабыз.
0
kamchatka
2014-11-24 07:14:27
Улап ала бергиле архитектурага бир обед алып берип койгула,антпесенер аларда капа болуп калышат,анан чыгып баратканда 1000 сом берип койсунар!
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА