«ҮЙДҮН АЛДЫНА УНАА ТОКТОТУУЧУ ЖАЙ КУРАЙЫН ДЕГЕМ...»

– Биз жашаган көп кабаттуу үйдүн короосунда унаа токтотуучу жай аз, машина көп. Короого батпай, кыйынчылык жаратат. Мен биз жашаган короого 3 кабаттуу унаа токтотуучу жай курсамбы деп ойлонуп жүрөм. Уруксат болобу?

Жунус, Бишкек шаары

–Бул маселе боюнча, биринчиден, ошол үйдөгү тургундардын баары менен кеңешип, макулдашып алыңыз. Эгерде алар макул болсо, сиз унаа коюучу жайды куруу боюнча тиешелүү арыз менен Бишкек мэриясына кайрылыңыз. Буга катар эле үйдүн жанындагы жер тилкесинин чек арасын аныктап, бардык курулуш нормаларынын, эрежелеринин негизинде унаа токтотуучу долбоордун чиймелерин жасап чыгыңыз.
Мэрия жер тилкесин аныктап берген учурда Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгына уруксат документтерин алуу үчүн кайрылыңыз. Бардык документ колуңузга тийгенден кийин унаа токтотуучу жайды кура берсеңиз болот.
Суроолорго КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана шаарды өнүктүрүү агенттигинин башкы адиси ЧЫҢГЫЗ КУБАТБЕКОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rifle
2015-02-03 19:54:07
Япониядагыдай кылып , деп алдына курулса ынгайлуу болсо керек.
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан