«КӨП КАБАТТУУ ҮЙДҮН ЖЕР ТӨЛӨСҮН ИЖАРАГА БЕРИШЕБИ?»

– Биз жашаган көп кабаттуу үйдүн жер төлөсү бош турат. Кыскача айтканда, мышыктардын жашоочу жайына айланган. Мен бул жер төлөнү тазалап, тигүү цехин ачсамбы деп ойлонуп жүрөм. Ижарага алып иштетсем болобу?

Мирлан, Бишкек шаары

–2013-жылкы Кыргыз Республикасынын турак жай кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө же башка ашыкча жерлерине, чатырына кандайдыр бир ишкана ачууга болбойт. Андыктан тигүү цехин башка жайга ачууну пландаңыз.
Суроолорго КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана шаарды өнүктүрүү агенттигинин башкы адиси ЧЫҢГЫЗ КУБАТБЕКОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан